ХАЛАЛ МЕНЕН АДАЛДЫН КАЗАКЧА АЙЫРМАСЫ



Бул интервью «Спутник» сайты үчүн берилген. Интервьюда адал, арам жана башка маселелер тууралуу кеп болот.

Суроо: Жакында Казакстан «халал» дегенден баш тартып, «адал» деп айтабыз деп жатат. Себеби, «халал» стандарты делип эле бардык тиешеси жок жерлерге берилип жатат деген жүйөө келтиришүүдө. 1-марттан баштап «адал» стандарты берилип баштайт экен. Ал болгону тамак ашка гана берилет экен.

Жооп: Сиздин сурооңузга бир аз көлөмдүү жооп берүүгө туура келет. Биринчиден «Халалдан» баш тартуу өтө оор күнөө. Бул Куран жана Шариат талаптарынан баш тартып, «адал» деген нормаларга өтүү дегенди билдирет. Эгер «адал» ошол эле Кураандан алынган десе анда аны «адал» деп атоодо кандай муктаждык бар? Же бирөө жарым халал деген сөздү түшүнбөй жатабы? Менимче кеп башкада болсо керек.

«Халал» деп тиешеси жок жерлерге берилгени үчүн» деген да себеп эмес. Анткени, Шариаттын тиешеси жок бир да жер жок. Же адам жашоосунун Шариаттын тиешеси жок чөйрөсү бар бекен? Муну окумуштуумун деген адам айтпайт. Анын үстүнө муфтият деңгээлинде. Шариат адам жашоосунун ар бир чөйрөсүнө тиешеси бар. Ажатканада отуруудан баштап, космоско чейин тиешеси жана өкүмдөрү бар. Бирок, кимдир бирөө «халал» такси же «халал» мейманкана болоорун билбеши мүмкүн. Бул башка кеп. Тактап кетели, такси да мейманкана да Шариат негизинде тейленсе элде «халал» деп аталат. Тагыраак айтканда такси аял менен эркек клиенттердин ортосундагы тартипти кепилдөөсү, ал эми мейманкана ойноштукка жол бербөөсү керек деген Шариаттын стандарттары бар. Демек дин өкүмдөрү ар бир чөйрөгө өкүм берет. Эми стандарт деген эмне? Ал кайсыдыр нерсенин үлгүсү.

Халал стандарттарын Шариаттын негизинде айылдын молдосу деле чыгара алат. Бирок аны эл аралык мекеме алабы? Казакстан муфтиятынын «адал» стандарттарын биринчиден мен көрө элекмин. Аны алар иштеп чыкканда да кайсы мекеме алат? Бул чоң маселе. Анткени, Казакстандын халал индустриясы дүйнөлүк аты чыккан уюмдар жана аалымдар иштеп чыкка эл аралык стандарттар менен иштейт. Ошондуктан алардын сертификаттарын өлкөнүн ичинде 700гө жакын ишкана, анын сыртында Швеция, Канада, Россия, Мексика, Иранга чейин кезекке туруп алышат. Ал мекеменин адистери эл аралык деңгээлдеги эксперттер. Казакстан халал индустриясы Малайзиядан кийинки эле мекеме, ал SMIIKтен (бүткүл дүйнөлүк мусулман өлкөлөрүнүн уюму) аккредитация алган. Алар Малайзиянын тең ата партнеру. Россиянын, Татарстандын, Кавказдын бир катар сертификат берүүчү уюмдары ушул Казакстан халал индустриясынан окушкан. Ал эми бул жаңы «адалды» ким иштеп чыккан, аны стандарт катары ким ким тааныйт жана аны ким алат?

Анан 1-марттан баштап кантип «халал» стандартарын жок кылат? Аны алган мекемелерди жабышабы же аларды биздин «адалды» алгыла деп зордошобу? Булар эл аралык деңгээлде танылган ISO, HACCP стандарттарынын катарындагы нормаларды кантип жоготушат? Менимче маселе конкуренцияда. Дагы кимдир бирөөлөр өз алдынча сертификат чөйрөсүнө киргиси келип жатат. Бирок, бирөөнү жамандоо, адамдарды Шариат маселелеринде чалгытуу менен иш баштаганы туура эмес. Алардын стандарттары чыксын, аны мекемелери алсын анан мактанышса болмок. Айтмакчы, алар Кыргызстанга да келип, муфтият, дагы бирөөлөр менен жолугушуп, биздикилерди да тукуруп кетишкен имиш. Биздикилер эмне деп жооп беришти, кудай билет. Негизинен рынок бул конкуренция жана биз аны түшүнөбүз. Бирок, конкуренция да Шариаттын негизинде жүргөнү жакшы.

Суроо: Бизде ушундай киргизүү керекпи?

Жооп: Биз да эл аралык стандарттар менен ишетешебиз. Өзүбүздүн улуттук стандарт керек деп бизди уруша бергенинен, өзүбүзчө стандарт иштеп чыксак, ошол эле бизди урушкандар «кереги жок, бизде эл аралык стандарттар бар» деп кайра албай коюшту. Демек, бизде да «ичи тызылдагандар» бар. Алар өздөрү бир жарытылуу деле иш кыла алышпайт. Бирок, коомдук пикирди чайкаганы уста.

Суроо: Бизде Кыргызстанда халал сертификаты кандай шартта берилет? Бүгүнкү күнү «халал» стандартына туура келет деген сертификатты сиз бересиз. Бүгүнкүгө чейин канча ишканага ушундай сертификат берилди? Негизинен кайсыл тармак боюнча иштеген мекемелерге берилет?

Жооп: Биз бекитилген эл аралык стандарттардын негизинде иш жүргүзөбүз. Т.а. алгач мекеме менен келишим түзүлөт. Анан анын адистерин «халал» стандарттары боюнча окутабыз, экзамен алабыз, түшүнбөгөндөрүн кайра окутабыз. Соң мекеменин өндүрүштүк конвейери изилденет жана анын Шариаттын талабына терс жагдайларын табабыз жана алар алмашылат. Алар биздин талаптарды толук ишке ашырса жана продукциясы толугу менен биздин талаптарга жооп бергенде гана «Бул мекеме Шариат талаптарына ылайык өндүрөт» деген күбөлүк беребиз. Ошондон баштап келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде алар биздин адистердин көзөмөлүндө болот. Кайсыдыр кошулмасын аныктоо үчүн кээде лабараторияларга кайрылабыз. Биздеги эң күчтүү жана заманбап лабараториялар менен келишимдерибиз бар. Эгер бизден сертификат алган мекеме келишимди бузуп арам кошсо аны менен келишим токтотулат жана сертификат артка чакыртылып, элге жарыяланат.

Айтмакчы, биз бул иштин баарын акчага жасайбыз. Анткени түйшүк оор. Анын үстүнө бизди эч ким каржылабайт жана өзүбүзгө жараша чыгашаларыбыз да бар. Эл бизге ишенет. Бизге ошол керек. Аллах алдындагы аманатыбызды ак жол менен актоого аракеттенебиз. Элдин ишенимин актоо үчүн акчасына деле карабайбыз. Балким ошондуктан бизде бир аз ийгилик бар. Бирок, биз: «Биздин сертификатка эле ишенип жей бербеңиздер. Өзүңүздөр да текшерип, мекемелердин жоопкерчилигин талап кылыңыздар» — деп элге да кайрылып турабыз. Себеби, айдоочуга права берилет жана ал права эми авария болбойт деген кепилдик эмес. Бизде да авария болушу мүмкүн. Пендебиз. Бизди Аллах сактасын.

Биз кечээ бизден сертификат алып, алдаган мекемелерди тапкан журналисттерге сыйлык жарыяладык. Ошондой эле, биздин сертификатыбызды алган мекемелер мамлекеттик талаптарга жооп бербесе биз сертификатыбызды кайра чакырабыз деп жатабыз. Ушундай иштер көп.

 

Интервьюну Расул Мурат алган.                                                                                                                                                                                                                                                                

Маек «Спутник» сайтынын 2015-жылдын 27- февралында жарык көргөн.

 

 

436 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *