АТАМДЫН ЭСКЕРҮҮЛӨРҮ

32. ТӨКМӨ АКЫН БАРПЫНЫ ТУУРАП ЖАЗГАН ТЕРМЕ

Ырдабасам болбоду, Ышкың мени койбоду. Жаңшабасам болбоду, Жамалың мени койбоду. Аввал баар көктөмдө, Жер чымырап көпкөндө, Сейдана деген ыр чыкты. Сейдананын дартынан. Далай эле чыр чыкты. Ак дөбөөнү карайсың, Адамың барбы Сейдана? Көк дөбөнү карайсың, Көрөрүң барбы Сейдана? Сейдана кошкон ашыңан, Серпип койгон кашыңан. Калемпир кошкон ашыңан, Калпып койгон кашыңан. Чаңгеттин суусу кириптир, Көпүрөдөн ашыптыр. …

32. ТӨКМӨ АКЫН БАРПЫНЫ ТУУРАП ЖАЗГАН ТЕРМЕ Читать полностью »

31. Y M Y T

Тагдыр деген шум экенго калчаган, Буйрукка баш ийди го канча адам. Кыйындарды тебеледи мыкчылап, Адилет, туура сөзү жакпаган. Не бир туркүн акылмандар союлду, Не бир туркүн билермандар көмүлдү. Дүнүйөнү титиреткен бул тагдыр, Беш жылда жексен болуп жоюлду. Кайран эл айла таппай онтоду, Түн караңгы, түнт токойдо токтоду. Кара нандын каткандарын жалмалап, Бул жашоодон үмүт үзбөйт …

31. Y M Y T Читать полностью »

30. ЫРЛАР

Мен ушул күлкү келээрлик ыр саптарын жазбай эле койсом да болмок, бирок 30 жылдан ашуун мени менен бирге жүрүп саргарып бараткан тарых барактарын, ошол убактагы окуялардын күбөсү болгон балалык менен коштошуу, жигиттик мезгилдин башталышы болгон мезгил учкунун таштаганга көзүм кыйбай жазып койдум. Бул иш менимче айып болбосо керек. Биринчи колум бармагым, Ыр жазып сага арнадым. Бир өзүңө жете албай, …

30. ЫРЛАР Читать полностью »

29. ЭРМАТОВ БОТОБЕК

(1917- 1992 ж). Эрматов Ботобек 1917-жылы Бек-Абадда Эрмат болуштун үйүндө туулган. 1950-жылы Жалал-Абаддагы Педагогикалык окуу жайынын бир жылдык курсун бүтүргөн. «Ал убакта директор Жамгырчиев, завуч Т. Байчиев, орус тили мугалими Буркво, география мугалими Галимов, Шерязданов, Малабаевдер эле. Ал убакта ачарчылык, окуу куралдары, кийим, жатакана жок эле» — деп эскерет абам. 1936-жылы зав. Районо Измаиловдун буйругунун …

29. ЭРМАТОВ БОТОБЕК Читать полностью »

28. ЭРМАТОВ БАТЫРБЕК

(1910- 1993-ж. ) Эрматов Батырбек — атам 1910-жылы Бек-Абадда Эрмат болуштун үйүндө туулган. Атамдын өмүр жолу агасы Назирбектин өмүр жолунан башкача, татаал жана жооптуурак болгон экен. 1927-1930- жылдары Бек-Абадда басмачыларга каршы түзүлгөн партизандык отрядда кызмат кылат. Командирлери Ашыров Ысмайыл, Сыдыков Маматаалы дегендер болгон. 1931-33- жылдары кадровый армияга кирген. 1933-1935- жылдары территориялык комсомол комитетинин катчысы. 1935-37- жылдары …

28. ЭРМАТОВ БАТЫРБЕК Читать полностью »

27. ЭРМАТОВ НАЗИРБЕК

(1908-1990) 1908-жылы Эрмат болуштун үйүндө туулган. Граждандык согуштан кийин эл чарбасын калыбына келтирүүдө колхоз кыймылында, Совет бийлигин бекемдөө үчүн күрөштө активдүү катышкан. 1942-жылы Согушка кеткен, туура Подмосковьеге барып генерал В. И. Панфиловдун 8-аткычтар дивизиясында, кийинчерээк 316-гвардиялык аткычтар дивизиясына кызмат өтөгөн. Фашисттик баскынчылардан Волоколамск, Калинин шаарларын бошотууга катышкан. Катуу жарадар болуп, Митич шаарындагы 545-госпиталда дарыланган. 1943-жылы январь айында …

27. ЭРМАТОВ НАЗИРБЕК Читать полностью »

26. КАТААЛ ЖЫЛДАР ЖАРКЫН ӨМҮРЛӨР

Ар кимдин киндик каны тамган туулган жери, ыйык кымбат жана кооз. Менин да туулган кыштагым Бек-Абад ыйык. Бул кыштак Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Теңдик» колхозунун борбору. Мурда бул жерде Социализм, Куйбышев, Ленин, Кызыл- Багыш, Эркин, Молотов, Коганович, Жийде деген колхоздор бар эле. Кийинчерээк Ленин, Маленков, Эркин болуп, андан кийин баардыгы бир эле Эркин болуп бирикти. …

26. КАТААЛ ЖЫЛДАР ЖАРКЫН ӨМҮРЛӨР Читать полностью »

25. СҮЙҮҮ ЖӨНҮНДӨ

Силер ойлорсуңар: «атабыз бардык нерсени жазыптыр, бирок сүйүү жөнүндө эч нерсе дебептир» деп. Мен ал жөнүндө кенен кесир сүйлөшүүнү кийинки орунга койдум. Туура, сүйүүсүз турмуш болбойт, коом өнүкпөйт, бирок ал өтө татаал, көп кырлуу нерсе, ал отко, сууга, өлүмгө да алып баруучу ырайамсыз нерсе. Ошондуктан сүйүү жөнүндө билбей туруп, сөз кылуу туура эмес. Эгерде силер …

25. СҮЙҮҮ ЖӨНҮНДӨ Читать полностью »

24. АКЫЛ-НАСЫЯТ

Балдар, мен азыркы айрым жаштарга бир-эки сөз айтайын дедим эле. Кимге кандай сөз керек экенин билбей турамын. Ошондой эле да уул-кыздарыма, неберелериме билген уккан акыл-насыяттарымды жазып калтырууну туура деп таптым. Ушул насыяттан ар ким өзүнө керектүүсүн алып, ар ким өзүнө ылайыктуу жыйынтык чыгарып алат го деп ойлоймун. Менин башымдан көп окуялар, унутулгус күндөр өттү. Турмуштун эң …

24. АКЫЛ-НАСЫЯТ Читать полностью »

23. ЖАЛАЛ-АБАД ПЕДАГОГИКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ ТУУРАЛУУ

Мен 1968-жылы сентябрдан баштап Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында 1993-жылга чейин иштедим деп жогору жакта эскертип өттүм эле. Бирок ал окуу жайынын тарыхы, тагдыры жөнүндө эч нерсе айткан эмесмин. Бул окуу жайы 1926-жылы ачылып 1929- жылы 11 киши биричи бүтүрүүчүлөрдөн болгон. Экинчи бүтүрүүчүлөр 1926-1932- жылдары болгон. Кыргыздын биринчи президенти Абдыкадыр Орозбеков да бул окуу жайдын студенти 6олгон. 1926-1992- …

23. ЖАЛАЛ-АБАД ПЕДАГОГИКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ ТУУРАЛУУ Читать полностью »

22. ЖЫЙЫНТЫК

Биздин бактыбызга апам өтө эрктүү жаралып калган экен, бизди окутту, үйлөдү. Мен өмүр бою апама карызмын. Менин өмүрүмдө Ормонов Мамат акенин жана аялы Жумагүл эженин, Жакыпов Жалилдин, Атабеков Сайпидиндин, Төрөкелди Балтагуловдун, Жээнбай Myкамбаевдин, К. Кулматовдун жакшылыгы, Жунус аяш атамдын боорукерлиги, Султанкулов Абдрахмандын адамгерчилиги, Калилов Кочкор тагамдын берген акылы эч качан унутулбайт. Мен атанын камкордугун, анын насыятын, тарбиясын …

22. ЖЫЙЫНТЫК Читать полностью »