7. АРАБ ЖАРЫМ АРАЛЫНДАГЫ САЯСИЙ ТҮЗҮМ



 

 

Араб жарым аралынын саясий абалына негизинен түндүктөн Рим жана анын оң канаты болгон Византия, чыгыштан Перс империясы, түштүктөн Йемен жана түштүк-батыштан Хабаш 1 падышалыктарынын саясий мамилелери таасир берип турган. Түндүк менен түштүккө каттаган кербен жолдорун эске албаганда, алардын эч бири арабдар жердеген чөлкөмгө дээрлик кызыккан эмес жана кылымдар бою отурукташкан арабдар кадимки мамлекет сымал (Хижаз, Кинда) бийликтерге баш ийсе, көчмөн арабдар (Нэжж, Тихаама ж.б.) майда уруу башчылык менен жашоо кечиришкен. Ошол эле учурда алар түндүк- батыштагы гассанийлердин Шам 2 жана түндүк-чыгыштагы ляхмийлердин Хийра 3 бийликтери менен да тыгыз байланышта болгон.

 

Араб жарым аралындагы саясий бийликтердин чектери

1 Аксум же Абиссиния, азыркы Эфиопия
2 Византиянын вассалы.
3 Персиянын вассалы.

 

Шам бийлиги 4

Илгерки булактарда Жер ортолук деңизинин чыгыш өлкөлөрү 5 жалпысынан Шам 6 деп аталган жана Римдин чыгыш канаты – Византиянын карамагында турган. Кийинчерээк Византия чыгыш чек араларын арабдардын карактоосунан коргоо жана алар менен
байланышты сактоо үчүн Римдин колдоосу менен Шамга өз алдынча бийлик негиздеген жана ага алгач Дужаамийлерди 7 жалдаган.
Бекитилген салт боюнча араб урууларын уруу шайлаган башчысы башкарган. Бирок, барган сайын бийлик мураскорлукка өтүп, муундар жана туугандар ортосунда өз ара келишпестиктер көбөйүп, дужамий бийлиги алсыздап кеткендиктен, Рим Шам бийлигин
Гассанийлерге 8 өткөрүп берген. Алар ордосун Нефуд чөлүнүн түндүгүндөгү Думатуль- Жандалга которушкан. Гассанийлер династиясын Йеменден чыккан Жафн ибн Амрдын урпагы Хаарис ибн Жабаль негиздеген.

Айтмакчы, шейх Сулайман Надавий Гассанийлерди 9 Кахтандын эмес, Набиттин урпактары деген 10 . Гассанийлер тез арада чектеш христиан (несториан) араб урууларын бириктирип, аларды Византия таажысына кызмат кылууга ынандырган. Бул үчүн император вассалдарынын ичинен Шам төрөсүнө гана «василевс» титулун ыйгарган. Гассанийлер Византиянын кызыкчылыгы үчүн өздөрүнүн аталаш туугандары болгонуна карабай, перстердин кызматында турган ляхмийлер жана башка араб-христиандары менен да дайым атаандашып жана согушуп да келген.

А. Македонский менен Кир II нин салгылашуусу. Помпейдеги байыркы мозаика Ислам дөөлөтүнүн башатында гассанийлер алгач Византия менен халифат ортосунда ортомчулук кылган. Кийин, Умар ибн Хаттабдын халифтигинде (636-жылы) Тивериад көлүнүн батышындагы Ярмук өрөөнүндөгү кагылышууда гассанийлер Византия тарапта согушуп, Византия аларды коргой албай, Халид ибн Валиддин аскерлеринен шерменделик менен жеңилген жана хижраттын 13-жылы гассанийлер династиясы тарыхта жашоосун токтоткон. Шамдын акыркы падышасы Жабаль ибн Айхам 638-жылы Ислам динин кабыл алып, Меккеге ажылык да жасаган. Бирок, ал кийин христиан динине кайтып, халифаттан жашыруун качып чыгып,642-жылы Констанинопольдо качкында жүрүп көз жумган 11

4 Гассанийлер.
5 Азыркы Сирия, Ливан, Ирак, «Израиль», Палестина, Иордания, Египет, Түркия мамлекеттери.
6 Европа адабиятында Левант, бай. фр. Soleil levant — күн чыгыш дегенди билдирет.
7 Йменден чыккан Кудаа уруусунун бир бутагы.
8 Йеменден түндүккө көчүп баратып, уруу убактылуу отуруп калган Гассан кудуктун аты.
9 Йасрибтеги Хазраж жана Аус уруулары Гассанийлерден тараган делет.
10 Саййид Сулайман ан-Надавий, «Тарих ардуль-Куран», 2/78–86.

 

Урматтуу окурман, эгер сизди "Улуу пайгамбардын ыйык жолу" китебинен алынган жогорудагы жана аны улаган алдыдагы маалыматтар чындап кызыктырса бул китепти борбордук мечиттин тегерегиндеги дүкөндөрдөн сатып алсаңыз болот. Ошондой эле эгер Сиз бул китепти Кыргызстандын элетиндеги жана андан тышкарыдагы окурмандарга жеткирүүгө да кызыксаңыз биз менен
ушул http://www.ajyke.kg сайты, https://www.facebook.com/marstanbek баракчасы жана www.ajyke@mail.ru почтосу аркылуу байланышсаңыз болот. Аллахтын динин жеткирүүдө ар бир мусулман колунан келген аракетин аябай жумшоого милдеттүү.

268 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *