4.АРАБ САНЖЫРАСЫ. Арабдашкан арабдар



Арабдашкан арабдардын теги Ибрахим пайгамбардан башталат. Мусулман окумуштууларынын эмгектеринде Ибрахим пайгамбардын азыркы Түркиянын Урф шаарында, бутпарас Азар ибн Нахурдун  (же амекиси) үйүндө төрөлгөнү айтылат. Анын калган өмүр таржымалы анчейин хронологиялык  тартипке келтирилген эмес. Бирок Библияда Ибрахим пайгамбардын – Авраамдын  Евфрат дарыясынын батыш жээгиндеги байыркы шумерлер негиздеген Ур шаарында төрөлгөнү, атасынын Фарра Куфага жакын Куса айылынан чыкканы жана бут айкелдерин жасаган усталыгы, Авраамдын ушул кыштакта отко ыргытылганы жана бул окуядан соң ал өз аялы Саара, амекиси  Лут жана аны аялы менен Түндүк Месопотамияга (Ханаанга) качканы, Харранга жеткенде Фарра көз жумуп, андан ары алар Палестинага, ал жердеги кургакчылык жана ачарчылыктан Мисрге көчкөнү айтылган.

Ибрахим пайгамбардын Мисрге көчүүсү  б.з.ч. XX кылымдагы түндүк-түштүк согушу бүтүп, түштүк түндүктү жеңип, Миср биригип, чоң дөөлөт катары кубатына кирген жана аны бузукулугу чектен ашкан фараон башкарып турган доорго туш келет. Фараондун нөкөрлөрүнүн көзү түшкөн чырайлуу кыз-келиндер күч менен сарайга алдырып, фараондун кумары канмайынча коё берилген эмес.

Шаар кыдырган нөкөрлөр  Ибрахим пайгамбардын   да четтен келгенин угуп, анын аялы Саараны  сарайга алып барышат. Туткундун  сулуулугуна арбалган фараон бузукулук кылганы калганда Сааранын аброюн Аллах өзү сактайт жана мындан катуу таасирленген  фараон Саарага Хаажар аттуу кызды  тартуу кылып, көптөгөн белек-бечкектер менен узатат. Ибн Хишам Хаажардын Мисрдеги Фарамга жакын  Уммуль-Араб айылынан чыкканын айткан. Ал эми Мухаммад Сулайман Мансуруфурий  Хаажарды эрксиз күң эмес, тетирисинче фараондун эфиоп аялы (же күңү) төрөгөн кызы экенин далилдеген. Кийинчерээк Ибрахим пайгамбар бүлөөсү, амекиси Лут менен Палестинага кетип,  ал жерден өз алдынча бөлүнүп, Ибрахим Биир Сабаага (Беэр-Шева), ал эми Лут Өлүк деңиздин түштүгүндөгү Бухайрат Лутка (Луттун көлү) отурукташып калган.

 

Фараондун бүлөөсү
Гизадагы пирамидалар

 

 

 

 

 

 

 

 

Балалуу  болбогон  Саара Ибрахим пайгамбарды  Хаажарга өзү үйлөп,  Хаажар Исмаил аттуу уул төрөйт. Кийинчерээк Ибрахим Хаажар менен чөргөктөгү  Исмаилды Аллахтын каалоосу менен Хижазга алып барып, бир калта курма, бир чанач суу менен  калтырып, өзү жерине кайткан. Эне-баланын азыгы түгөнгөндө, Аллахтын каалоосу менен жерден  Замзам булагы атып чыгат. Бул учурда буга чейин Йеменден бери жер кезип жүргөн Кахтандын  Журхум   уруусу  асманда тегеректеп учкан куштарды көрүп, Замзам булагын табат.  Алар Хаажардын уруксаты менен ошол жерге   отурукташып калышат. Мекке шаарынын тарыхы мына ошол учурдан башталат.

Ибрахим пайгамбар аялы жана баласынан кабар алуу үчүн кез-кези менен Меккеге каттап турган. Тарыхый  булактардан анын Меккеге төрт жолу каттаганы жана биринчи сапарында Исмаилды курмандыкка чалган окуя жүз бергени маалым. Куранда бул окуя тууралуу: «Алар экөө тең (Аллахка) моюн сунуп, (Ибрахим Исмаилды маңдайын жерге буруп) жаткырган кезде, Биз ага: «Эй, Ибрахим! Сен түшүңдү аткардың!» (дедик). Чындыгында Биз жакшылык кылгандарды ушинтип сыйлайбыз. Акыйкатта бул анык сыноо. Жана биз ага (уулунун ордуна) чоң курмандык кылууга уруксат бердик» (Куран, «Ас-Соффат», (37) 103–107.  ) – деп айтылган.

 

Жаңы түптөлө баштаган Мекке
Алгачкы Каабанын макети

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Журхум уруусунун сүймөнчүгү болгон Исмаил араб  тилин бала  кезинен үйрөнүп,  Хаажар көз жумган соң Журхум уруусунан үйлөнгөн. Ибрахим пайгамбар Меккеге экинчи ирет келгенде уулу менен жолугуша албайт. Бирок, анын жубайынан жашоо шартын сураштырып, тааныбаган келини турмуштун начардыгына наалыйт. Буга нараазы болгон пайгамбар уулуна «босогосун алмаштырууну» табыштап кайтат. Исмаил, аялынын сөзүнөн атасынын келгенин жана анын табыштаганын түшүнүп, аялын кетирип жиберет. Көп өтпөй ал Журхум уруусунун башчысы Мудад ибн Амрдын Раала аттуу кызына үйлөнөт.

Ибрахим пайгамбар Меккеге кийинки сапарында да уулун жолуктура албайт. Бирок бул сапар ал жаңы келинине ыраазы болуп, уулуна «босогосун бекемдөөнү» табыштайт. Үйгө кайткан Исмаил жубайына атасынын ыраазы болгонун түшүнөт.

Ибрахим пайгамбар Меккеге төртүнчү келишинде гана уулу менен жолугушат.  Исмаил бул учурда Замзам булагынын боюндагы чоң чынардын түбүндө ууга чыгуу үчүн жаа-жебелерин камдап отурган жана атасын көрөөр замат анын бутуна жыгылып, ата-бала татыктуу учурашат. Андан кийин алар топон сууда урап, чалдывары кум астында калган Каабанын ордун таап, аны кайра тургузушат. Ибрахим пайгамбар Аллахтын буйругу менен адамдарды ажылыкка чакырат.

Ибрахим пайгамбар 175 курагында көз жумат жана анын сөөгү Хеврон шаарынын (Палестина) байыркы бөлүгүндөгү Махпела үңкүрүнө жубайы Сааранын жанына коюлат. Кийинчерээк ал жерге «Харам аль-Ибрахийм» мечити курулган.

 

Ибрахим пайгамбардын кабыры
«Харамуль-Ибрахийм» мечити. Хеброн
Хижр – Хаажар менен Исмаилдин сөөгү коюлган жер

 

 

 

 

 

 

 

 

Исмаил Набит, Кайдар (Кидар), Адбаиль, Мибшам, Мишма, Дума, Миша, Худуд, Йатма, Йатур, Нафис жана Кидман аттуу он эки уулдуу болот жана  алардын ар бири өз алдынча он эки урууну баштап,  урпактары  Аравиянын чар тарабына тарайт. Учурда   Набит (Набайут, Неваиоф) жана Кайдар тукумдарынан башкасы тууралуу маалымат жокко эсе.

 

 

Ибрагим пайгамбардын баскан жолдору

 

———————————————————————————————————————

Урматтуу окурман, эгер сизди «Улуу пайгамбардын ыйык жолу» китебинен алынган жогорудагы жана аны улаган алдыдагы маалыматтарды өлкөнүн  элетиндеги жана андан тышкарыдагы окурмандарга жеткирүүгө кызыксаңыз биз менен ушул  www.ajyke.kg сайты,  facebook.com/marstanbek  баракчасы жана www.ajyke@mail.ru почтосу аркылуу байланышсаңыз болот. Аллахтын динин жеткирүүдө ар бир мусулман колунан келген аракетин аябай жумшоого милдеттүү.

Аллахтын динин жеткирүүдө ар бир мусулман колунан келген аракетин аябай жумшоого милдеттүү.

 

 

 

225 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *