ДААНЫШМАНДЫК БУЛАГЫ

БИЗДИН ЖАШОО ЧЫНЫНДА КЫЗЫК

Күндүн бейнесин издеген мамилелердин түркүнүн көрөт. Алардын арасында суктантканы, жашытканы, кыжырдантканы жана кубантканы сан жеткис. Бирок ошол эле учурда жооп издеткени да толтура.  Мисалы,  Биздин имараттыбыз бийиктеген сайын сабырыбыз төмөндөп барат. Жолдорубуз кеңейген сайын көз караштарыбыз тараюуда. Көп коротобуз, көптү сатып алабыз, бирок коротконубузга нараазыбыз, сатып алганыбызга кубанбайбыз. Чоң үйлөрдү салабыз, а анда жашагандар аз. …

БИЗДИН ЖАШОО ЧЫНЫНДА КЫЗЫК Читать полностью »

ИБРАХИМ АДХАМ ОКУЯЛАРЫ

Орто кылымдарда кол астындагы аттарынын туягы дүйнөнүн төрт тарабына чапкан улуу мусулман аскери, миңдеген сарай кызматкерлери, дүңгүрөп өсүп турган мусулман шаарлары бар Басранын өкүмдарынын сарайынын чатырында түн ката бирөөнүн ары бери чуркаган үнү угулат. Таттуу уйкуда жаткан султан чатырдан угулган үнгө чочуп ойгонот. Буга чейин мындай болгон эмес, эмне болуп кетти?» — деп султан таң …

ИБРАХИМ АДХАМ ОКУЯЛАРЫ Читать полностью »

ИБРАХИМ ПАЙГАМБАР ТУУРАЛУУ

Ибрахим пайгамбар азыркы Ирактын  аймагында мындан 4 миң жылдан ашуун убакыт мурда, көзү ачыктык, палчылык, бутпарастык адатка айланган, жашоо нугу бакшылардын (жрецтердин) ырым – жырымдары менен башкарылган коомдо төрөлгөн.  Теги чоң бакшылардан чыккан, белгилүү бут[1] устанын уулу Ибрахимди да аталарынын жолун жолдоп, келечекте чоң бакшы болоорун күтүшкөн. Бирок Аллах ага башка тагдырды ыроолоп,  ал бала …

ИБРАХИМ ПАЙГАМБАР ТУУРАЛУУ Читать полностью »

МЕН КӨРГӨН НАМАЗДАР

Мен бир жолу жолум түшүп, шаардагы мечиттердин бирине намазга кирип калдым. Бир аздан соң жаныма бирөөнү жетелеп келип отургузуп койушту. Анын көздөрүнүн азиздигин намаз башталганда эле байкадым. Намаз бүткөн соң эмнегедир дароо туруп кетким келген жок, аны кепке тарттым.  Курагы  менден жаш, кайсыдыр айылда турат экен. Көздөрү  энеден азиз туулган бул жигит, кудай жалгап балалыгынан …

МЕН КӨРГӨН НАМАЗДАР Читать полностью »

МЫШЫК МОЛДО

Өткөндө Камчы досум чайга чакырыптыр. Көзү өткөн ата-энесине Куран окутуп койоюн деп белгилүү Абжалил дамланы да алдырыптыр. Молдоке менен көптөн бери көрүшө элек экенбиз, сөз бүтпөйт. Кеп арасында намаз окугандар жөнүндө сөз башталып кетти. — Мурда намаз окуйт десе беш убак намазды түшүнчүбүз. Азыр бир маал эле окуйм дегендер пайда болуптур, тооба – деди Камчыке, …

МЫШЫК МОЛДО Читать полностью »

ТАКМАЗАГА – ТАК ЖООП!

Суроо: “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” – деген сөз бекериненби?   Жооп:  — Ооба, молдонун айтканын кылам деп убара болбо, колуңдан келбейт.   Суроо: “Тигил дүйнөнүн бар экенин ким көрүп келиптир?” Жооп: — А жок экенин ким көрүп келиптир?   Суроо: “Молдонун айтканын кыла берсең акмагың чыгат”— дейт эмеспи? Жооп: — Чынында молдонун айтканын кылсаң …

ТАКМАЗАГА – ТАК ЖООП! Читать полностью »

БИР ЖҮРӨККӨ МИҢ МИСАЛ. БИРИНЧИ МИСАЛ.

Акыл адамдын байлыгы, татыктуулугу жана өзгөчөлүгү. Бирок адам дайым эле аны туура иштетип, ийгилиг үчүн колдоно бербейт окшойт. Кээде жөнөкөй эле көрүнүштөргө да баамы жетпей кыйналат. Ал эми акылын иштеткиси келгенге өзүнүн эле курчоосунда мисалдар жетиштүү. Болгону ал аны аңдай алабы? Аңдай алганга айбан да мугалим. Андан да көп ибрат алса болот, байкаса көп пайда табат. Аңдай …

БИР ЖҮРӨККӨ МИҢ МИСАЛ. БИРИНЧИ МИСАЛ. Читать полностью »