АЖЫКЕДЕН САБАК

2. ТАРТИПСИЗ ТАМАКТАНУУНУН КЕСЕПЕТТЕРИ

Туура эмес же тартипсиз тамактануудан адамдын денесинде, соң жашоосунда да бир катар өзгөрүүлөр пайда болот. Анын денеси илдеттерге бута болуп, аларга каршы туруу турумуна доо кетет. Клеткалары арып, ткандары, анан органдары иштен чыга баштайт. Мээнин арыганынан интеллекти алсыздап, ой жүгүртүү ылдамдыгы жана маңыздоосу төмөндөйт. Натыйжада, жашоосу өзгөрүп, мурдагы байланыштардын, баалуулуктардын ордун жалкоолук, соргоктук ээлеп калат. …

2. ТАРТИПСИЗ ТАМАКТАНУУНУН КЕСЕПЕТТЕРИ Читать полностью »

ШИЛЕКЕЙДИН КАСИЕТТЕРИ

Илгертен элде бала ээрчиткендер колунда бар же ырыскысы кенендерге жолукса: «Кел, менин мыногу жаманымдын оозуна түкүрүп койчу, сендей ырыс-кешиктүү болуп жүрсүн!» — дегендерин кулак чалып чоңойдук. Албетте, ырыскы бирөөнүн түкүрүгү менен болбойт, бирок бул сөз куру жерден чыкпаса керек. Кандай  мааниде айтылганына карабай, шилекейдин акыйкатын изилдесе, андагы байкалбаган зор касиеттер табылат. Хайбар согушунда пайгамбарыбыз салаллаху …

ШИЛЕКЕЙДИН КАСИЕТТЕРИ Читать полностью »

ӨЗҮҢДҮ ТААНЫП-БИЛҮҮ ДА ЗОР ТҮЙШҮК

Адам кайсыдыр ишке кол ураарда өзүн, колунда барын, мүмкүнчүлүктөрүн эске алганы – аны иштин көзүн билген адамга айландырат. Тилекке каршы, баары эле иштин алдында өзүнө сарасеп сала бербейт. Натыйжада ал чарчап, же тажаган, шымаланып баштаган иши аргасыздан бүтпөгөн түйшүктөрдүн тизмесине кошулат. Чечендик өнөргө да бел байлаган адам алгач, өзүнүн жөндөмүн тыкан изилдөөдөн өткөрүүсү зарыл. Тагыраагы …

ӨЗҮҢДҮ ТААНЫП-БИЛҮҮ ДА ЗОР ТҮЙШҮК Читать полностью »

6. АРАБ САНЖЫРАСЫ. Кайдардын урпактары

Кайдардын уулдары көбөйүп Меккенин сыртына чейин тарайт. Анын урпактарынан Аднан жана анын уулу Маад белгилүү. Ибн Хишамдын «Ас-сиира ан-набавийя» аттуу эмгегинде Маадтын Низар, Ийад, Анмар, Кунус деген төрт уулу болгону айтылат. Ибн Исхак Маадтын үч уулу болгонун айткан. Канткенде да Низардын Рабиа жана Мудар аттуу эки уулу болгону анык. Рабиадан Асад, Аназа, Абдуль-Кайс, Бакр, Таглиб, …

6. АРАБ САНЖЫРАСЫ. Кайдардын урпактары Читать полностью »

УШАКТЫН СЕБЕПТЕРИ

  Ушактоого көбүнесе бирөөгө жамандык кылуу, бирөөдөн өч алуу, аны менен эсептешүү сезими, бирөөнүн үстүнөн өзүнүн артыкчылыгын белгилөө түрткү болот. Учурунда токтотпосо ал сезим чегинен ашып, жек көрүүгө чейин алпарат. Ою күнү-түн өч алуу менен алек болгон адамдын мүнөзү да көз көрүнөө өзгөрүп калат. Ушактоого ичи күйдүлүк көп себеп болот. Ичи күйдүлүк менен ооруган адамга …

УШАКТЫН СЕБЕПТЕРИ Читать полностью »

3.АРГУМЕНТТЕР СЫЗЫГЫ

Мен кайсыдыр бир сабагымда дебат өткөрдүм жана катышуучуларды үч тарапка бөлдүм.  Эки тарап: «Айылда жашоо оңой же кыйын» деген теманы талашат, ал эми үчүнчү тарап калыстык кылат. Тараптардын даярдануусуна 7, көз карашын далилдөө үчүн 3 эле мүнөт берилди. Ошентип, даярдануу убактысы бүтүп, алгач «Айылдагы жашоонун оңойлугун» далилдеген тараптын өкүлү өз аргументтерин айтып бүттү. Соң ага …

3.АРГУМЕНТТЕР СЫЗЫГЫ Читать полностью »

2. ЫНАНДЫРУУНУН ДАГЫ БИР КУБАТЫ

Мен дайым ораторлукка жөндөмдүү студенттерди издейм жана сабактарымда андайлар байкалса ыңгайын таап, катылган мүмкүнчүлүктөрдү өздөрү байкоосуна, ал жөндөмдөрүнө ишенимүүсүнө өбөлгө түзгөн, башкалардан өзгөчөлөгөн, өз алдынча суроолорду берип турам. Анткени, алардын баары эле өздөрүндө катылып жаткан ораторлук жөндөмдөрүн байкай беришпейт.  Бир жолу мен ортаторлукка жөндөмдүү бир канча студентке: «Марста жашоо барбы же жокпу?» — деген суроонун тегерегинде дискуция уюштуруп, даярданууга да бир канча күн …

2. ЫНАНДЫРУУНУН ДАГЫ БИР КУБАТЫ Читать полностью »

1. МААЛЫМАТ КАНТИП КАБЫЛ КЫЛЫНАТ?

Дүкөнгө кирип, акчама ылайык жана менин талаптарыма жооп бере турган телефон карадым. Көзүм көп эле телефонго түштү. Кээ бирлерин тааныштарым көтөрүп жүрүшкөнүн да көргөнмүн. Бирок кайсынынсын сатып алууга чечкиндүүлүгүм жете бербеди жана дүкөнчүдөн кеңеш сурап кайрылдым. Ал: «Албетте, мунусун алыңыз» — деп бирөөсүн көрсөттү. «Эмнеге?» — деп сурадым. Дүкөнчү ал телефондун пайдасына үч аргументти келтирди. …

1. МААЛЫМАТ КАНТИП КАБЫЛ КЫЛЫНАТ? Читать полностью »