МЕНИН ДИНИМ — ИСЛАМ!

3. ҮММӨТ АБАЛЫ

Бир түнү уктай албай кечтим   азап, Билбейм, жообун таппайм, түн узап, Билгендер,  айткылачы, акыл калчап, Бирикпеди , мусулмандар улам  тарап.   Жашоо үчүн алпурушуп, далбастап, Жалган айтуу адат болду бул үммөткө. Жалдыратып, кол караткан алдууга, Жалкоолук адал болду бул үммөткө.   Жакшысын билбей, жаманды жалгап, Жарын кордоо салт болду бул үммөткө. Жаштарын жалмап, кайратын камап, …

3. ҮММӨТ АБАЛЫ Читать полностью »

1. ЭМНЕГЕ БҮГҮН МУСУЛМАНДАР АЛСЫЗ?

Бүгүн чындыгында мусулмандар саны жагынан көбөйүүдө. Бирок алар көптүгүнө карабай, азчылыкка баш ийет. Адептүү болгонуна карабай адепсиздерге тебеленет. Кыйынчылыктан чыгууну билгени менен кыйналып жашайт. Аллах алардын мертебесин көтөргөнүнө карабай наалаттагандардан көз каранды. Колундагы зор күчтү баалабайт да дайым эзүү астында. Туура жолдо баратса да кемсинүүдө. Эмнеге? Менимче алар эң оболу  беш убак намаз окуса да Аллах менен …

1. ЭМНЕГЕ БҮГҮН МУСУЛМАНДАР АЛСЫЗ? Читать полностью »

2. ҮММӨТТҮН ТӨМӨНДӨӨ СЕБЕПТЕРИНЕ САРАСЕП

Мусулман үммөтүнүн бүгүнкү төмөндөөсүн  түшүнүү үчүн анын тарыхый себептерин изилдөө зарыл. Анткени, азыркы абалдын тамыры илгертен башталганы сыр эмес. VIII-кылымдын ортосунда, халиф Маймундун доорунда байыркы грек (юнон), рим философторунун эмгектерин араб тилине которуу кыймылы башталган. Андагы которулган эмгектер аркылуу үммөткө акыйда маселелеринде жат пикирлер жайылган. Ага чейин мусулман пикиринде Аллахтын заттык жана сыпаттык касиеттеринде, тагдыр …

2. ҮММӨТТҮН ТӨМӨНДӨӨ СЕБЕПТЕРИНЕ САРАСЕП Читать полностью »

4. РАМАЗАНДЫН ЖЕТИ СЫРЫ

Адатта, бир жылда бир келген Рамазанда Аллах мусулмандар үчүн кубанычтын дарбазаларын ачып, сооптордун эгинзарын  төшөп, пенделеринен берекесин аябай чачат. Андан тышкары бул айда мусулмандар өз ара да өзгөчө мамилелерге өтүшөт. Бири-бирин кечиришет жана өздөрү да кечирилишет. Башкаларды сыйлашат жана өздөрү да сый көрөт. Башкалар менен ырыскысын бөлүшөт жана алар менен да башкалар бөлүшөт. Бир сөз …

4. РАМАЗАНДЫН ЖЕТИ СЫРЫ Читать полностью »

5. КААПЫР

Ататта, эл атеистти[1]каапыр деп келген. Таң калыштуусу эч бир атеист кудайды жок дегени менен өзүн ыймансызмын дебейт. А чынында аларды каапырдан да мурда ыймансыз (ишенбеген) деп атоо туура болмок. Анткени, ыйман – Аллахтын барлыгына, Анын жалгыздыгына, пайгамбарларына, китептерине, периштелерине, кайра тирилүүгө, Кыямат сотуна, акыретке, жакшылыгы жана жамандыгы Аллахтан гана боло турган тагдырга ишенүү делет. Атеист …

5. КААПЫР Читать полностью »

6. ЖИХАД ТУУРАЛУУ  ИЗИЛДӨӨДӨН ҮЗҮНДҮ

Жихад арабчадан сөзмө сөз умтулуу деп которулат. Ислам бул сөзгө өзгөчө маани берип, Аллах жолундагы тырмышуу деп түшүндүрөт жана Кураанда ат атооч катары 4, ар кандай этиш формасында 29 аятта кездешет. Ошого карабай көпчүлүк Ислам изилдөөчүлөрү бул түшүнүккө куралдуу согуш маанисин гана берип, жихаддын чыныгы табияты ачылбай, тетирисинче диний экстремизм катары гана каралып калды. Батыш …

6. ЖИХАД ТУУРАЛУУ  ИЗИЛДӨӨДӨН ҮЗҮНДҮ Читать полностью »

7. АЛЛАХТЫН ИМПЕРИЯСЫ

Адамзатынын тарыхы изилдегенге өтө кызык. Андагы ар бир кубулуш тыкан иликтөөнү талап кылат. Акыркы убактарды Ислам дини, анын табийгаты, мусулман коому, анын башынан өткөн тарыхый баскычтар көптөгөн изилдөөчүлөрдү өзүнө үңүлтүп, кылымдар бою маанилүүгү артып келген илимий мурастардын жаралуусуна шарт түзөт. Ислам тарыхы өтө кызык ачылыштарга бай кубулуш. Аны түшүнүү үчүн алгач анын калыптануусун шарттаган  Араб …

7. АЛЛАХТЫН ИМПЕРИЯСЫ Читать полностью »

8. МУСУЛМАН

Мусулман сөз төркүнүндө моюн сунуучу дегенди туюндурат. Адам  Аллахка моюн сунуу үчүн алгач Аны табуу зарыл. Анүчүн адамга акылы жетиштүү. Анткени, акыл ага жаратуучусун табуу үчүн берилген. Антпесе, анын тиричилигине инстинкти деле жетиштүү болмок. Адам  Аллахын тапкан соң Анын динин үйрөнөт. Дин адамдын ченелбеген, өлчөнбөгөн, илим толук түшүндүрө албаган жашоосу, аны камсыздап турган чөйрөсү жана  …

8. МУСУЛМАН Читать полностью »

9. КҮБӨЛҮКТҮН КАБЫЛ БОЛУУ ШАРТТАРЫ

Ислам дини адамзатына берилген жакшылык жана жеңилдик. Аны Аллах Өзү Ислам деп атады жана аны адамдарга ыраа көрдү. Ислам адам, анын жашоосу жана аны камсыз кылган чөйрөсү тууралуу толук кандуу маалымат берет. Ошондуктан Ислам дини – эрежелердин төрөсү. Эрежесиз жашоонун тарткылыгынан өткөн кесепет жок.  Адам Аллахтын алдында дини менен гана өзгөчөлөнөт. Ислам динин кабылдоо оңой. …

9. КҮБӨЛҮКТҮН КАБЫЛ БОЛУУ ШАРТТАРЫ Читать полностью »

10. МУСУЛМАН ЖАНА КААПЫР

Аллах адамды өтө чебердик жана ченемсиз махабат менен жаратат жана аны жөн калтырып койбойт. Ага  анын жашоо чөйрөсүн, андагы мыйзам чененмдүүлүктөрдү түшүндүргөн жана аларга шайкеш жашоо эрежесин – динди  берет. Ошондой эле Аллах адамга  ал  эрежеге баш ийүү же андан баш тартуу  мүмкүнчүлүгүн да берет. Дин менен жашоону тандагандар – Бейишке, динсиздикти – ээн баштыкты …

10. МУСУЛМАН ЖАНА КААПЫР Читать полностью »

11. КУРМАНДЫК ТУУРАЛУУ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

Курмандык чалуу ар бир элдин ишенимине жараша байыртан болуп келген маарасимдерден. Кыргыдар да бул маарасимди кенен колдонгон бирок, Ислам дининин тароосу менен курмандык диний тартипке келген. Курмандыкты түшүнүү үчүн анын негизин, т.а. ажылыктын бүтүүсүнө байланган курман айтты кароо зарыл. Ажылык[1]  – тилдик маанисинде макталган жерге ниеттенүү, умтулуу, ал эми диний  маанисинде — жылдын белгиленген мөөнөтүндө …

11. КУРМАНДЫК ТУУРАЛУУ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ Читать полностью »

Яндекс.Метрика