8. АРАБ ЖАРЫМ АРАЛЫНДАГЫ САЯСИЙ ТҮЗҮМ. ХИЙРА БИЙЛИГИ



 

 

Б.з.ч. 557–529-жылдары Улуу Кир бириктирген Иран, Ирак жана ага жандаш аймактар б.з. ч. 326-жылы Александр Македонский Дарий Iдин аскерлерин талкалаганга чейин перстердин карамагында турган. Кубаты урап, жерлери таланган перстерди б.з. III- кылымына чейин башка падышалар башкарып келген. Бул аралыкта Ирак тарапка алгач Кахтан, соң Аднан арабдары көчүп, Месопотамиянын бир бөлүгүн ээлегени да жетишкен.Б.з. 226-жылы Ардешир бириктирген перстер сасанид мамлекетин негиздеп, кайра кубаттанган жана чектеш Хийра жана Анмар арабдарын, Ирак чөлүндө отурукташкан Рабиа жана Мудар урууларын да баш ийдирген. Ал эми баш ийбеген урууларды ал аймактардан кууган. Айтылуу Хузаа уруусу ошол учурда Шамга жер которгону мажбур
болгон. Б.з. 268-жылы Ардеширдин уулу хосрой Сабурдун бийлигинде, Хийраны Амр ибн Аадий ибн Наср Ляхмий башкарган жана ал христиан динин (несторианствону) кабылдап, отпарас хосройдун вассалдыгындагы Ляхмийлер династиясын негиздеген.

Бул династия Хийраны Иран тактысына Кубаз ибн Файруз келгенге чейин башкарган. Кубаздын  доорунда Маздак аттуу бирөө зороастризмдин жаңы сектасын түзгөн. Кубаз муну кабыл кылган жана Хийранын падышасы Мунзир IIIгө да сунуштаган. Мунзир бул сектадан жийиркенип, кабылдоодон баш тарткан. Териккен Кубаз аны бийликтен айдап, ордуна Кинда уруусунан Хаарис ибн Амр ибн Хажжарды отургузган. Айрым бир маалыматтарда Хаарис Кинда падышасы болгондуктан 502-жылы Хийраны өзү ээлеп алганы айтылат. Көп өтпөй Иран тактысына хосрой Ануширван отурат. Ал 528-жылы Маздакты жана анын жактоочуларын дарга астырып, Мунзир III-нү кайра Хийранын башчысы кылып дайындайт. Ал эми Хаарис ибн Амр качкында жүрүп көз жумат. Бир канча доор өтүп, Хийра бийлиги Мунзир III-нүн урпагы Нуъманга өтөт. Ал да бир учурда жалган жалаа менен айыпталып, хосройго чакыртылат. Соо кайтпасын туйган Нуъман үй-бүлөөсүн жана байлыгын туугандарына (Шайбан уруусуна) каттырат. Күтүлгөндөй эле хосрой аны зынданда өлтүртүп, ордуна Ийас ибн Кабисаны дайындайт. Ал эми Нуъмандын катылган байлыгын туугандары хосройдун талабына карабай, бербей коюшат. Буга кыжырданган хосрой ал урууну чабуу үчүн сатраптарын жиберет. Алар арабдардан шерменделик менен жеңилет. Ийас ибн Кабиса тактыга отурганда пайгамбарыбыз салалаху алайхи ва салламдын төрөлгөнүнө сегиз ай болгон. Хосрой Хийра бийлигине Ийастан баштап перстерди койо баштаган. Бирок, алар тегеректеги араб уруулары менен анчейин мамиле түзө албай, перс кербендери кайра карактала баштаган. Мындан тажаган хосрой 632-жылы Хийра бийлигине «Маарур» лакаптуу Мунзирди башкаруучу кылып дайындап, бийлик кайра ляхмийлердин колуна өткөн. Бирок «Маарур» болгону сегиз ай гана башкарган. Анткени, Хийрага Халид ибн Валид жетектеген мусулман аскерлери кирген.

Урматтуу окурман, эгер сизди «Улуу пайгамбардын ыйык жолу» китебинен алынган жогорудагы жана аны улаган алдыдагы маалыматтар чындап кызыктырса бул китепти борбордук мечиттин тегерегиндеги дүкөндөрдөн сатып алсаңыз болот. Ошондой эле эгер Сиз бул китепти Кыргызстандын элетиндеги жана андан тышкарыдагы окурмандарга жеткирүүгө да кызыксаңыз биз менен
ушул http://www.ajyke.kg сайты, https://www.facebook.com/marstanbek баракчасы жана www.ajyke@mail.ru почтосу аркылуу байланышсаңыз болот. Аллахтын динин жеткирүүдө ар бир мусулман колунан келген аракетин аябай жумшоого милдеттүү.

 

 

114 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *