«УММА» ЖУРНАЛЫ ҮЧҮН БЕРИЛГЕН МАЕК



Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Бул интервью «Умма» журналы үчүн берилген жана маекте «Орозодо отуз күн» көрсөтүүсүнүн пайда болусу, андагы көйгөйлөр, анын калыптануусу, жанрдык өзгөчөлүктөрү тууралуу кеп болгон.

Эки жылдан бери, Коомдук телерадиодон, Ыйык Рамазан айына арналган “Орозодо 30 күн” теледолбоору обого чыгып келет. Биз, ушул долбоордун автору жана алып баруучусу, Мыктыбек Арстанбек мырзага бир нече суроо менен кайрылып, кызыктуу маек курдук.

Суроо: Салам алейкум, Мыктыбек мырза, ушул долбоордун жаралуу тарыхына кенен токтоло
кетсеңиз?
Жооп: Мен 2000-жылдары Аллах насип этип намаз окуй баштадым. Ажыга да барып келдим. Бул «жоругум» барган сайын жетекчиликке жага бербеди. Алгач мени эфирден четтетишти, кийин кыйнай башташты жана 2003-жылы акыры кетирип тынышты. Анан 2005-жылкы төңкөрүштөн соң КТРге кайра кайттым. Мына ошол жылкы рамазанда алгач ирет бул долбоорду сунуш кылдым. Айтмакчы, ошол кездеги жетекчилик «диндар» болгону менен бул долбоорду эфирге бердирген эмес. Бирок, мен аны айтылуу «Манас жаңырыгы» каналына сунуш кылдым жана алар муну кош колдоп чыгарышты. Кийинки жылы жетекчилик алмашты жана жаңы келген К.Молдокасымовго бул жылкы рамазанда дин тууралуу азыноолак болсо да көрсөтүү зарылдыгын айтып, «Орозодо отуз күн» долбоорун сунуш кылдым. Ал кездеги долбоор боюнча күнүнө бир белгилүү диний аалым кайсыдыр диний маселени түшүндүрмөк болгон. К.Молдокасымов макул болду, бирок бекер эмес, а коммерциялык негизде чыгуусуна уруксат берди. Анан акча издеп жөнөдүм. Кудайга шүгүр каражат табылды жана эфирге алгач ирет он мүнөттүк диний көрсөтүү күн сайын чыга баштады.

Ошентип, бул долбоор бир канча жыл рамазанда гана эфирге чыгып келди. Кийинки жетекчилик муну дароо токтотту. Акча төлөсөк да чыкпай турган болуп калды. Анын үстүнө менин «динчилидигим» аларды да «кыйнап», акыры дагы кетүүгө аргасыз кылышты жана мен Н.Шакиевдин чакыруусу менен ЭлТРге орноштум. Ал ошол жылкы рамазанда бул долбоордун эфирге чыгуусуна эч сөзсүз эле уруксат берди. Кийинки жылы бийлик кайра оодарылды жана ЭлТРга жаңы жетекчилик келди. Алар да намаз окуган, ажыга барып келген «диндарлар» эле жана рамазанда бул долбоорду сунуш кылдым эле уруксат беришти. Бирок таңга маал (!) чыкмай болду. Ал эми кийинки жылы бул долбоор эмес, мен өзүм да ал жерден такыр кеттим. Анан өткөн жылы мен КТРКнын Байкоочу кеңешинен кеттим жана мага Биринчи каналдан дин тууралуу көрсөтүү даярдоону суранып И.Карыпбеков өзү кайрылды. Анын чакыруусу мен үчүн күтүүсүз болду. Алгач анчейин ишене бербедим. Бирок кийин чындап эле бул долбоор отуз күн бою эфирге жаңы форматта чыкты. Илим бир да жолу көрсөтүүнүн мазмууну, темасы же коноктору тууралуу кийлигишкен жок. Толугу менен мага ишенди. Мен да анын ишеничин актоого колумдан келген аракетимди жумшадым. Натыйжада, бул көрсөтүү дароо эле эл оозуна алынып, эң көрүмдүү долбоорго айланды.

Айтмакчы, бул долбоор ушул жылдары «Манас жаңырыгынан» гана токтогон жок жана Темирбек агай Токтогазиев бул долбоорду дайым колдоп келди.

Суроо: Теледолбоорду ишке ашырууда кандай көйгөйлөр жаралды?
Жооп: Мурда ар бир көрсөтүүгө бирден гана молдо катышып, аны да алдын ала, рамазандан мурда эле тартып алчубуз. А былтыркы маалда баары түз эфирде болгондуктан, бир катар маселелер пайда болду. Мисалы, эң оболу бизде төгөрөгү төп келишкен сүйлөөчү молдокелер аз экен. Ошондуктан быйыл жаштардан алдын ала даярдасак деген ниетибиз бар. Андан тышкары да орозонун өзүнө жараша түйшүктөрү болот эмеспи, албетте кээ бир жагдайлар бар. Бирок аларга наалыган туура эмес. Кудайга шүгүр дешибиз керек.

Суроо: Долбоор өз максатына жетти деп ойлойсузбу?
Жооп: Албетте, биз дин тууралуу чын маалыматты жеткирүүну уюштурдук. Көрсөтүүгө чакырылгандардан теманын тегерегинде гана түшүнүк берүү талап кылынат жана алар муну чоң шык жана калыстык менен аткарышты.

Суроо: Башка диний темадагы телекөрсөтүүлөрдөн айырмасы эмнеде?
Жооп: Чындыгында диний көрсөтүү менен дин тууралуу көрсөтүүнүн айырмасы бар. Буга чейин негизги каналдардан дин тууралуу гана көрсөтүүлөр чыгып келген. Ал эми бул – диний долбоор. Анан долбоордун дагы бир уникалдуулугу – көрсөтүүнү коюлган темаларды чакырылгандардан кем эмес билген практикадагы мусулман алып барат. А бул өз кезегинде зор мааниге ээ. Анткени адаттагы көрсөтүүлөрдө алып баруучулар түшүнбөгөн теманын үстүндө иштешет жана эл көзүнө түшүндөй алып барышат. Ошондуктан дин тууралуу көрсөтүүлөр дайым эле коюлган теманы ачып бере алган эмес.

Суроо: Быйылкы 30 күндүк Орозодо, телекөрсөтүүнүн форматы өзгөрөбү?
Жооп: Биз аны былтыркыдай эле, жөнөкөй, түшүнүктүү жана жеткиликтүү диалог формасында калтырууну чечтик. Болгону балким диалогдун жүрүшү быйыл бир аз башкача тартиптелиши мүмкүн.

Суроо: Негизинен коомдук каналда динге багытталган телепрограммалар жокко эсе десем жаңылышпайм. “Орозодо 30 күн” долбоорунан тышкары, башка долбоорлорду жүзөгө ашыруу планы барбы?
Жооп: Албетте, И.Карыпбеков былтыры эле ушул көрсөтүүнү улантууну сунуш кылган. Бирок техникалык кээ бир жагдайлардан иш бир аз басаңдап келет. Мен замандын талабына ылайык, технологиялык жетишкендиктерди кенен колдонгон диний долбоорлорго КТРКнын эшиги ачыла баштаганына ишенем. Баарын убакыт көрсөтөт. Бул демилге кээ бир “светтик” телекөоүүчүлөргө жага бербегенин да билебиз. Бирок, азчылык көпчүлүктү сыйлашы керек. Анын үстүнө бүгүнкү кооптуу абалда дин тууралуу так маалымат берүү замандын талабы болсо керек.

Суроо: Ыйык Рамазан айында, “УММА” журналынын окурмандарына, жалпы эле диндеш бир туугандарыбызга каалоо-тилегиңиз!
Жооп: Биринчиден, Аллах быйылкы орозодо элибиздин даражасын дагы да көтөрсүн! Ар бир мусулман бул майрамдан акырети үчүн чоң түшүм жыйнап чыксын!

Ал эми “Умма” журналы тууралуу сөз өзгөчө. Бул журнал мусулмандардын табитин тарбиялаган, жаңы мусулман интеллигенциясын калыптоодо алдыңкы сапта турган алгачкы жана жалгыз басылма. Демек жүгү да оор. Мен бул басылманын чыгармачылык тобуна, жетекчилигине Аллах алдындагы эң бийик зоболону каалайм. Аллах мээнетиңерди эселеп кайтарсын!

59 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *