АЯЛ, САКАЛ ЖАНА ХИЖАБ ТУУРАЛУУ



Бул интервью «Вечерний Бишкек» гезитинин kyrgyz.vb.kg сайты үчүн берилген. 

 

Саламатсызбы Мыктыбек агай! Иштериңиз, ден- соолук жакшыбы? Мүмкүнчүлүгүңүз болсо «Вечерний Бишкектин» кыргызча kyrgyz.vb.kg сайты үчун суроолорубузга жооп берип кое аласызбы? Алдын ала ыраазычылыгымды билдирем.

Суроо: Аялдар маселесин көп көтөрүп жүрөсүз, деги эле кыргыз жигиттери Шарияттагы өздөрүнүн эр жигиттик милдеттерин татыктуу аткара алат деп ойлойсузбу?

Жооп: Шариат кудайдан корккондор үчүн туура жол. Кудайдан коркпогондорго Шариат анчейин жол көрсөтө бербейт. Балким кээде тетири болуп калуусу да мүмкүн. Ошондуктан жүрөгүндө акыретте Жараткан алдында жооп берүү жана жазаланууга ишенген адам гана ага баш ийет. Демек, татыктуу аткарууга мажбур болот. Ал эми акыреттеги жоопкерчиликке ишенбеген жигит аны аткара албайт, анткени Шариат чыныгы т.а. ыймандуу жигиттер үчүн ааламдарды Ээси түшүргөн көрсөтмө.

Менимче, биздин жигиттер азыр Шариатты үйрөнүүдө. Бул бир күндүк иш эмес, балким бир катар муундар өтөөр. Анткени кудайсыздык бизге жетимиш жылдан ашуун кызыл кыргын, кан террор менен сиңирилген, аны дароо жеңе коюу оңой эмес. Ошондуктан бүгүн кыргыз жигиттери тууралуу бир өңчөй баа берүү эртелик кылат. Убакыт көрсөтөт. Мен татыктуу аткармак түгүл, башкаларга да мугалимдик кыла алат деп ишенем.

Суроо: Атасы бар туруп атасыз өсүп аткан балдар көп. Шариятта атанын баласы алдындагы милдеттери каралганбы?

Жооп: Бүгүнкү эркин рынок, капиталисттик эгоизм, ж.б. кирип жаткан караңгылык идеологиясы албетте кылымдар карыткан кыргыз баалуулуктарын четке сүрүп чыгууда. Муну демократия дешет. Бизге ушу керекпи? «Башка эмне бар?» десең кайра эле ушуну башка тарабынан көрсөтө беришет. Бул элди алдагандык. Буга альтернатива айткандарды камап, куугунтукташат. Ошого карабай, биз «Бул жапайылыкка Ислам дини гана туруштук берет» дейбиз жана бизди канчалык жамандабасын муну убакыт өзү далилдейт.

Бирок, кыргыздар ушундан да кечигип, алдатып койбосок экен деп корком. Айтайын дегеним, кыргыз коомунда жетим болбошу керек. Бирөө ажал жетип, көз жумса гана балдары жетим болуп, аны да мамлекет эмес, туугандары асырап алуулары зарыл. Бүгүн кыргыз эмес, өмүрү жетимин бакпаган орус ушинте баштады. Жетимин бакпаган элди жетими кордойт. Кеп таштап кеткен ата, аны бакпай койгон тууган журт жана ошого жеткирген эне тууралу айтылып жатат. А негизи Шариатта бала эне эмес, ата менен болуусу зарыл. Анткени, баласы менен калган ата башка аялга үйлөнүүсү кыйындайт, үйлөнсө да бала өз энесин талап кылып, акыры аларды жараштырып, тынат. Анан бала үйдө болсо ата тентип кете албайт. Аны караганы кайтат. Деги эле Шариатта бүлүнгөн бүлөөнүн да кайра туруп кетүүсүнө каралган даанышмандыктар арбын.

Суроо: Азыр сүннөт деп сакал койдуруп, ак кийим кийгенди эркектерибиз адат кылып алышты. Кыргызда сакалды атасы каза болгон гана бала коет деген үрп-адатыбыз бар эмеспи. Шарият менен урп-адаттын каршы келишинде тараза ташы кайсы тарапка оошу керек?

Жооп: Мен кыргызда «атасы тирүү турса сакал койбойт» деген салтты жакында эле уга баштадым. Балким кээ бир жерлерде болгондур. Андай салттарыбызды карасак, анда неге арак ичебиз? Неге келиндерибиз кайнаталары менен бийлейт? Неге аялдар жылдап иштемиш болуп тентип кете берет? Бул кайсы салт эле? Эмнеге сакалга калганда салт эске түшөт да башкада ага карап да койбойбуз?

А негизи кыргыз салтынын башаты болгон Манасты караңыз, Жакыптын тирүүсүндө Манас аялдарча кырынып жүргөнү бар бекен? Кыргызда кайсы баатырдын сакалын кырып жүргөнү айтылат? Демек, Шариатка каршы келген бир да кыргыз үрп же салты жок. Болгону азыр кээ бир дин душмандары ар нерсени ойлоп чыгара коюуда. Муну изилдебей, айтып чыга калган «горе патриоттордун» кылыгы десе болот. Балким бул да болсо кыргыз салты менен динди карама-каршы коюп, элди динден азгыруунун бир амалы болсо керек. Дагы бир жолу айтам, Шариатка каршы келген бир да кыргыз салты жок. Кыргыз салты Шариаттан чыккан жана ага шайкеш.

Суроо: Депутаттардын айрымдары мектеп окуучуларынын хижаб кийүүсүнө тыюу салган мыйзам кабыл алууну сунуштап башташты. Сиз буга эмне дейсиз? Окуучулардын жоолук менен мектепке баруусу светтик мамлекеттин принциптерине туура келеби?

Жооп: Бул глобалдык саясаттын бир учугу. Т.а. кайсыдыр держава Кыргызстан башка Борбордук Азия мамлекеттериндей эле келечекте кооптуу регион болуп туруусуна кызыкдар. Бул жашыруун эмес. Ага кантип жетишет? Албетте элде социалдык, улуттук, диний кыжырданууну пайда кылып, кырдаалды дайым чыңалтып туруу керек. Буга хижаб тим эле табылгыс шылтоо. Антесе анын кимге тоскоолдугу бар. Албетте, бирөө өлсө гана жолук сала койгон, кээ бир мээлери светтик болуп калган, депуттарга кудай берип калбаспы. Хижабды чечсе эле диний маселе токтойбу? Жок андан ары дагы бир нерсе табылат. Эмнеге? Себеби айтпадыкпы тигилерге ошол кырдаал керек. Аны ойлогон ким бар?

Чынында, хижабга каршы күрөш катардагы элдин бир катар катмарын кыжырдантты. Азыр көпчүлүк кыздарын мектепке бербей коюуну ойлонуп турат. Анан мамлекет аны зордуктайбы? Канткенде да бул жок жерден чыккан чыр. Биз хижабды кордобой, тетирисинче, элибиздин эркиндигин коргошубуз керек. Бул дегени «Эл кааласа кийе берсин хижабды» дегени. Мен, келечекте элин ойлогон, Пушкин айтмакчы, азыркынын чалдыварына биздин аттарыбызды жазган чыныгы уулдар келээрине ишенем.

 

Интервьюну  Гүлкайыр Райимкулова алган.
Маек kyrgyz.vb.kg сайтына 2014-жылдын 9-сентябрында жарык көргөн.

 

 

287 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *