ХАЛАЛ АЗЫКТАРЫ КАНЧАЛЫК МААНИЛҮҮ?



Бул интервью «Леди кж» гезити үчүн берилген. Интервьюда адал, арам жана башка маселелер тууралуу кеп болот.

Акыркы учурларда “халал” деген сөз эл арасында кеңири тарап, элдин мындай азыктарга болгон суроо-талабы күн сайын өсө баштады. Ар бирибиз дүкөнгө киргенде адал азыктарды талап кылабыз. Бирок биз “халал” деп сатып жеп жаткан азыктардын баары эле талапка жооп бербей турганын көп угуп келгенибиз менен тастыктай албайбыз. Ошондуктан баарыбызга пайдалуу болуусу үчүн “халал азыктар кандай болушу керек?”, “Кыргызстанда кайсы азыктар чынында халал?” — деген суроолорго жооп издедик.

Суроо: “Халал” деген эмне?

Жооп: Куранда Жараткандын негизги эки өкүмү бар: ал араб тилинде халал жана харам. Кыргызча айтканда адал жана арам. Халал деген сөз араб тилинен которгондо “уруксат берилген” деген маанини берсе, харам “тыюу салынган” дегенди түшүндүрөт.

Суроо: Адал деп кайсы азыктар эсептелинет?

Жооп: Арам азык кошулбаган азыктардын баары адал.

Суроо: Арам болгон азыктар кайсылар?

Жооп: Алар:
— Чочконун эти
— Арак
— Кан
— Өлүмтүк
— Жараткандын аты аталбай союлган малдын эти
— Жырткычтардын, жийиркеничтүү жандыктардын эттери

Суроо: Адал мал деле арам болуп калуусу мүмкүнбү? Андан качуу үчүн союлуп жаткан малга кандай талаптар коюлат?

Жооп: Албетте, сиз туура айтасыз. Адал малды да адал кылуунун төмөндөгүдөй талаптары бар:
— Мал соо болуусу
— Таза багылуусу
— Мусулман сойуусу
— Касап арак ичпөөсү (соо абалында сойуусу)
— Жандык “Биссимиллахи, Аллаху Акбар!” сөзү менен союлуусу

— Сойгон адамдын акыл-эси жайында болуусу шарт.

Суроо: Кыргызстандагы халал индустриясын өнүктүрүү борборун ачылуусуна эмне түрткү болду?

Жооп:  Бизде мурдагы идеологиялык өзгөчөлүктөн улам тамактын адал, арамына анчейин маани берилген эмес. Адам ал тамакты жегенде ууланбайбы, ооруп калбайбы дегенге гана маани берилген. Ошентип олтуруп адал менен арам аралашып кеткен. Ал кесепет бүгүнкүгө чейин жетти жана тамак-аштагы арам азыр да көп аралашат. Мисалы, дээрлик бүт кондитер азыктарында алкоголь, арам бойоктор же желатин кошулат. Желатин көп учурда чочконун майынан жасалат. Бизде желатиндин адалына караганда кытайдан алынып келген арамы көбүрөөк. Ошондой эле курт-кумурскалардан алынган органикалык боёктор көп. Негизи адал десе уйдун этин гана элестетишет. Бирок, мал этинен чыккан азыктарга деле азыр чочконун майы аралашпай чыгарылганы аз. Ушулардын баары бизде да адал индустриясын өнүктүрүү борборунун ачылышына себеп болду. Биз болсо ушул нерселердин баарына карайбыз жана азыктын адалдыгы такталса гана адал деген тастыктоочу сертификат беребиз.

Суроо: Сиздердин борбор азыктардын адал экенин тастыктоочу сертификатты кандай негизде берет?

Жооп: Ар кандай азык-түлүк чыгарган ишканалар бизге кайрылышат, же өзүбүз аларга сунуш кылабыз. Макулдашылган убакта алар менен бир жылга келишим түзүлөт. Анан
адал кандай болушу керектиги тууралуу окутуп, баарын үйрөтөбүз. Кийин түшүндүрө алдыкпы ошону билүү максатында кайра алардан экзамен алабыз. Эгерде түшүнбөй калган учурда кайра окутабыз. Андан кийин гана ишканасына барып арамдын жоктугун карап, азыктар адал жол менен чыгып жатканын изилдеп чыгабыз. Жыл бою текшерип, алар бардык талаптарыбызга жооп берсе “адал азыктарын өндүрө баштады” деген сертификат беребиз. Азыр “халал” деп жазып сатып жаткан адал эмес азыктар толтура. Биз аларга тыюу салганга укугубуз жок. Аларга мамлекет көзөмөл кылышы керек.

Суроо: Адал эмес азыктын жоопкерчилиги жеген адамда болобу же саткан адамдабы?

Жооп: Жеген адамда да, саткан адамда дагы болот. Жеген адам анын адал деген жазуусуна карап тактабай алып жеди, ал адам Кудай алдында күнөөлүү болбошу мүмкүн.
Бирок курсагында арам тамак турганы үчүн анын кылган дубасы 40 күнгө чейин кабыл болбошу мүмкүн.

Суроо: Жашылча-жемиштердин адал, арамы болобу?

Жооп: Мисалы, картошканын арамы болушу мүмкүн. Анткени азыр ГМО (Гендик модификацияланган организм) аркылуу өстүрүп жатышат. Эгерде шарият арам деп эсептеген заттар менен аргындаштырылса, арам болот. Өсүп жаткан картошкага колорад коңузу кирбесин деп чаяндын генин аргындаштырышат. Чаян шариятта арам болгондуктан, ал картошка сунуш кылынбайт. Ошондой эле талаада буудайды чычкан жебесин деп ага мышыктын гени менен аргындаштырышат. Мышык шариятта арам. Бүгүн илим ГМОнун зыяндуулугун далилдей баштады. Эгер ГМОнун зыян экени далилденсе, шарият ГМО жолу менен эмнени кошуп өстүргөнүнө карабай баарын арам деп эсептейт.

Суроо: Эт сатып алганда арам, адалы билинбейт да, мисалы сиз кайдан сатып аласыз?

Жооп: Касаптарын биз окуткан, биздин логотибибиз бар эт саткан дүкөндөр бар. Этти ошолордон алгыла деп айтар элем. Ал эми башка жакта сатылган эттердин адал экенине
ишенүү кыйын. Негизи, билген адамга арам жана адал эттин айырмасы болот. Арам эт бат караят, анткени анда кан көп калган. Бирок кээде адал эт деле карайып кетиши
мүмкүн. Малдын адалданып союлганын өзүң карап турбасаң аңдоо дээрлик мүмкүн эмес. Ошондуктан биз ишенимдүү түйүндөрдөн гана алгыла дейбиз. Азыр арам этти деле адалга окшотуу үчүн айрымдары уксус, марганцовка менен жуушат экен. Ага карабай ал этте көп кан калат. Жараткан канды арам кылган.

Биз маегибиздин аягында М.Арстанбектен арам кошулмалардан турган Е-коддору тууралуу да маалымат алдык жана алардын тизмесин сиздердин назарыңыздарга сунуш кылабыз. Демек, азыктын сыртында төмөнкү белгилердин бири болсо, ал азык арам болуп эсептелинет: Е 120, Е 441(желатин), Е 542, Е 904, Е 920, Е 921, Е 1000, Е 1001, Е 1100, Е 1101, Е 1102, Е 1103, Е 1104, Е 1105, Е 1200 (хитозан). Ал эми төмөнкү белгилер кездешкен азыктар күмөн туудурат:
Е 132, Е 422, Е 471, Е 472а, Е 472b, Е 472c, Е 472d, Е 472g, Е 472e, Е472f, Е 478, Е 951 (кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга болбойт).

 

Интервьюну Динара Чокоева алган.

Маек «Леди кж» гезитинин 2014-жылдын 10-июнундагы санында жарык көргөн.

 

 

661 просмотров всего, 5 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *