2. АРАВИЯ ЖАНА АРАБДАР



Ислам дининин акыйкатын туура түшүнүү үчүн анын пайда болуусун шарттаган караңгылык дооруна туура сарасеп салуу керек болот. Анүчүн акыркы пайгамбарлыктын босогосундагы Араб жарым аралындагы бийлик жана коомдук турумдарды, соода-сатык жана каада-салтты, ишеним жана ырым-жырымдарды тыкандык менен карап чыгуу зарыл. Ошондуктан бул бөлүмдө Араб жарым аралынын географиясы, аны жерлеген арабдардын санжырасы, андагы саясий түзүм жана коомдук байланыштар, соода-сатык, арабдардын караңгылыктагы ишенимдери жана улуттук өзгөчөлүктөрү кенен каралат.

 

Араб жарым аралынын климаттык алкактары

 

                                             Араб жарым аралынын географиясы

Араб жарым аралы Түштүк-Батыш Азиядан орун алган жана анын аянты 3 139 048 чарчы чакырымдан ашат. Ал түндүктөн байыркы Шам, түштүктөн Араб деңизи, батыштан Кызыл деңиз, Синай тоолору, чыгыштан Ирак, Перс жана Оман булуңдары менен чектешет. Геологиялык мааниде бул жарым арал Африка континенталдык массасынын бөлүгү болгон Араб плитасын түзөт. Түндүктөн Нефуд, түштүктөн Руб аль-Хали чөлдөрү каптап, жарым арал беш негизги климаттык алкактан турат:

Тихаама – Кызыл деңизди бойлой Йанбуудан Нажранга чейин созулган түздүк тилкеси;

Сарат тоолору – Тихааманын чыгышында, Кызыл деңизди Акаб булуңунан Йеменге чейин бойлогон тоо тилкеси. Анын түндүгү Мадйан, түштүгү Аасир тоолору деп аталат;

Хижаз – Тихаамадан Сарат тоолору менен бөлүнүп, бирок ага катарлаш кеткен тилке. Мекке жана Мадина шаарлары Хижаздан орун алган;

Нэжж – Йеменден Түштүк Иракка чейинки адырлуу плато;

Йемен – Араб жарым аралынын түштүк-батышындагы бөксө тоолуу аймак. Анын эң бийик чекити (3750 м) Сана шаарынын түштүк-чыгышында жайгашкан. Ал эми батышынан Хадрамаут, Махра жана Оман орун алган;

Аруд – Йамама, Оман жана Бахрейнден турган аймак. Жарым аралдын абасы кургак, түштүгү тропикалык, түндүгү субтропикалык келет. Январдын орто температурасы +10–20°С, июлда +30°Сден жогору болот. Тоолордо кышында суук, кар жаайт. Жаан жылына түздүгүндө 100 мм, тоолордо 4000 ммге чейин жетет.

Өсүмдүктөргө кедей, оазистеринде гана курма бактары, араб акациясы, мирра өсөт. Айбанаттардан антилопа, түлкү, газель, чөө, төө куш, илбирс, жапайы мышык, карышкыр, тоо эчки, көгүчкөн, бөдөнө ж. б. кездешет.

  

 

Урматтуу окурман, эгер сизди «Улуу пайгамбардын ыйык жолу» китебинен алынган жогорудагы жана аны улаган алдыдагы маалыматтарды өлкөнүн  элетиндеги жана андан тышкарыдагы окурмандарга жеткирүүгө кызыксаңыз биз менен ушул  www.ajyke.kg сайты,  facebook.com/marstanbek  баракчасы жана www.ajyke@mail.ru почтосу аркылуу байланышсаңыз болот. Аллахтын динин жеткирүүдө ар бир мусулман колунан келген аракетин аябай жумшоого милдеттүү.

Аллахтын динин жеткирүүдө ар бир мусулман колунан келген аракетин аябай жумшоого милдеттүү.

 

 

 

901 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *