«МЕНИ ТАНДАГАН КЕСИП» ТУУРАЛУУ



Кечээ менин бир канча жылдык жупуну мээнетимдин акыбети, «Мени тандаган кесип» аттуу китебим жарык көрдү. Албетте, ар бир чыгарманын өзүнө гана таандык тагдыры болот. Бул эмгектин да өзүнө жараша «пешенесине жазганы» бар. Ал тээ 2010-жылы мен Ошто ЭлТР телекомпаниясынын буйругу менен жаш адиаттерди окутуу үчүн чакырылган «Академия -5» долбооруна барып такалат. Тагыраагы мен Оштогу алдыңкы жана телевизиондук адистиктерге кызыгуусу, шыгы бар улан-кыздарды жыйнап, окутууга киришкенде жергиликтүү телевизиондук практикага негизделген окуу куралдарынын жетишсиздигинен башталган. Ошондо өзүм түнкү студияда отуруп алып, алакандай нетбугум менен ушул эмгектин алгачкы барактарын баштаган элем. Бир жуманын ичинде элүү беттен ашпаган китепче даяр болду жана дароо аны чакан көлөмдө бастыра коюп, ошону менен окутуп киргем.

Андан соң мени азыркы КТРдин башкы деректиринин орун басары Кайрат Олжобаевич Иманалиев өзү башкарып турган Бишкектеги Чыгыш Университетинин журналистика кафедрасына ишке чакырды. Ал жерде да колго илинээрлик окуу куралы жок. Телевидениеде иштеген адис катары сабактарда өзүмдүн жеке тажрыйбамдан көп мисал келтирчү болдум. Бирок аларды да бир нукка салып тартиптөө муктаждыгы бар эле.

Кийинчерээк кафедранын башчысы болуп дайындалган Сауле Кыргызбаевна Дегенбаева мага өз тажрыйбама негизделген чакан колдонмо иштеп чыгуумду сунуш кылды. Мен Ошто иштеп чыккан колдонмонун негизинде олуттуу чыгармага отурдум. Арадан алты ай өтпөй кыргыз маалымат мейкиндигиндеги телевизиондук практикага гана негизделген, ар бир материалы графикалык схемалар менен камсыздалган 120 беттен турган «Мени тандаган кесип» аттуу колдонмо китепчеси даяр болду.

Китеп оболу Кыргыз Республикасынын Эл артисттери кыргыз телевидениесинин аксакалдары жана устаздары  Молдосейит Мамбетакунов менен Тамара Жаманбаевалардын элегинен өтүп, дагы бир катар чеберлердин пикирлери менен байытылды. Бул китепте ошондой эле менин чыгармачылыгымдын бешиги болгон КТРдин айтылуу устаттарынын жана башка телемекемелердин кызматкерлеринин иш үстүндөгү сүрөттөрү да жайгаштырылды.

Келечекте балким, бул китеп дагы тажрыйбалар менен кошумчаланып өз алдынча окуу куралы болууга да негизи бардай өңдөнөт. Азыр бул китеп Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жогорку окуу жайларга таратылып жатат. Колуңуздарга тийип калса, өз пикириңиздерди мага жолдоп коюну унутпаңыздар. Айтмакчы, ушу күндөрү бул китептин бет ачаарын Чыгыш университетинде өткөрүүнү көздөп турабыз, кулакдар болуңуздар.

Урматым менен КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер М.Арстанбек

 

 

 

 

1,617 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *