МЫЙЗАМДЫ КИМ ИШКЕ АШЫРАТ?



Бул интервью Kalempir.kg сайты үчүн берилген. Интервьюда кошуна республикалардагы адал, арам жана башка маселелер тууралуу кеп болот.

Суроо: Жакында казак туугандар халал деген сөздү казакча жазабыз деп чыгышты. Биз деле халал сертификатын эмнеге адал деп өз тилибизге өзгөртө албайбыз?

Жооп: Эмнеге өзгөртө албайбыз? Өзгөртө алабыз. Бирок эмнеге өзгөртүүбүз керек. Кимдир бирөө бул сөздүн маанисин түшүнбөй атабы? Казактарда башка маселе, алардын муфтияты халал комитетине өчөшүп, өзүнчө абысын болгондогу кербези. Бизде андай көрүнүш жок. Анын үстүнө мен Кураандагы сөздү өзгөрткүм келбейт. Ким жоопкерчилигин алса өзгөртө берсин. Айтмакчы, азыр бажы биримдигинде да халал талаптары иштелип жатат. Алар бүт стандарттарды халал деп аташат. Ал эми күнүмдүк турмушта адал деп айтса эч ким урушпайт. Бизге тийбей эле сотканы, телевизорду, маршруртканы, папа-маманы «которгондой» сүйлөсө боло берсе керек. А негизи кеп халал сөзүндө эмес. Кеп анын затында. Адал деп алтын тамга менен жазса жегени эшек болсо андан эмне пайда?

Суроо: Халал сертификаты бизге келди. Келгенден бери тамак аш жаатынан башка тармакта иш алып бара алдыбы? Мисалы халал такси же халал тиш доктур?

Жооп: Биздин кеңсебиз чакан жана бизди эч ким каржылабайт. Жөнөкөй элден башка бизди колдогондор дээрлик аз. Тетирисинче «кайненелерибиз» көп. Биз болгону элге адал жегиле дегенди түшүндүрүүгө да араң жетишип жатабыз. Ал эми жаңы жааттарды иштеп чыгуу үчүн анын шарттарын Шариаттан сууруп чыга алган аалымдар керек. Мен азыр Мисрде билим алып, баралына жетип калган биздин жигиттер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатам. Балким келечекте алар жаңы талаптарды иштеп чыгууда ишти өз колдоруна алаар.

Суроо: Малазиядагыдай бирдиктүү халал ченемдерин качан толук киргизе алабыз?

Жооп: Малайзия диний мамлекет. Болгондо да кыска убакытта өтө өнүгүп келаткан мамлекет жана аларда бир эле стандарт бар. Ал да болсо халал стандарты. Биздегидей «светтик» стандарттары жок. Мамлекет арам чыгарбайт жана стандарттардын ишке ашырууну мамлекет өзү көзөмөлдөйт. Андай деңгээлге чыгуу үчүн биз да аларга окшоп диний мамлекет болушубуз керек. Айтмакчы диний дегени мамлекетти молдолор башкарат дегени эмес. Мамлекеттин мыйзамдары динден алынат дегени. Алардын экономикасы, медицинасы, тейлөөсү, бүт баары адал. Эмнегедир андан «халифат» болуп кеткен жок. Муну айтсаң «Мыктыбек Сирияга үндөп атат» десе керек.

Суроо: Халал деген атка жамынып алып арам таратып жаткандарга кандай чара колдоносуздар? Жазасы не?

Жооп: Жазалоо прерогативасы мамлекеттин колунда. Кандай гана кылмыш болбосун анын жазасын мамлекет гана берет. Бирок адал маселесинде жазалоо каралган эмес. Анткени бул диний норма. Башка тараптан, керектөөчүлөрдү алдаганы үчүн түрмөгө камоого чейин барган бир катар жазалар каралган мыйзамдар да бар. Тилекке каршы аны азыр ишке ашырган адамды табуу кыйын.

 

Интервьюну Станбек Мамыралиев алган.

Маек Kalempir.kg сайтына 2015-жылдын 1-мартында жарык көргөн.

 

 

 

116 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *