АДАЛ ТУУРАЛУУ 60 СОБОЛ

Акыркы учурда адал тастыктоо маселелери тегерегинде көптөгөн суроолор пайда болуп, аларга кенен жооп берүүнү туура көрдүк. Бүгүндөн баштап атайын интернет барактарынан жана соцтордон түшкөн суроолордун маанилүүлөрүнө жооп берип турууга бел байладык. Сиздерден дагы көптөгөн суроолорду күтөбүз жана бул баракты башкаларга бөлүшүп коюңузду да суранабыз.

23-суроо: ТЕКШЕРБЕГЕН ТАСТЫКТОО

Суроо: Сиздер адалдыгын текшербей эле сертификат берип коюшуңар мүмкүнбү? Жооп: Теорияда, бул маселе унаа айдаганды такыр билбеген адамга айдоочу күбөлүгүн берип койгондой эле кеп. Айдаганды билбеген айдоочу кандай кооптуу болсо, жалган тастыктоо алган өндүрүшчү андан бетер коркунучтуу. Анткени, анын калп адалын жеген мусулмандардын ибадаттары кабыл болбой калуу коркунучу бар. Бул албетте ыйманды талап кылган жагдай. Бирок, …

23-суроо: ТЕКШЕРБЕГЕН ТАСТЫКТОО Читать полностью »

22-суроо: ХАЛАЛ КАТТОО

Суроо: Силер иштеп жаткан халал стандарттары мамлекеттен  каттоодон өткөнбү? Жооп: Негизи, стандарттар каттоодон өтпөйт, болгону мамлекеттик олутуу норма болгон техникалык регламентке шайкештиги каралат жана ылайыкташтырылат. Кыргызстан халал индустриясын өнүктүрүү борбору мамлекеттик каттоодон өткөн жана ылайыкташтырылган стандарттардын негизинде иш алып барат. Анан да анын иштеп жаткан стандарттары стандартташтыруу жана метрология департаментинин экспертизасынан кошумча өткөн жана ал …

22-суроо: ХАЛАЛ КАТТОО Читать полностью »

21-суроо: ШАРИАТ КЕҢЕШИ

Суроо: Сиздердин халал борборунун Шариат кеңеши барбы? Жооп: Халал стандарттарынын практикасында эки түрдө иш алып барган Шариат кеңештери каралган. Тагыраагы Шариат кеңеши эки багытта иш алып барат. Биринчиси, жалаң илимпоздордон туруп, кайсыдыр азык, же тейлөө түрү үчүн Шариаттын талабын аныктап, аны өндүрүшкө салуу үчүн техникалык чечимин иштеп чыккан илимий топ. Адатта, бул топ Шариат өкүмдөрүнүн негизиндеги …

21-суроо: ШАРИАТ КЕҢЕШИ Читать полностью »

20-суроо: ХАЛАЛГА УРУКСАТ

Суроо: Халал стандарттары менен иштөөгө кимден уруксат алгансыңар? Жооп: Азыктарды, ар кандай өндүрүмдөрдүн жана көрсөтүлгөн кызматтардын Шариат талаптарына шайкештигин тастыктоо үчүн эч кандай уруксат алынбайт. Бирок аны коомдук деңгээлде жүргүзүүнү каалаган уюмдар расмий мамлекеттик каттоодон өтүп, белгилүү стандарттардын негизинде иш жүргүзгөнү жакшы. Эл аралык практикада азыктын же тейлөөнүн адалдыгын тастыктоо кайсыдыр стандартты ишке салуу, ал стандарттын …

20-суроо: ХАЛАЛГА УРУКСАТ Читать полностью »

19-суроо: ХАЛАЛ СТАНДАРТТАРЫ

Суроо: Сиздердин борбор кайсы стандарттардын негизинде иш алып барат. Сиздер иштеп жаткан стандарттар сөзсүз болушу керекпи? Жооп: Эл аралык тастыктоо практикасында ар кандай тастыктоо мекемелери же органдары мамлекеттик, жеке же биргелешкен болуп каттодон өтүшөт. Алар бир же бир катар стандарттар менен иш алып барат жана ошол стандарттардын негизинде тиги же бул продукцияны, тейлөө түрүнүн Шариат …

19-суроо: ХАЛАЛ СТАНДАРТТАРЫ Читать полностью »

18-суроо: ХАЛАЛ МЫЙЗАМДАРЫ

Суроо: Халал индустриясын өнүктүрүү борбору кайсы мыйзам актыларынын, стандарттардын негизинде иш алып барат? Жооп: Халал индустриясын өнүктүрүү борбору «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын» беренелеринин, «Кыргыз Республикасындагы техникалык көзөмөл тууралуу мыйзамдын» 23-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинен каттоодон өтүп, өз алдынча юридикалып тарап катары өз мөөрүнө ээ. Андан тышкары борбор Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамы Концтитуцияга жана башка бүт мыйзам …

18-суроо: ХАЛАЛ МЫЙЗАМДАРЫ Читать полностью »

17-суроо: ХАЛАЛДАГЫ ХАРАМ

Суроо: Кайсыдыр өндүрүшчү мусулмандарды жек көрүп, адал деп ага атайы арамды кошуп сатуусу мүмкүнбү? Жооп: Өндүрүшчү канткенде да кирешеге багытталган жана көпчүлүк өндүрүшчүлөр киреше үчүн да адал тастыктамадан өтүшөт. Анүчүн  алар өндүрүшүн адал тастыктоо кызматы талап кылган шарттарга шайкеш тазалайт, ага кайра арам аралашып кетпөөсү үчүн кам көрүшөт. Бул иш өндүрүшчүдөн ар кандай өлчөмдөгү чыгымдарды, …

17-суроо: ХАЛАЛДАГЫ ХАРАМ Читать полностью »

16-суроо: ХАЛАЛ ЖАРДАМ

Суроо: Силер сертификат берүү менен кайсыдыр ишканага жардам берип жатасыздар. Ал эми сертификат албаган ишкананын малы өтпөй калса бул адилетсиздик эмеспи? Жооп: Албетте, рынок экономикасынын өзүнө таандык мыйзам ченемдүүлүктөрү бар. Анын эң ири көрсөткүчү конкуренттүүлүк. Ишканалар өз өндүрүмүнүн өтүмдүүлүгү үчүн жан далбасташат жана кардарлардын көңүлүн буруу үчүн сапатын жогорулатууга кызыкдар. Бир да адам муну туура эмес …

16-суроо: ХАЛАЛ ЖАРДАМ Читать полностью »

15-суроо: УЙ ДА АРАМ БОЛОБУ?

Суроо: Биз адатта чочкодон жасалган колбасаны арам деп, малдын этинен болсо адал деп эсептечүбүз. Ушу туурабы? Жооп: Албетте, азыр көп эт саткандардан адалдыгын сураганда: «Ооба, бул койдун же уйдун эти» — деп жооп бергенин укса болот. Алар арам десе чочкону ойлошат жана уй, кой жана башка үй жандыктарын адал дешет. Бирок Шариат көрсөткөндөй союлбаса, уруксат …

15-суроо: УЙ ДА АРАМ БОЛОБУ? Читать полностью »

14-суроо: ЧОЧКОНУ КИМ ТААНЫЙТ?

Суроо: Бизде чочконун эти кошулган колбасаны деле  халал деп сата берсе, ким билип коюптур? Эл ишене берет да. Жооп: Колбаса чыгарган ишканалар да башка өндүрүштөр сымал керектөөчүгө өз өндүрүмү, анын курамы тууралуу так маалымат берүүгө милдеттүү. Андан тышкары өндүрүшчү өзү өндүргөн колбасанын курамы мамлекеттик стандартташтыруу департаменттеринен, тамак-аш коопсуздугу тууралуу жана башка сөзсүз талап кылынган сертификаттарды …

14-суроо: ЧОЧКОНУ КИМ ТААНЫЙТ? Читать полностью »

13-суроо: ЧОЧКОСУЗ КОЛБАСА

Суроо: Технология боюнча чочконун эти кошулбаган колбаса болбойт дешет. Демек адал колбаса болбойт экен да? Жооп: Биздин адисттер колбаса өндүрүшү менен тыгыз байланышта болгондуктан, колбаса чыгарган технологдор менен көп баарлашууга туура келет. Адал кыймылы жаңы башталган учурда, колбаса өндүшүнүн мурдагы технологиясынан башканы билбеген кээ бир технологдордун элге ушундай кептерди таратканын биз да укканбыз.  Алар албетте, …

13-суроо: ЧОЧКОСУЗ КОЛБАСА Читать полностью »