1.«УЛУУ ПАЙГАМБАРДЫН ЫЙЫК ЖОЛУ» КИТЕБИНЕ АЛГЫ СӨЗ



Ислам дининин пайда болуу, калыптануу жана өнүгүү жолу адамзат тарыхынын маанилүү бөлүгүн түзөт. Анткени, VII кылымдын башында пайда болгон мусулман дөөлөтү, көп өтпөй Араб жарым аралынан сыртка тарап, кылымдар карыткан Перс империясын толугу менен ээлеп, Византиянын жарымынан көбүрөөк бөлүгүн өзүнө каратты. Жаңы диндин андан аркы чакырыгы Сибирден Индияга, Африкадан Азияга чейин жетти жана тарыхта гунн, готт, мамлюк, селжук ж.б. көптөгөн бийликтердин пайда болуусун шарттады. Бул дөөлөт маданияттын али тарых көрбөгөн жаңы адебин үйрөттү, илимди адамзаты али билбеген бийиктикке алып чыкты. Анын таасиринен Европа ойгонду, Кытай кыймылга келди.

Совет бийлигинин урашы жана эгемендүүлүктүн шарапаты менен башталган кыргыз коомчулугундагы Ислам динине болгон кызыгуу улам күч алып отуруп, бүгүн өтө зор кубатка ээ болгон социалдык кубулуш катары каралып отурат. Бирок анын нукура баалуулугун жана зоболосун таасын түшүндүргөн, диний булактардын түп нускасына негизделген жергиликтүү окумуштуулардын кыргыз тилиндеги олутуу изилдөөлөрү жана алгылыктуу эмгектери азырга дейре жокко эсе. Натыйжада, Ислам динин бирдиктүү түшүнүү кыйындап, коомдо диний негиздеги бөлүнүүлөр шартталды жана бул кубулуштун алдын алуу үчүн Ислам дини тууралуу эч бурмалоосуз, так жана жеткиликтүү маалымат берүү зарылдыгы келип чыкты.

Албетте, Аллахтын акыркы Элчиси, Ислам дининин негиздөөчүсү жана мусулман үммөтүнүн жетекчиси Мухаммад салаллаху алайхи ва салламдын өмүр баянын жетишээрлик изилдемейинче Ислам динин түшүнүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан автор оболу Мухаммад салаллаху алайхи ва салламдын өмүр баянын, жаркын элесин, жашоо тартибин таасын көрсөткөн даректүү телевизиондук тасма тартууну ниет кылып, анын долбоорун жана анын сценарийин жазууга киришкен. Бул иштин жүрүшүндө М.Арстанбек Ибн Исхак, Ибн Хишам, М. Бухарий, Абу Хамид Газалий, Ибн Саад, Ибн Хаажар Ааскаланий, Абу Бакр Байхакий, Абуль-Фатх Шахрастаний, Ибн Жарир Табарий, С.Мансуруфурий, А.Маудуди, С.Мубаракфурий сыяктуу окумуштуулардын зор мурастарын тыкандык менен карап чыккан. Андан сырткары Ислам дини жана ага байланышкан коомдук кубулуштарды философиялык- академиялык мунарадан түшүндүргөн А. Массэ, У. Мьюр, Т. Нольдек, М. Родинсон, Д. Бартон, Х. Бальузи, Р. Бодли, Г. Вейль, Ю. Вельхаузен, Г. Лебон, М. Лингс, Д. Марголиус, Д. Стобарт, И. Тораваль, Д. Уитни, У. Уотт, А. Шпренгер, М. Эдвардс, И.Ю. Крачковский, Г.С. Саблуков, В.В. Бартольд, Н.П. Остроумов, В.С. Соловьев, А.Е. Крымский, И.П. Петрушевский, Е.А. Беляев, О.Г. Большаков, И.Н. Винников, П.А. Грязневич, Н.В. Ефремова, С.П. Толстов, Л.И. Климович ж.б.батыш жана орус изилдөөчүлөрүнүн да акыркы эки кылымдагы бир катар эмгектерин да көздөн кечирген.

Арадан жылдар өтүп, фильмдин сценарийи жазылып, баш-аягы беш жылдык мээнеттин натыйжасында жүздөгөн сааттык тасмалар тартылган. Бирок чогулган маалыматтар да кезеги менен иреттелип, барган сайын китеп катары типтеле берген. Натыйжада, окуялардын, даталардын тактыгы аныкталган, карталар, санжыралар, жадыбалдар, тарыхый жана көркөм сүрөттөр менен иллюстрацияланган атлас тибиндеги колдонмо китеби иштелип чыкты. Бул эмгек бир катар изилдөөчүлөрдүн элегинен бир канча ирет өткөрүлдү. Андан сырткары бул эмгекте камтылган маалыматтар көптөгөн коомдук лекцияларда колдонулуп, талкууларга коюлуп келди. Белгилүү радио толкундарында ушул эле аталыштагы уктуруулар чыгарылып, көптөгөн сунуштар, сындар кабыл алынды. Акыркы баскычта бул эмгекти тарых илимдеринин доктору Төлөбек Абдракманов, И. Арабаев атындагы КМУнун илимий кеңеши да карап чыгып, өз оюн билдиришти. Ушул сыяктуу олуттуу текшерүүлөрдөн жана бир нече ирет оңдоолордон соң гана китеп терүүгө берилди.

 

                                             Бул китептеги өзгөчөлүктөр

Ислам тарыхы хижраттан баштап эсептелет. Ал эми батыш жана орус изилдөөлөрүндө хижрат жыл санагы азыркы календар менен катарлаш берилүүсү салтка айланган. Бирок григориан-юлиан календарларындагы ажырымдардын натыйжасында көптөгөн окуялардын учурлары ар башка айтылып келет. Ошондон улам бул эмгекте камтылган тарыхый окуялардын миладий жыл санагы боюнча даталары белгилүү астроном Махмуд Пашшанын жылдыз санагынын негизиндеги жадыбалга жараша көрсөтүлгөн. Кыргыз тилинде жарык көргөн дээрлик бүт адабияттарда Куран аяттары жана хадистер түзмө-түз которулуп келет. Бул эмгекте аяттар жана хадистер көптөгөн котормолордун негизинде маанисине карап редакцияланды. Анын үстүнө жеңил окулуусу үчүн араб тилиндеги энчилүү аттар бул эмгекте оңой айтылгандай жана түшүнүктүү түзүлгөн, транслитерацияланган жок. Ошондой эле бул китептеги санжыралар, жадыбалдар, дээрлик бүт окуялардын жана жүрүштөрдүн багыттары, аралыктары чакырым жана күн менен белгиленген, рельефи так көрсөтүлгөн карталар белгилүү олутуу атластарга жана тарыхый изилдөөлөргө негизделген. Айтмакчы, карталар космостук фото сүрөттөрдөн алынган жана айтылган окуялар жүз берген жерлердин дээрлик баарына автор өзү барып, жеринен изилдөөлөрдүжүргүзгөнү маалым. Ошентип, диний тактыгы Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын жана бир катар белгилүү илим издөөчүлөрүнүн текшерүүсүнөн бир нече ирет өткөн бул кул китеп Ислам дининин пайда болуу шарттарын, тарыхый кырдаалдарды, ошол доорго мүнөздүү социалдык кубулуштарды түшүнүүдө катардагы окурманга да, олуттуу изилдөөчүгө да пайдалуу көрсөтмө болооруна ишеним бар.

 

Хадис акадмиясынын президенти Чубак ажы Жалилов

 

Аталган китеп боюнча муфтийдин алгы сөзү

 

 

2,139 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *