1. БИЗ КИМБИЗ?
Албетте, сиз «адамбыз» дейсиз. Адам деген ким? Бул суроого жооп берээрден мурда мен сизге ит тууралуу өз байкоомду айтып бергим келди. Ит адамга корукчу болуп жан баккан жаныбар. Ал ээсин ушунчалык жакшы көргөндүктөн аны көргөндө баарын таштап, утурлап чуркайт, улам анын колун карап, куйругун шыйпаңдатып, жан алы калбай эркелеп кирет. Кожоюну көңүл буруп койсо өзүн …