ӨЛҮК ЖУУГАН АЯЛ



Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Мисрде диний багыттагы басылмалар, электрондук маалыматтар каражаттары арбын. Элдин да, мамлекеттин да диний маалыматка олуттуу караганы дароо байкалат. Өзгөчө, таанымал аалымдардын сабактарын эл калтырбайт жана алардан көп таасирленет. Мен да аты чыккан Мисрдин сүйүктүү аалымдарынын бири кайсыдыр сабагындагы бир маселесин угуп калдым.

Өзүнүн шакирттеринин курчоосунда отурган кайсыдыр белгилүү бир шейх өтө бир маанилүү окуя тууралуу айтып баштады:
— Мага бир жолу бир карындашыбыз телефон чалды. Ал карындашым аябай толкунданганы үнүнөн эле билинип турду.
— Йаа, шейх! Мен палан деген айылданмын. Бүгүн биздин айылдагы сыйлуу энелерибизден бирөө көз жумуп, анын сөөгүн жууп баштаганда түшүнүксүз маселе пайда болду. Ушуга сизден кеңеш сурап кайрылып жатабыз – деди.
Мен – айта бер карындашым, кулак сенде – дедим.
— Мен жууп жаткан аялдын колдору намаз окуп жаткандай, оң колу сол колун бекем кармап жатат. Аларды ажырата албай койдук. Эмне кылуум керек? – деп сурады сөөк жууган карындашым.
— Ал аялдын кандай абалда көз жумганын үйдөгүлөрүнөн сурачы – дедим. Ал карындашыбыз бир аздан соң кайра чалып, — Бул аял намаз окуп жатканда көз жумган экен – деди.
Мен – анын жеңдерин абайлап кыркып алгыла да кандай жатса ошол бойдон жууй бергиле – дедим. Анткени, эч качан качан калп айтпаган Аллахтын элчиси: «Ким кандай көз жумса, ошондой тирилет» — деген. Көп өтпөй жанагы карындашыбыз дагы телефон чалды.
— Йаа шейх, дагы бир, башка маселе пайда болду – деди. Мен, — айта бер, кулагым сенде – дедим.
— Шейх, тиги энебизди кепиндесек, адаттагыдай эле бычылган кепин узун келип, бир жарым метр ашып калды. Эмне кылаарыбызды билбей калдык – деди. Мен – ал аялдын жашоосу тууралуу жакындарынан сурап көрчү – дедим.
— Мен бул энебизди таанычумун, ал кадимки эле дыйкан аял болчу. Бирок, сиз айткандай мен да анын өзгөчөлүктөрү тууралуу сураганымда сиңдиси: «Эжем кызыктай дуба кылчу, ал ар намаздан кийин: «Эй, Аллахым! Мени жап, тос жана кепинимди узун кыл» — деп кайрылаар эле» — деп жооп берди.

Карагылачы,  кандай таң калаарлык көрүнүш. Кадимки бычылган кепинден бир жарым метр ашып калыптыр. Силер кепиниңер тууралуу ойлонуп көрдүңөрбү? Мен кепиним, өлүмүм тууралуу ойлонуп көрдүмбү? — деп ойлонуп калды да бир аздан соң шолоктоп ыйлап кирди. Жашоонун мааниси, көз жумганда билинет. Кандай жашасаң ошондой көз жумасың – деп сөзүн бүтүрдү шейх. Кыска болсо да бул сөздө акылдуулар үчүн маңыз бар.

10-январь, 2015-жыл, Каир, Миср

87 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *