2. ТАРТИПСИЗ ТАМАКТАНУУНУН КЕСЕПЕТТЕРИ
Туура эмес же тартипсиз тамактануудан адамдын денесинде, соң жашоосунда да бир катар өзгөрүүлөр пайда болот. Анын денеси илдеттерге бута болуп, аларга каршы туруу турумуна доо кетет. Клеткалары арып, ткандары, анан органдары иштен чыга баштайт. Мээнин арыганынан интеллекти алсыздап, ой жүгүртүү ылдамдыгы жана маңыздоосу төмөндөйт. Натыйжада, жашоосу өзгөрүп, мурдагы байланыштардын, баалуулуктардын ордун жалкоолук, соргоктук ээлеп калат. …