УЛУУ ПАЙГАМБАРДЫН ЫЙЫК ЖОЛУ

9. АРАБ ЖАРЫМ АРАЛЫНДАГЫ САЯСИЙ ТҮЗҮМ. ЙЕМЕН БИЙЛИГИ

Араб деңизи, Кызыл деңиз, Хадрамаут менен чектелген Араб жарым аралынын түштүгүндөгү үч бурчтук мурдатан Бактылуу Аравия же Йемен деп аталып келген. Чөлкөмдө илгертен Катабан, Маин, Сабаа жана Химйар падышалыктары өкүм сүргөн. Алардын ичинен Сабаа жана Химйар падышалыктарынын орду тарыхта кеңири баяндалган. Сабаа падышалыгы (Сабейлер, Сабаа эли). Араб жарым аралынын түштүгүндөгү Рамлат ас-Сабатейн чөлү менен чектешкен, суулуу жана күнөстүү чөлкөмгө отурукташып, Хадрамаут, Шам …

9. АРАБ ЖАРЫМ АРАЛЫНДАГЫ САЯСИЙ ТҮЗҮМ. ЙЕМЕН БИЙЛИГИ Читать полностью »

8. АРАБ ЖАРЫМ АРАЛЫНДАГЫ САЯСИЙ ТҮЗҮМ. ХИЙРА БИЙЛИГИ

    Б.з.ч. 557–529-жылдары Улуу Кир бириктирген Иран, Ирак жана ага жандаш аймактар б.з. ч. 326-жылы Александр Македонский Дарий Iдин аскерлерин талкалаганга чейин перстердин карамагында турган. Кубаты урап, жерлери таланган перстерди б.з. III- кылымына чейин башка падышалар башкарып келген. Бул аралыкта Ирак тарапка алгач Кахтан, соң Аднан арабдары көчүп, Месопотамиянын бир бөлүгүн ээлегени да жетишкен.Б.з. …

8. АРАБ ЖАРЫМ АРАЛЫНДАГЫ САЯСИЙ ТҮЗҮМ. ХИЙРА БИЙЛИГИ Читать полностью »

7. АРАБ ЖАРЫМ АРАЛЫНДАГЫ САЯСИЙ ТҮЗҮМ

    Араб жарым аралынын саясий абалына негизинен түндүктөн Рим жана анын оң канаты болгон Византия, чыгыштан Перс империясы, түштүктөн Йемен жана түштүк-батыштан Хабаш 1 падышалыктарынын саясий мамилелери таасир берип турган. Түндүк менен түштүккө каттаган кербен жолдорун эске албаганда, алардын эч бири арабдар жердеген чөлкөмгө дээрлик кызыккан эмес жана кылымдар бою отурукташкан арабдар кадимки мамлекет …

7. АРАБ ЖАРЫМ АРАЛЫНДАГЫ САЯСИЙ ТҮЗҮМ Читать полностью »

1.«УЛУУ ПАЙГАМБАРДЫН ЫЙЫК ЖОЛУ» КИТЕБИНЕ АЛГЫ СӨЗ

Ислам дининин пайда болуу, калыптануу жана өнүгүү жолу адамзат тарыхынын маанилүү бөлүгүн түзөт. Анткени, VII кылымдын башында пайда болгон мусулман дөөлөтү, көп өтпөй Араб жарым аралынан сыртка тарап, кылымдар карыткан Перс империясын толугу менен ээлеп, Византиянын жарымынан көбүрөөк бөлүгүн өзүнө каратты. Жаңы диндин андан аркы чакырыгы Сибирден Индияга, Африкадан Азияга чейин жетти жана тарыхта гунн, …

1.«УЛУУ ПАЙГАМБАРДЫН ЫЙЫК ЖОЛУ» КИТЕБИНЕ АЛГЫ СӨЗ Читать полностью »

6. АРАБ САНЖЫРАСЫ. Кайдардын урпактары

Кайдардын уулдары көбөйүп Меккенин сыртына чейин тарайт. Анын урпактарынан Аднан жана анын уулу Маад белгилүү. Ибн Хишамдын «Ас-сиира ан-набавийя» аттуу эмгегинде Маадтын Низар, Ийад, Анмар, Кунус деген төрт уулу болгону айтылат. Ибн Исхак Маадтын үч уулу болгонун айткан. Канткенде да Низардын Рабиа жана Мудар аттуу эки уулу болгону анык. Рабиадан Асад, Аназа, Абдуль-Кайс, Бакр, Таглиб, …

6. АРАБ САНЖЫРАСЫ. Кайдардын урпактары Читать полностью »

5. АРАБ САНЖЫРАСЫ. Набит урпактары

  Набиттен тарагандар (набатейлер) ыңгайлуу тоо тилкелерине, мөмөлүү курма бактарга, эгин талааларга, жаФйыттарга отурукташып, мал чарбасы, жер иштетүү боюнча алдына жан салган эмес (Саййид Сулайман Надавий, «Тарих ардуль-Куран», 2/78–86.  Убакыт өтүп, алар азыркы Иордания, «Израиль», Сирия жана Сауд Аравиясынын түндүгүн камтыган, б. з. ч. III кылымдан б.з. 106-жылына чейин доор сүргөн Набатеяны негиздешкен. Анын борбору – …

5. АРАБ САНЖЫРАСЫ. Набит урпактары Читать полностью »

4.АРАБ САНЖЫРАСЫ. Арабдашкан арабдар

Арабдашкан арабдардын теги Ибрахим пайгамбардан башталат. Мусулман окумуштууларынын эмгектеринде Ибрахим пайгамбардын азыркы Түркиянын Урф шаарында, бутпарас Азар ибн Нахурдун  (же амекиси) үйүндө төрөлгөнү айтылат. Анын калган өмүр таржымалы анчейин хронологиялык  тартипке келтирилген эмес. Бирок Библияда Ибрахим пайгамбардын – Авраамдын  Евфрат дарыясынын батыш жээгиндеги байыркы шумерлер негиздеген Ур шаарында төрөлгөнү, атасынын Фарра Куфага жакын Куса айылынан …

4.АРАБ САНЖЫРАСЫ. Арабдашкан арабдар Читать полностью »

3. АРАБ САНЖЫРАСЫ

Илгерки арамей тилинде «араб» деген сөз «суусуз», «өсүмдүксүз», «чөл» же «чөлдүү жер» дегенди билдирген жана ошондон улам жарым арал гана эмес, анын тургундары да арабдар деп аталып калган. Байыркы заман тарыхында Араб жарым аралына топон суудан соң, Нух пайгамбардын уулу Сам отурукташып, анын урпактары көптөгөн урууларга тараганы баяндалат. Араб тарыхында, алардын санжырасы үч топко бөлүнүп …

3. АРАБ САНЖЫРАСЫ Читать полностью »

2. АРАВИЯ ЖАНА АРАБДАР

Ислам дининин акыйкатын туура түшүнүү үчүн анын пайда болуусун шарттаган караңгылык дооруна туура сарасеп салуу керек болот. Анүчүн акыркы пайгамбарлыктын босогосундагы Араб жарым аралындагы бийлик жана коомдук турумдарды, соода-сатык жана каада-салтты, ишеним жана ырым-жырымдарды тыкандык менен карап чыгуу зарыл. Ошондуктан бул бөлүмдө Араб жарым аралынын географиясы, аны жерлеген арабдардын санжырасы, андагы саясий түзүм жана коомдук …

2. АРАВИЯ ЖАНА АРАБДАР Читать полностью »