#2. ЖЕТИШПЕСТИК ПСИХОЛОГИЯСЫ

Жетишпестик – бул жашоодогу дайым (убакытты, укуктун, жыргалдын, акчанын, орундун, ишенимдин   ж.б.у.с.) кайсыдыр бир нерсенин жетпегени. Бир караганда жетпегендей, тартыштай көрүнгөнү менен, чынында айланада баары жетиштүү. Бирөөгө жетпей жаткан убакытты – башка каякка сарптаарын билбей убара. Акча анда жок болгону менен – башка аны ысырап кылат. Буга жетпей жаткан кубатты

Кененирээк »

#6. КУРАНДЫН МААНИСИН ЧЕЧМЕЛӨӨ

Куранды устатысыз үйрөнө баштаган – каталар дарбазасын ачат. Абдуллах ибн Аббас пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын: «Ким Куран жөнүндө билбей бир нерсе айтса – жайын тозоктон даярдап алсын»[1] – дегенин айтат. Абу Бакр: «Эгер Куран тууралуу билбеген нерсемди жеке пикириме жөлөнүп айтсам, мени кайсы жер көтөрүп, мага кайсы асман саябан

Кененирээк »

#5. КУРАНДЫ ТҮШҮНҮҮ УСУЛДАРЫ

Курандын аяттары негизинен тафсирлөө менен түшүндүрүлөт. Тафсир – араб тилинен которгондо – бекитилген нерсени табуу дегенди билдирет. Куранды окуп, тафсирин билбеген – караңгыда падышадан буйрук келип аны окууга чырагы жок адамга  окшойт. Мужахид: «Аллахка Ал түшүргөндү билүүчүрөөгү сүйүктүүрөөк» – деген. Имам Суютий: «Куранды тафсир кылуу үчүн араб тилин, сарф-наху каадаларын,

Кененирээк »

#4. КУРАНДЫН БӨЛҮНҮП ТҮШҮҮСҮ – АНДАГЫ ДАНЫШМАНДЫК

Курандын түшүү тарыхын  үйрөнүүдө анын аяттарынын белгилүү бир окуяга багытталганына карабай,  танапис менен түшүрүлүп турганын да байкаса болот. Куран   Аллахтын өзгөчө китеби болгондуктан – өзгөчө абалда пайда болгон. Бул жөнүндө Аллах Куранда: «Биз Куранды мубарек кечеде пайда кылдык…»[1], «Биз Куранды Кадыр кечесинде пайда кылдык»[2] – дейт. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва

Кененирээк »

#3. КУРАН АЯТТАРЫ – ЫР ЭМЕС

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам 23 жыл бою Мекке мушриктери менен бул улуу Китептин аяттарын жарыялап күрөштү. Куранды  мушриктер – ыр – деди.   Аллах  Куранда: «Эгер Биз пендебизге түшүргөн нерседе шек санасаңар, ага окшогон кичине болсо да  бир сүрөнү алып келгиле…»[1],  «…жиндер менен адамдар бир ушундай сүрө апкелсинчи…» –деди. Алар

Кененирээк »

#2. КУРАН КЕРЕМЕТИ

Инсаниятты  оңой ишендирүү   үчүн  Аллах пайгамбарларына   доорундагы эң өнүккөн багыттан мөжиза[1] көрсөтүп турган. Мисалы, Муса а.с.дын доорунда сыйкырчылык туу чокусуна жетип, көз бойомочулук катардагы эле көрүнүшкө айланган жана Муса а.с.  фараонду ынандыруу үчүн аса таягын жыланга, а дарыяларды аккан канга айлантып, асмандан бакаларды жаадырып чыныгы мөжизаларды көрсөттү. Мунун акыйкат экенине

Кененирээк »

#1. КУРАН ТУУРАЛУУ АЛГЫ СӨЗ

Аллах сан жеткис планеталарды жаратып, арасынан жер шарын өтө көркөм кылып кооздоду. Анда түрүнө сан жеткис өсүмдүктөрдү, жан-жаныбарларды жашатып, арасынан адам затынын мертебесин улуу кылды.

Кененирээк »

ТАРТИПСИЗ ТАМАКТАНУУНУН КЕСЕПЕТТЕРИ

Туура эмес же тартипсиз тамактануудан адамдын денесинде, соң жашоосунда да бир катар өзгөрүүлөр пайда болот. Анын денеси илдеттерге бута болуп, аларга каршы туруу турумуна доо кетет. Клеткалары арып, ткандары, анан органдары иштен чыга баштайт. Мээнин арыганынан интеллекти алсыздап, ой жүгүртүү ылдамдыгы жана маңыздоосу төмөндөйт. Натыйжада, жашоосу өзгөрүп, мурдагы байланыштардын, баалуулуктардын

Кененирээк »

КИРИШҮҮ

Аллах адамды эң көркөм келбетте жана чебер өлчөмдө жараткан, тагыраагы анын жашоосу физиологиялык кажеттерин жана инстинкттерин туура канааттандырууга негизделген. Коркуу, сыйынуу, жан сактоо сымал инстинкттери канааттанбаса кайсыдыр мөөнөткө чейин кыжаалат жашаганы менен өмүрүнө олуттуу коркунуч жок. Ал эми тамактанбаса, уктабаса, дааратканага барбаса анын өмүрү набыт болот. Бирок, адам көбүнчө инстинктери

Кененирээк »

ИШТЕРДИН ЭҢ АБЗЕЛИ – КЕЛЕЧЕКТЕ ПАЙДА БЕРГЕНИ

Күндө жаңыланып турган миң түркүн техника, акыл карыткан технологиялар, асман –жерди чиелеп салган байланыш каражаттары, кийсе чечкиң келбеген кийимдер, көз жоосун алган имараттар, кыял жетпеген тездик… сымал жетишкендиктер  азыркы заманбап адамдын жашоосун чырмооктой ороп, бир караганда кызык көрүнөт. бирок, үңүлгөн адам, тетирисинче андагы өлкөн түйшүктү байкайт. Дайым чуркамай, убакыт тартыштыгы…

Кененирээк »

СЕМИЗДИК

Семиздик чындыгында оор илдет. Болгондо да адамды байкатпай каптаган оору. Бир караганда бир аз толмоч көрүнгөн адам адатта, семире баштаганына анчейин маани бербейт жана көп өтпөй анын кан басымы көтөрүлүп, тез чарчап, дем алуусу оорлоп, маанайы кыжыл, мүнөзү тажаалданып баштаганда же тааныштары айтканда гана курсагы салаңдап, денесин май басып калганын

Кененирээк »

БИЗДИН ЖАШОО ЧЫНЫНДА КЫЗЫК

Күндүн бейнесин издеген мамилелердин түркүнүн көрөт. Алардын арасында суктантканы, жашытканы, кыжырдантканы жана кубантканы сан жеткис. Бирок ошол эле учурда жооп издеткени да толтура.  Мисалы,  Биздин имараттыбыз бийиктеген сайын сабырыбыз төмөндөп барат. Жолдорубуз кеңейген сайын көз караштарыбыз тараюуда. Көп коротобуз, көптү сатып алабыз, бирок коротконубузга нараазыбыз, сатып алганыбызга кубанбайбыз. Чоң үйлөрдү

Кененирээк »

ИБРАХИМ АДХАМ ОКУЯЛАРЫ

Орто кылымдарда кол астындагы аттарынын туягы дүйнөнүн төрт тарабына чапкан улуу мусулман аскери, миңдеген сарай кызматкерлери, дүңгүрөп өсүп турган мусулман шаарлары бар Басранын өкүмдарынын сарайынын чатырында түн ката бирөөнүн ары бери чуркаган үнү угулат. Таттуу уйкуда жаткан султан чатырдан угулган үнгө чочуп ойгонот. Буга чейин мындай болгон эмес, эмне болуп

Кененирээк »

УЛАКЧАЛЫК ЭМЕС

Бир жолу пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам сахабалары менен базардан өтүп баратып, анын четиндеги арыкта өлүп жаткан улакты көрөт. Анын алдына барып, кулагынан бир аз өйдө көтөрөт да, карап турган сахабаларына: «Бул улакты ким бир дирхемге сатып алат?» — деп кайрылат. Сахабалары пайгамбарыбызды таарынткылары келбесе да «Эй, Аллахтын элчиси! Мунун

Кененирээк »

ИБРАХИМ ПАЙГАМБАР ТУУРАЛУУ

Ибрахим пайгамбар азыркы Ирактын  аймагында мындан 4 миң жылдан ашуун убакыт мурда, көзү ачыктык, палчылык, бутпарастык адатка айланган, жашоо нугу бакшылардын (жрецтердин) ырым – жырымдары менен башкарылган коомдо төрөлгөн.  Теги чоң бакшылардан чыккан, белгилүү бут[1] устанын уулу Ибрахимди да аталарынын жолун жолдоп, келечекте чоң бакшы болоорун күтүшкөн. Бирок Аллах ага

Кененирээк »

МЕН КӨРГӨН НАМАЗДАР

Мен бир жолу жолум түшүп, шаардагы мечиттердин бирине намазга кирип калдым. Бир аздан соң жаныма бирөөнү жетелеп келип отургузуп койушту. Анын көздөрүнүн азиздигин намаз башталганда эле байкадым. Намаз бүткөн соң эмнегедир дароо туруп кетким келген жок, аны кепке тарттым.  Курагы  менден жаш, кайсыдыр айылда турат экен. Көздөрү  энеден азиз туулган

Кененирээк »

МЫШЫК МОЛДО

Өткөндө Камчы досум чайга чакырыптыр. Көзү өткөн ата-энесине Куран окутуп койоюн деп белгилүү Абжалил дамланы да алдырыптыр. Молдоке менен көптөн бери көрүшө элек экенбиз, сөз бүтпөйт. Кеп арасында намаз окугандар жөнүндө сөз башталып кетти. — Мурда намаз окуйт десе беш убак намазды түшүнчүбүз. Азыр бир маал эле окуйм дегендер пайда

Кененирээк »

АБУ БАКРДИН ШЫМЫНЫН БАГЕЛЕГИ

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам Ислам үммөтүнүн негиздөөчүсү жана көзү өткөнгө чейин аны тарбиялады. Ал ошондой эле мусулман коомундагы ар бир мамилени,  кубулушту тыкан күзөтүп, ар кырдаалга жараша чечим берип, анын аткарылуусун да көзөмөлдөп турган. Эч бир нерсени майда деп көз жаздымда калтырган эмес. Өзүнүн да: “Эч нерсени майда көрүп

Кененирээк »

ЭМНЕГЕ ПАЙГАМБАРЫБЫЗГА ҮЙҮНДӨ КОЛ САЛГАН ЭМЕС?

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын өмүр баянына кызыккан адам, аны изилдеген сайын жаңы кыйрлар ачыла берет. Жөнөкөйгө көрүнбөгөн маселелерди ойлоно баштайт жана күтүлбөгөн жооптор табылат. Ал эми кээ бир суроолорго жооп табуу үчүн бүтүндөй китептерди окуп чыгууга туура келет. Бүгүн мен силер менен пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын Меккеден Йасрибке

Кененирээк »

УМАРДЫН ӨЛҮМҮ

Мусулмандардын жетекчиси, Умар ибн Хаттаб жашоосун такыбалыктын туу чокусунда өткөрдү. Анын бийлигинде мусулман үммөтү чоң ийгиликтерге жетишти. Мадина мамлекеттүүлүгүнүн бир катар негизги устундары тургузулду. Ошентип, Умар бир күнү жамаатка имамдык кылып, багымдат намазын окуп жатканда Абу Лулу аттуу отпарас анын артынан келип канжар сайды жана качып жөнөдү. Аны кармашты. Умар

Кененирээк »

УМАРДЫН АКЫРКЫ АЖЫЛЫГЫНДАГЫ КУТБАСЫ

«Лаббайк! Аллахумма лаббайк!» — деп тальбия айткан миңдеген адамдын үнү Меккеге алыстан эле угулган. Ак ихрамга оронгон мусулмандар бул сапарга бир канча күн мурун чыгышкан. Мээ кайнаткан күндүн ысыгына карабай алар Меккеге жеткенге чейин, жарытып деле эс алышкан жок. Тетирисинче көздөн учкан Каабага тезирээк жетүү үчүн өздөрүн аяшпады. Тальбиясын да

Кененирээк »

МЕККЕ ЭЛИ ЭКИГЕ БӨЛҮНҮП КАЛДЫ

Сахабаларды урса, сабырдуулук кылчу болушту. Бирок айткандарын токтотушпады. Куранды ачык окуганы үчүн коргоп алаар эч кимиси жок Абдуллах ибн Маъсудду мушриктер Каабанын алдында эси оогонго чейин сабашты. Ал кулап, чаңга буланды, аягы сүйрөп баратса да Куран окуганын токтотподу. Алсыздары күчтүү болуп, күчтүүлөрү боорукер болуп калышты. Аларды урушуп, сөгүшсө тынчтык менен

Кененирээк »

УМАРДЫН АТАСЫ

Умар ибн Хаттаб эс тарта баштаган бала кезинен эле түйшүк менен алек болуп чоңоюптур. Аны атасы бала деп аяган эмес дешет. Умардын балалыгы, тестиер курагы деле каардуу чөл менен алпурушуп, төө багып өттү. Меккеге айлап келчү эмес. Келсе да аны атасы дароо кайра жайытка айдачу. Бул жолу да Умар шаарга

Кененирээк »

INSTAGRAM:@MYKTYBEK.ARSTANBEK

▪️Мээ токтоткон ойлор ▪️Ойготуучу сөздөр ▪️Өзгөртүүчү демилгелер

INSTAGRAM: @IAKADEMIASY

ИЙГИЛИК АКАДЕМИЯСЫ📍SMM 🌀БИЗНЕС 🌀ЖЕКЕ ӨНҮГҮҮ 🌀ТРЕНИНГ, СЕМИНАРЛАР 🇰🇬КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ
ЖАЗЫЛУУ
Яндекс.Метрика