БАКТЫЛУУ МУУН

УЛАКЧАЛЫК ЭМЕС

Бир жолу пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам сахабалары менен базардан өтүп баратып, анын четиндеги арыкта өлүп жаткан улакты көрөт. Анын алдына барып, кулагынан бир аз өйдө көтөрөт да, карап турган сахабаларына: «Бул улакты ким бир дирхемге сатып алат?» — деп кайрылат. Сахабалары пайгамбарыбызды таарынткылары келбесе да «Эй, Аллахтын элчиси! Мунун кандай пайдасы бар?» — дешет. …

УЛАКЧАЛЫК ЭМЕС Читать полностью »

АБУ БАКРДИН ШЫМЫНЫН БАГЕЛЕГИ

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам Ислам үммөтүнүн негиздөөчүсү жана көзү өткөнгө чейин аны тарбиялады. Ал ошондой эле мусулман коомундагы ар бир мамилени,  кубулушту тыкан күзөтүп, ар кырдаалга жараша чечим берип, анын аткарылуусун да көзөмөлдөп турган. Эч бир нерсени майда деп көз жаздымда калтырган эмес. Өзүнүн да: “Эч нерсени майда көрүп маани бербей калтырбагыла” – деген …

АБУ БАКРДИН ШЫМЫНЫН БАГЕЛЕГИ Читать полностью »

ЭМНЕГЕ ПАЙГАМБАРЫБЫЗГА ҮЙҮНДӨ КОЛ САЛГАН ЭМЕС?

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын өмүр баянына кызыккан адам, аны изилдеген сайын жаңы кыйрлар ачыла берет. Жөнөкөйгө көрүнбөгөн маселелерди ойлоно баштайт жана күтүлбөгөн жооптор табылат. Ал эми кээ бир суроолорго жооп табуу үчүн бүтүндөй китептерди окуп чыгууга туура келет. Бүгүн мен силер менен пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын Меккеден Йасрибке жер которуп кетээр түнү тууралуу …

ЭМНЕГЕ ПАЙГАМБАРЫБЫЗГА ҮЙҮНДӨ КОЛ САЛГАН ЭМЕС? Читать полностью »

УМАРДЫН ӨЛҮМҮ

Мусулмандардын жетекчиси, Умар ибн Хаттаб жашоосун такыбалыктын туу чокусунда өткөрдү. Анын бийлигинде мусулман үммөтү чоң ийгиликтерге жетишти. Мадина мамлекеттүүлүгүнүн бир катар негизги устундары тургузулду. Ошентип, Умар бир күнү жамаатка имамдык кылып, багымдат намазын окуп жатканда Абу Лулу аттуу отпарас анын артынан келип канжар сайды жана качып жөнөдү. Аны кармашты. Умар кансырап жатканына карабай: «Мага кол …

УМАРДЫН ӨЛҮМҮ Читать полностью »

УМАРДЫН АКЫРКЫ АЖЫЛЫГЫНДАГЫ КУТБАСЫ

«Лаббайк! Аллахумма лаббайк!» — деп тальбия айткан миңдеген адамдын үнү Меккеге алыстан эле угулган. Ак ихрамга оронгон мусулмандар бул сапарга бир канча күн мурун чыгышкан. Мээ кайнаткан күндүн ысыгына карабай алар Меккеге жеткенге чейин, жарытып деле эс алышкан жок. Тетирисинче көздөн учкан Каабага тезирээк жетүү үчүн өздөрүн аяшпады. Тальбиясын да токтотушпады.  Эми чубулжуган бул эл …

УМАРДЫН АКЫРКЫ АЖЫЛЫГЫНДАГЫ КУТБАСЫ Читать полностью »

МЕККЕ ЭЛИ ЭКИГЕ БӨЛҮНҮП КАЛДЫ

Сахабаларды урса, сабырдуулук кылчу болушту. Бирок айткандарын токтотушпады. Куранды ачык окуганы үчүн коргоп алаар эч кимиси жок Абдуллах ибн Маъсудду мушриктер Каабанын алдында эси оогонго чейин сабашты. Ал кулап, чаңга буланды, аягы сүйрөп баратса да Куран окуганын токтотподу. Алсыздары күчтүү болуп, күчтүүлөрү боорукер болуп калышты. Аларды урушуп, сөгүшсө тынчтык менен гана жооп беришет. Сахабалар бири …

МЕККЕ ЭЛИ ЭКИГЕ БӨЛҮНҮП КАЛДЫ Читать полностью »

УМАРДЫН АТАСЫ

Умар ибн Хаттаб эс тарта баштаган бала кезинен эле түйшүк менен алек болуп чоңоюптур. Аны атасы бала деп аяган эмес дешет. Умардын балалыгы, тестиер курагы деле каардуу чөл менен алпурушуп, төө багып өттү. Меккеге айлап келчү эмес. Келсе да аны атасы дароо кайра жайытка айдачу. Бул жолу да Умар шаарга отун алып түшүп, атасынын карындашыныкына …

УМАРДЫН АТАСЫ Читать полностью »

АБУ БАКРДИН АЛГАЧКЫ ЧАКЫРЫГЫНАН

Абу Бакр өз иши менен бараткан. Меккенин көчөлөрүндө дайым ага окшоп өз чарбасы менен жаны тынбагандар көп. Ар кимдин иши өзүнө маанилүү жана жолдон ары бери баскандар бири-бирине көңүл деле бурбайт. Бүгүн Курайштардын ар бир урук башчысына чогулуш болоорун атайын чабарман кабарлап кетти. Уруу же урук башчысы дегендин баары, аларга кошулуп уруу жакшылары да белгиленген …

АБУ БАКРДИН АЛГАЧКЫ ЧАКЫРЫГЫНАН Читать полностью »

АБУ ХУЗАЙФАНЫН АТАСЫ МЕНЕН БОЛГОН ТАЛАШЫ

Утба үйүндө кызы Хинд жана анын күйөөсү Абу Суфйан менен маектешип отурган. Бир кезде эшиктен  шамалдай атып кирген уулу Абу Хузайфа босогодон эле: «Атаке, бул эмне кылганыңыз? Башка бирөө кылса да түшүнөм. Бирок сиз Меккенин эң асылысыз го. Кантип адептүү адамга колуңуз көтөрүлдү? Абу Бакрдин эл арасындагы аброюн билесиз го» — деди атасы тарапка жетип …

АБУ ХУЗАЙФАНЫН АТАСЫ МЕНЕН БОЛГОН ТАЛАШЫ Читать полностью »

АБУ БАКРДЫН САБАЛГАНЫ

Каабанын алдында эл адаттагыдай эле көп. Аны тооп кылгандар чубулжуп, издеринен көтөрүлгөн чаң улам арттагыларга сапырылат. Андан бериде да ар нерсе менен алек болгон эл. Кимдир бирөө кайсыдыр бутка карап, колдорун жаңсап табынып жатса, дагы бирөө анын жанындагы бутун чаңын жууп жатат. Абу Жахль адатта Каабанын алдындагы базарды кыдырганды жакшы көрчү. Кээде албаса да кайсыдыр …

АБУ БАКРДЫН САБАЛГАНЫ Читать полностью »