УУЛ МИЛДЕТТЕРИ

ДАГЫ БИР ЖОЛУ АТАНЫН ДАРАЖАСЫ ТУУРАЛУУ

Үй-бүлөөдө атанын укугу чоң.  Себеби Аллахтын алдында атанын балдары, жубайы жана үй-бүлөөсү үчүн   жоопкерчилиги да зор. Анын милдети – үй-бүлөө мүчөлөрүнүн  курсагы ток, үстү бүтүн, бирөөнүн зомбулугусуз жашоосун камсыз кылуу, аялына жакшы кароо, балдарын  коомго пайдалуу кылып өстүрүү, а негизгиси Аллахтын алдындагы жоопкерликке тарбиялоо. Бул тапшырманы аткаруу  үчүн атага балдарынан талап кылуу укугу берилген жана  …

ДАГЫ БИР ЖОЛУ АТАНЫН ДАРАЖАСЫ ТУУРАЛУУ Читать полностью »

ЭНЕ ЖАНА ЖУБАЙ

Бир канча жыл мурда келининен таяк жеген кемпирдин абалы тууралуу кайсыдыр гезитке чыккан макала эсиме түштү. Бул окуя өз убагында мага аябай катуу таасир калтырган эле. Келини сабаганы аз келгенсип, уулу да  кемпирди кыштын кычыраган суугунда көчөгө кууп чыгыптыр. Ызгаардуу кышта ээн талааны бойлоп кеткен көчөдө араң баскан кемпирдин сөлөкөтү көзүмдөн кетпейт. Күүгүм кирээрде анын …

ЭНЕ ЖАНА ЖУБАЙ Читать полностью »

АТА-ЭНЕНИН КӨЗҮ ӨТКӨНДӨН КИЙИНКИ МИЛДЕТТЕРИ

Ошентип, ата-эненин көзү өтүп, түбөлүк мекенине жол тартты. Уул сөөктү берип, Куран аяттарынан окуп, эл тараган соң атанын ордун өзү ээлейт. Бирок ал ата-энесинин алдындагы милдеттеринен дагеле кутула элек. Ал алардын аркы дүйнөдө да камсыз болушуна кам көрөт. Ал уулдун ата-энесинин көзү өткөндөн кийинки милдеттерин аткаруу менен ишке ашат. Оболу уул ата-энеси калтырган осуяттарын орундатуу, …

АТА-ЭНЕНИН КӨЗҮ ӨТКӨНДӨН КИЙИНКИ МИЛДЕТТЕРИ Читать полностью »

АТА-ЭНЕНИН ТАЗИЯСЫНДА ЫСЫРАПКА ЖОЛ БЕРБӨӨ

Бисмилляхир Рохманир Рохийм! Сөөк коюу кыргызда өзгөчө мааниге ээ болгон салт. Анткени, андагы ар бир жөрөлгө кылымдар бою калыптанып даанышмандыгы азыр да таң калтырбай койбойт. Шариат өлүк турган үйдө тамактанууга тыюу салат жана сөөк ээлерин аза күндөрү кошуналары же жакын арадагы туугандары азыктандырып турушат. Көчүп жашаган кыргыздарда аралык адатта алыс болгондуктан сөөк койоор туугандары, куда-сөөктөр …

АТА-ЭНЕНИН ТАЗИЯСЫНДА ЫСЫРАПКА ЖОЛ БЕРБӨӨ Читать полностью »

АТА-ЭНЕНИН СӨӨГҮН ТЕЗ КОЮУ

Ар бир уулдун башында жетимдик бар. Жоготуу канчалык оор болбосун, уул сабырдуулуктун үлгүсүн көрсөтүүсү зарыл. Сабырдуулук – ата-эненин сөөгүн акыркы сапарына урматына жараша узатуу. Эң оболу уул ата-эненин карылыгынан эле алардын узап баратканын байкап, алдын ала өзүн даярдап, алдыда боло турган кажеттерди да эсептей жүргөнү туура. Суук кабар жетсе дароо өзүн таштап койбой, күйүтүн жутуп, …

АТА-ЭНЕНИН СӨӨГҮН ТЕЗ КОЮУ Читать полностью »

АТА-ЭНЕНИН ЖАНАЗАСЫН ӨЗҮ ОКУУ

Жаназа мусулмандын Шариат бекиткен урматы жана сөөктүн тирүүлөрдөгү акысынын бири. Мусулман башка мусулмандын жаназасына туруусу коомдук милдет. Эгер жаназага эл турбаса, Аллах алдында бүт коом күнөөлүү болот. Анын үстүнө Аллах мусулмандын сөөгүн жаназасына жараша кабыл кылат дешет. Ошондуктан жаназага адам көп жыйылса, сөөккө ошончо пайда. Жаназа да намаз болуп эсептелет жана ал жамаат менен окулат. …

АТА-ЭНЕНИН ЖАНАЗАСЫН ӨЗҮ ОКУУ Читать полностью »

БАШКАЛАРДЫН АТА-ЭНЕСИНЕ ДА ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛУУ

Бир күнү шаарга түшүп баратып, кайсыдыр аялдамадан автобуска бир абышка чыгып калды. Ал байкабай чыга бериште турган бир жигиттин бутун басып алды. Алдагы сыланкороз жигит окшойт, карыяны тилдеп кирди, абышка да жоош экен. Унчукпай кутулду. Албетте, куник көрүнүш, ойго салат. Көп өтпөй ал эргул да түшүп калды. Жанымда отурган бирөө анын айылдашы экен. Ал үйүндө …

БАШКАЛАРДЫН АТА-ЭНЕСИНЕ ДА ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛУУ Читать полностью »

АТАНЫН НАЗАРЫ ТУУРАЛУУ

«Атанын назарынан калган бала этеги көчүгүнө жетпей өтөт» — дечү экен илгери элде. Ата назары тууралуу оор кептер айтылып, муну угуп чоңойгон уулдар чындыгында өз сакалы агарса да атасынын алдында үн катпай турат. «Эненин сөзү – бок, атанын сөзү – ок» — дегени бар элдин. Түшүнгөн адамга бул кепте нараазы болгондо ата-эненин айткан сөзү а …

АТАНЫН НАЗАРЫ ТУУРАЛУУ Читать полностью »

АТА-ЭНЕГЕ ТААЗИМ КЫЛУУ

Тан берүү – атанын же эненин кайсыдыр ишине кайыл болуу, ал иштин түйшүгүн туура баалап, андагы кайратты, чечкиндүүлүктү татыктуу баалоо. Мисалы, уурулугу жок, адал тамак таап баккан атанын эрдигине тан бербей болбойт жана уул  бул кайратты дайым белгилеп, атасынын жоомарттыгына кайыл болгону анын атасына тан бергени. Же ден соолугунун начардыгына карабай, көз жарган энеге да …

АТА-ЭНЕГЕ ТААЗИМ КЫЛУУ Читать полностью »

АТА-ЭНЕДЕН КАБАР АЛЫП ТУРУУ

Ата-эне ооруса бала-чакасын көргүсү келет. Чакыртса бара калган дурус. Оорусуна калп эле кайгырымыш болуп көңүлүн чөктүрбөй, тетирисинче тамашалап, эркелеп же эркелетип, дартынан алаксыткан жакшы. Ооруусу өтүшүп кеткенде карайт биздикилер. Алардын ден соолугун мурдатан алдын алып карап келсе, дени соо карыйт ата-эне. Бул жагдайда келиндин ролу да чоң, уул адатта иш менен алаксып калат, анын эсине …

АТА-ЭНЕДЕН КАБАР АЛЫП ТУРУУ Читать полностью »

УУЛДУН ДАСТОРКОН БОЮНДАГЫ АДЕБИ

Дасторкон үй-бүлөөнү бириктирген, бир ойго, бир туйгуга бөлөй алган негизги майдан жана анын боюндагы отуруштун да өзүнө жараша адеп-талаптары кылымдар бою калыптанып келген. Анын үстүнө кыргызда үй-бүлөөгө тиешелүү дээрлик бүт маселе дасторкон жээгинде чечилген. Ага отурган адамдын татыктуулугу, алган тарбиясы жана адеби сыналган, бааланган. Ошондуктан кыргыз атасы уул-кыздарына эң оболу дасторкон боюнда өз ордун таап, …

УУЛДУН ДАСТОРКОН БОЮНДАГЫ АДЕБИ Читать полностью »