ЭЛГЕ БАКЫТ ЖОЛУН КӨРСӨТҮҮ МЕНЕН АЛЕКМИН



Бул блиц-интервью «Кыргыз туусу» гезити үчүн берилген. Интервьюда М.Арстанбектин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы, экономика тууралуу суроолго жооп алынат.

Суроо: Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымыңыз?

Жооп: Өнүгүү деген эмне? Мен экономиканын көтөрүлүүсүн, өндүрүштүн өсүүсүн же Кыргызстандын эл аралык майданга чыгып калганын ж.б. бизге таңууланып жаткан «баалуулуктарды» өнүгүү деп эсептебейм. Тетирисинче бул көрсөткүчтөргө жетүү үчүн адам тиричилик сазына батып, алды-сатты менен жашап калган макулукка айланат. Натыйжада адам жашоосунун негизги маңызы — бактысын таба албайт. Демек, ал тынбайт жана күнү түн түйшүктө, кыжаалатта жашайт. А чыныгы өнүгүү адамдардын өзүнө, жашоосуна, курчаган чөйрөсүнө болгон түшүнүктөрүнүн өзгөрүүсү менен келет. Ар бир адам бактылуу болууга укуктуу жана ага барчу жолду көрсөтүп берүү билгендердин милдети. Мен элиме өзүм билген, ишенген бактылуулукту көрсөтүү менен алекмин жана бул менин элимдин өнүгүүсүнө кошкон салымым.

 

Интервьюну Бактыгүл Чотурова алган.

Маек«Кыргыз туусу» гезитинин 2015-жылдын 16-мартындагы санында жарык көргөн.

 

 

 

274 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *