АДАМДАР ТАМАКТЫН АСЫЛЫН ГАНА ЖЕСЕ ДЕЙБИЗ



Бул интервью «Эркин тоо» гезити үчүн берилген. Интервьюда адал, арам жана башка маселелер тууралуу кеп болот. 

 

Рахматулла ажы Эгембердиевдин тушунда муфтияттын демилгеси менен өз курамында  Халал бөлүмү ачылып, аны Мыктыбек Арстанбек жетектеп келген. Кийинки кездерде бул бөлүм жабылып, М.Арстанбек өз алдынча тастыктоо борборун уюштуруп мамлекеттик каттодон өткөргөн жана азыр бул мекеме үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Биз төмөндө ал уюмдун иштери жөнүндө маек куруу үчүн анын негиздөөчүсү М.Арстанбекти кепке тарттык.

Суроо: Мыктыбек ажы, эмне үчүн халал тастыктоо азыр талап кылына баштады?

Жооп: Мурда сатыктагы азыктын халалдыгын тастыктоо эмес, дегеле халал түшүнүгүнүн тегерегинде дээрлик көйгөй болгон эмес. Көп жерлерде быссымылданы айтып-айтпай, мас-соо, урду-сокку менен деле союлган мал доңуз эле болбосо — адал деп эсептеле берген экен. Бирок, акыркы жылдары мусулманчылык кенен тарап, анын үстүнө рынок мамилелеринен улам базарда тамак-аштын түрлөрү арбып, курамында ар кандай кошулмалары бар тамактар көбөйгөнү тууралуу да кептер кенен тарай баштаган. Базар тилекке каршы кирешени эле кууп жашайт эмеспи, адал маселеси да барган сайын чайкоочулукка өтүп кеткен. Халал деп жазылып турса эле эл ишене берген. Ошондон улам, сатыктагы тамактын адалдыгын тастыктоо муктаждыгы пайда болуп, биз бул иштин жайын атайын башка мамлекеттерден окуп келип, өз алдыбызча иштеп баштадык.

Суроо: Анан кандайча муфтияттын курамында иштеп калдыңыз?

Кийинчерээк муфтияттан “Бизде дагы ошондой бөлүм ачып иштеп бергиле” — деп биздин Москвадагы негизги кеңсебизге сураныч түшкөн. Мындай сунушту макул көрүп, борбордон атайын иш билгилер келип, бир катар адисттерди окутуп, муфтиятта халал бөлүмүн ачылып, аны аккредитациядан өткөрүшүп беришкен. Анан аны жетектөө мага сунушталып, мен макулдугумду бердим жана биз муфтияттын курамында бир жылдан ашык иштедик. Кудайга шүгүр, биз бул учурда көп жасаганы үлгүрдүк жана мында муфтияттын зор жардамы тийди. натыйжада жүзгө жакын ишканалардын өндүрүшү адал системасына которулду.

Биздин негизги максатыбыз дал ошондой болчу. Халал деп жазылып тургандар чындыгында эле атына заты төп келип, адал, таза тамактар сатылышы керек эле. Көпчүлүгү жөн эле жазып илип алышкан. Биз аларга барып, жөн эле жазып илип алыпсың, эми чындап ошого өткөрөлү деп үгүттөйбүз . Адалга которуу оюнчук эмес. “Канализациясынан” кирип, “трубасынан” чыгабыз дегендей эле татаал иш.

Суроо: Анда эмнеге муфтият бул бөлүмдү жапты?

Жооп: Чынын айтканда бүл бөлүм жабылган эмес, тагыраагы муфтият жапкан эмес. Бул бөлүм көрсөткөн кызматы үчүн акы алат, бирок муфтият салыктан бошотулган уюм болгондуктан мамлекетке салык төлөбөй келе жаткан. Натыйжада кооптуу кырдаал түзүлдү жана мен ишкердүүлүгү үчүн салык төлөгөн мекеме болуу үчүн Р.Эгембердиевке өз алдынча бөлүнүп чыгуу сунушу менен кайрылдым. Ал макул болуп, биз бөлүнүп жаткан учурда муфтиятта «реформа» болуп, Р.Эгембердиев иштен алынып, ордуна жаңы муфтий келди. Жаңы муфтий али бул иш тууралуу толук кабардар боло электе анын этегине «намаз окуй калгандар» дароо бизди «жаптык» деп жарыялай салышты. Бирок, кийин абалды түшүндүргөн соң М.Токтомушев бизди чапан, калпак кийгизип узатты.

Суроо: Адалга өткөрүү түйшүгү тууралуу айтып берсеңиз. Бул кыйынбы?

Жооп: Биздин негизги иш — тамак өндүргөн мекемелердин өндүрүшүн Шарият талаптарына шайкеш жолго коюу. Анүчүн алгач мекеме менен келишим түзүлөт, анын адисттери адал негиздери боюнча окутулат, анан анын өндүрүштүк көнвейери изилденип, арам  же анын ыктымалдуулугу аныкталат Изилдөөнүн негизинде сунуш берилет жана анын талаптары толугу менен аткарылган соң гана ал ишкана тастыктоо кагазы берилет. Андан соң келишимдик мөөнөттө ал ишкананын өндүрүшү байма-бай текшерилип турат. Эгер талаптар бузулса тастыктоо кайра чакыртылып, бул тууралуу коомго кабар берилет.

Негизи бул кыйын деле эмес. Албетте, адалда сөзсүз береке болот. Ага өтүп, өзүнүн өндүрүшүн өзгөрткөндөр андан кемип же зыянын тарткандарды көргөн жокпуз. Тетирисинче кирешеси көбөйүп, бүгүнкү күндө адалга өтөлү дегендердин саны улам көбөйүүдө. Гүлдүн тамагы суу дегендей эле, адамдын тамагы адал болуш керек. Адам баласы жеген тамагынын адалдыгын аныктап пайдаланбаса, башкалардан эмнеси менен айырмаланат. Адамдын денесине кирген тамактын кубаты ген деңгээлине чейин жетет. Ал эмнени жесе, ал ошондон турат. Анын иштетип жаткан акылы эмне болот? Күнөө болбойт деп арам тамактарды жей берүүдөн гармоналдык өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатабыз. Алар эмнеге алып келди? Мисалы, миллион саптардан турган Манасты жаттап келген кыргыз эли азыр бир номерди он жолу сурайт. Эркектердин көпчүлүгү 40тан кийин балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатышат. Жаш кыздардын тукумсуздугу көбөйдү ж.б.

Суроо: Коомчулуктагы адалдын тегерегиндеги ызы-чуулар эмнеден улам чыгып жатат?

Жооп: Мен муну туура түшүнөм. Билесизби, коомчулук ошонусу менен коом экен. Ал ар дайым учурдагы болуп жаткан кандайдыр бир жаңылыкты жөн кабыл албайт. Каршылыктар болот. Аны сабырдуулук жана жакшылык менен түшүндүрүү гана маселени чечет. Эгер туура эмес иштешек, бул системадан эбак таймакпыз. Биздин тилегибиз эл адал жесе болду.

Суроо: «Бул дагы болсо акча табуунун бир жолу» деген пикирлер айтылбай койгон жок?

Жооп: Айткандары чын. Бирок кандай максаттагы акча табууну айтып жатышканы мага белгисиз. Мен өзүм журналистмин, макала жазсам ал үчүн калем акы алам. Демек, мени акча үчүн макала жазды десе болобу? Адам кылган иши үчүн маяна алганы табигый көрүнүш. Ушул сыңары эле биз дагы кылып жаткан ишибиз үчүн айлык алабыз. Исламда дубаначылык же бекерпоздук деген жок. Келишимдин негизинде ар бир ишке акы талап кылынат.

Суроо: Экономикалык тескөө министрлигиндеги иштеп жаткан “адал индустриясы” бөлүмүнө карата сиздин көз карашыңыз кандай?

Жооп: КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттик структурада диний нормативдер боюнча бир дагы институт жок. Бизде ачылганы бул туура көрүнүш. Бирок, булардын функциясы чектелген. Биринчиден, булар бизге окшоп сертификат бере алышпайт. Аны берүү бизге окшогон ыктыярдуу структураларга берилген. Алар болгону мына ушул мамлекеттеги халал индустриясынын өнүгүү стратегиясын иштеп чыгышат жана мамлекеттик кандайдыр бир акциялар менен иш алып барышат. Биз аларга көзөмөлдөө ишин берсе деген сунушту коюп жатабыз. Мисалы, дүкөндү же бир ашкананын адал же арамын биз дагы же мамлекет дагы текшере албайт. Кудайга шүгүр, керектөөчүлөрдүн алданбоосу боюнча мыйзамдарыбыз деле бар. Маркировка боюнча мыйзам кабыл алынып, жакында күчүнө кирет. Анда адал тамак-аштар жөнүндө ачык жазылган. Эми аларды ишке ашыруу милдеттери мына ушул институтка жүктөлсө жакшы болмок. Алар аны менен катар сертификатка шайкеш иш алып баруу боюнча бизди да текшере алышмак.

 

Интервьюну Бактыгүл Кулатаева алган.

Интервью «Ачык саясат» гезитинин 2014-жылдын 27-февралындагы санында жарык көргөн.

 

195 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *