АЖЫЛЫК САЛТАНАТЫ

70. ҮЙГӨ КАЙТТЫК

Ошентип, ажылык да аягына чыкты. Азыдыгына карабай бул убакыт кылымга тете күндөрдөн турду. Заматта, тирүү туруп Кыяматты көргөндөй болду, ажы. Канчалаган пикирлеш, эчендеген дос тапты. Белгиленген убакытта, ажылар көнүп калган автобустар кайра мейманкананын алдына келип туруп калышты. Ажылар жүктөрүн жүктөп, өздөрү да орундарын ээлешкен соң автобустар бул жылы акыркы ирет аларды ташып, шаардан чыгып Жидда …

70. ҮЙГӨ КАЙТТЫК Читать полностью »

72. КУРАН ЖАНА СҮННӨТТӨГҮ АЖЫЛЫК ТУУРАЛУУ ӨКҮМДӨР

Ажылыктын өкүмдөрү Ислам фикхинде вылымдар бою кынтыксыз чечилген жана анын аткарылуу тартиби ар бир мазхаб жеткиликтүү түшүндүрүп бере алат. Ошентсе биз ажылык тууралуу Курандагы аяттарды жана пайгамбарыбыздын хадистерин түп нуска маанисинде тиркедик. Айтмакчы, бул тиркеме билимдүүлөрдү түшүндүрүүлүсүз колдонууга негиз эмес. «Байтуллага саякатка мүмкүнчүлүгү барларга, Аллахтын алдында аларга ажылык милдет. Бул милдеттен баш тарткандарга: Аллах бай жана бул дүйнөгө …

72. КУРАН ЖАНА СҮННӨТТӨГҮ АЖЫЛЫК ТУУРАЛУУ ӨКҮМДӨР Читать полностью »

71. ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН АЖЫЛЫГЫ

Аллахтын дини Араб жарым аралына пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын көзүнүн тирүүсүндө эле жеткен жана араб уруулары аны кабылдап, Ислам мыйзамдары менен жашап баштаган. Аллах Өзүнүн пайгамбарына жыйырма үч жылдык кыйынчылыкка өжөрдүк менен каршы туруп, тараткан чакырыгынын натыйжасын тирүүсүндө эле көрүүнү насип кылды. Бирок муну менен пайгамбарлыктын да бүтүп баратканы маалым боло баштады. Өзүнүн милдети аяктап калганын …

71. ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН АЖЫЛЫГЫ Читать полностью »

69. КААБА МЕНЕН КОШТОШУУ

Мина өрөөнүндөгү күндөр аяктап, ажылар кайрадан Меккеге кайтышат. Алардын артынан  эле өрөөнгө ажылык министрлигинин миңдеген кызматчылары кирип, ар бир чатырдагы абалды карап, андагы токторду өчүрүп, ичин тазалап, килемдерин кайра түрүп ташый баштайт. Ажылар түз эле Масжидуль-Харамга келишип, пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын: «Эч ким Аллахтын Үйү менен коштошмоюнча Меккеден чыкпасын» — деген буйругуна ылайык Каабаны …

69. КААБА МЕНЕН КОШТОШУУ Читать полностью »

67. ЧАЧ АЛДЫРУУ ЖАНА ИХРАМДАН ЧЫГУУ

Эми кезек чач алдырууга жетти. Ажылар чачын адаттагыдай эле мейманканага келип алса да болот. Анын үстүнө мейманканада жуунуп таранып алганга жана ихрамдан чыгып, жөнөкөй кийим кийгенге толук шарт. Бирок көпчүлүк Масжидуль-Харамдын тегерегиндеги чачтарачтарга кирип чачтарын кырдырып, анан мейманканаларга кайтышат. Чач алдыргандардын арасында «эртеси жумушка чыгаарын шылтоолоп» чачын жөн эле кыскартып койгондор да кездешет. Пайгамбарыбыздын ажылыгында бирөө: …

67. ЧАЧ АЛДЫРУУ ЖАНА ИХРАМДАН ЧЫГУУ Читать полностью »

66. ЗЫЯРАТ (ИФААДА) ТООБУ

Бул күнү Каабаны тооп кылуу үчүн келген элдин санын эсептөөгө мүмкүн эмес. Акыркы жылдары бул күнү тооп кылуу элдин тыгынынан такыр оор боло баштады. Элдин көптүгүнөн Каабаны бир айлануу кээде бир канча саатка созулчу болду. Анын үстүнө жай айларындагы күндүн ысыгы да ого эле катуу түйшүк жаратат. Тооп учурунда чыгып кетүү да анчейин оорго турат. Ошондуктан …

66. ЗЫЯРАТ (ИФААДА) ТООБУ Читать полностью »

65. ЖАМРАТ

Бул күн Ислам тарыхында Ибрахим пайгамбардын аты менен тыгыз байланышкан. Тагыраак айтканда Ибрахим пайгамбар түшүндө Аллахтын сүйүктүү уулу Исмаилды курмандыкка чалууну буюрганын көрөт. Жөнөкөй түш эместигине ынанган соң Ибрахим пайгамбар ниетин уулу Исмаилге жана аялы Хаажарга айтат. Алар Аллахтын буйругуна баш ийип, макулдугун билдиришет. Ибрахим пайгамбар Исмаилди Муздалифа өрөөнүндө ээрчитип баратканда, алдынан Шайтан чыгат. Ал: …

65. ЖАМРАТ Читать полностью »

64. ТУННЕЛДЕР

Ажылар Мина өрөөнүнөн чыгып, Жамратка чейинки үч чакырымдай аралыкты ар кандай жолдор менен жөө басып өтүшөт. Жолдор кенен, ар бири эки катардан турат. Тагыраагы таш ыргытканы бараткан жана андан кайткан ажылардын агымы бири-бирине тоскоолдук кылбайт. Жолдордун дээрлик ар бири тоолорду тешип өткөн кенен туннелдер аркылуу өткөн. Туннелдер да эки тарап каттону камсыз кылуу үчүн эки тараптуу …

64. ТУННЕЛДЕР Читать полностью »

63. КУРМАНДЫК

Курмандык чалуу ажылыктын өзгөчө ибадаты жана ага ажы башчылар Меккеге келгенден баштап кам көрө баштайт. Тагыраак айтканда Меккеде жана Мадинада билим алып жаткан студенттердин кээ бирлери ажылык маалында курмандык үчүн жандык сатуу менен бир аз чөнтөк пул иштеп алгандары бар. Алар адатта өз жердештерине кайрылышат жана ажы башчылар тобундагы ажылардан чогулткан акчага көбүнесе алардан мал сатып алышат. …

63. КУРМАНДЫК Читать полностью »

62. МУЗДАЛИФАДА ТҮНӨӨ

Муздалифа өрөөнү Арафат тоосу менен Мина өрөөнүнүн ортосуна жайгашкан. Анын чыгышы тоолор, батышы түздүк менен чектелген жана аны жарып өткөн жолдон атайын тор менен курчалган. Айтмакчы, Ибрахим пайгамбар уулу Исмаилди курмандыкка чалуу үчүн ушул өрөөнгө алып келгени айтылат. Муздалифа Мина өрөөнүнө карганда алда канча кууш жана тар. Ал жерге ажылардын баарын батыруу үчүн анын чеги …

62. МУЗДАЛИФАДА ТҮНӨӨ Читать полностью »

61. ДУБА ТУУРАЛУУ

Дуба мусулмандын ибадатынын жарымы. Мусулман дубасынын кабыл болуусу менен өзгөчөлөнөт жана дуба анын негизги куралы да, Аллах менен болгон байланыш каражаты да болуп эсептелет. Аллах: «Мага дуба кылып кайрылгыла жана Мен силердин дубаңарга жооп беремин. Чындыгында, Мага кулдук кылбай калганча бой көтөргөндөр Тозокко кемсинип киришет» — дейт. Аллах Куранда дагы: «Эгер сенден кулдарым Мен тууралуу …

61. ДУБА ТУУРАЛУУ Читать полностью »