5. АРАБ САНЖЫРАСЫ. Набит урпактары



 

Набиттен тарагандар (набатейлер) ыңгайлуу тоо тилкелерине, мөмөлүү курма бактарга, эгин талааларга, жаФйыттарга отурукташып, мал чарбасы, жер иштетүү боюнча алдына жан салган эмес (Саййид Сулайман Надавий, «Тарих ардуль-Куран», 2/78–86.  Убакыт өтүп, алар азыркы Иордания, «Израиль», Сирия жана Сауд Аравиясынын түндүгүн камтыган, б. з. ч. III кылымдан б.з. 106-жылына чейин доор сүргөн Набатеяны негиздешкен. Анын борбору – Петру шаары (азыркы Иордания) Рам өрөөнүндө жайгашкан. Набатея дароо эле (Идумеянын) Эдомдун чоң бөлүгүн ээлеп, соода кербендери Аравия аркылуу атыр — жыпарларды ташыган диадохтордун (птоломей Египети) жана Селевкидтердин атаандашына айланды. Б.з.ч. 312-жылы диадох Бир көздүү Антигон I Петруну ээлөөгө аракеттенип, бирок анын жүрүшү натыйжа берген эмес. Кийинчерээк гана Набатея птоломея Египетинин карамагына өтүп, б. з. ч. II кылымдын башына чейин анын таасиринде болгон.

Ал Селевкиддер мамлекети урай баштаганда гана эгемендүүлүккө ээ болуп, кайра кубаттанып, өзү да башка жерлерди ээлегенге жетишкен. Б.з.ч. 169-жылы Арет I тактыга отургандан баштап Набатеянын ички саясатында мурастык падышалык түптөлүп, сырткы мамилесинде хасмоней Иудеясы менен атаандашуу башталган. Б. з. ч. 84-жылы Арет III Набатеянын чегин кеңейткен. Кийинчерээк ал жерлерге (б. з. ч. I к. б. З. I к. чейин) Рим кызыгып, басым жасап келген. Ал эми набатейлер Тит (Рим кол башчысы) Иерусалимге кол салганда, куралдуу жардам көрсөтүп, аны менен өнөктөштүгү үчүн анын кысымынан аман калат. Раббэл II өлгөн соң, 105-жылы Рим тактысына отурган Траян Набатеяны баары бир багындырат жана Римдин Таштуу Аравия (Arabia Petraea) деп аталган аймагына айландырган.

 

Набатея падышалыгынын чеги
Петрудагы ташка оюлган сарайлар

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

—————————————————————————————————————————

Урматтуу окурман, эгер сизди «Улуу пайгамбардын ыйык жолу» китебинен алынган жогорудагы жана аны улаган алдыдагы маалыматтарды өлкөнүн  элетиндеги жана андан тышкарыдагы окурмандарга жеткирүүгө кызыксаңыз биз менен ушул  www.ajyke.kg сайты,  facebook.com/marstanbek  баракчасы жана www.ajyke@mail.ru почтосу аркылуу байланышсаңыз болот. Аллахтын динин жеткирүүдө ар бир мусулман колунан келген аракетин аябай жумшоого милдеттүү.

Аллахтын динин жеткирүүдө ар бир мусулман колунан келген аракетин аябай жумшоого милдеттүү.

 

 

207 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *