НУРАЙЫМ



Быйыл жайында, Рамазандын алдында айтылуу «Итар» фондусунун карамагындагы атасыз балдардын бир тобу менен жолугушуу өткөрүп калдым. Буга чейин деле мындай балдар менен кээде сүйлөшүп калчумун. Аларды жетим дегени тилим да барбайт. Билбейм, эмнегедир өзүмдү алардын алдында жоопкердей сезем. Колумдан келсе баарына ата болуп бермекмин. Тилекке каршы бул мүмкүн эмес. Ошентсе да атасы кылчу иштердин миңден бирине тең келбеген жупуну аракетимди аягым келбейт.Ошентип, рамазандын алдындагы жолугушууга элүүдө бала келди. Жаштары ар башка, эки жаштан баштап он бешке чейинкилер менен жолугуштум. Баары энелери менен келишти. Ар бири менен өз алдынча сүйлөшүм отурдум. Бир күндө ашып барса төрт же беш бала менен сүйлөшөм. Ар бирине кеминде эки саатан ашык убакыт кетти. Алардын көздөрүнө тигилсең – өткүрлүктүн мүхитине кирип кеткендей болосуң. Сезимталдыгы да өзгөчө. Денеңден чыккан балаң сезбеген оюңду — кылт этээри менен туюп турушат. Кээде — ички туюмумда мококтугум, өтмөстүгүм байкалып калчудай, өзүмдү сүрдөп кармап отурган учурларым болду. Ал эми энелери тууралуу кеп өз алдынча. Ар бир эненин өксүгү – эр көтөрө алгыс арман. «Жок дегенде бул аялдардын бугун угуп, ыйын тыйып койор эркек болсочу» деп калдым. Аялдын башка аялга сүйлөгөнү адат го, бирок эркекке чечилип айткан арманы башкабы, айтор сүйлөшүп бүткөн соң: «Жок дегенде угуп бергениңизге ыракмат» — деген энелер да болду((ывмы)).

Алдымда Нурайым отурат. Эки баласы бар. Таласбеги он, Мараты жети жашта. Балдары менен көпкө баарлашып отурдум. Окууларын, мугалимдерин, сабактардын сапаты… жада калса мектептеги «атамандарга» чейин билдим. Менин каалаганым башка – албетте бул балдар атасыздыктан өксүшөт, бирок ушул өксүктүк басканы калганда мен алдыларында болсом, же мага чала коюшса, жанымды карч уруп болсо да өксүгүнө оңой жеңдире койбосмун дейм. Балким, мен өзүмө оор жүктү алып алгандырмын. Бирок, Аллахтын алдындагы жоопкерчилик мындан алда канча оор. Анткени, коом үчүн анын эркектери жооп берет.

Анан балдардын энеси – Нурайымга кайрылдым. Андан да аны-муну сурадым. Ал кыргызчасынан: «Баары жакшы, Кудайга шүгүр» — дей берди. Бирок, сөз бүтүп баратканын сезгенде, күтүүсүздөн бышкырып ыйлап жиберди.

«Биз батирде турабыз. Батир акысы айына үч миң сом. Аны эки айдан бере элекмин. Тегеректеги комоктордон карызга азык ала берип, азыр бизге эч ким нан да бербей калды. Өзүм ашканада идиш жууйм. Бир айда он беш эле күн иштейм. Бир иштеп, бир күн бошмун. Бирок бош күнүмө туура келе турган иш таппадым. Ошондуктан үчөөбүз төрт миң сом айлыкка жашайбыз. Ал эч нерсеге жетпейт.

Бүгүн эртең менен батирдин ээси акысын талап кылып келиптир. «Бүгүн акчасын бербесең кечке үйдү бошотуп кой. Башкаларды киргизем» — деп кетти. Ансыз да акыркы жума кан басымым түшүп кеткенби, башым эле ооруйт. Ал кеткен соң башымды көтөрө албай жатып калдым. Көп өтпөй жаныбыздагы дүкөндүн сатуучусу келди. Ал да акчасын доолап келиптир. «Уятыңыз жок экен. Мен сизге ишенсем бул канткениңиз? Дүкөндүн ээси менин мээмди чага берип, жаным калбады. Бүгүн төлөңүз» — дейт.

«Сиңдим, кел отур» — дедим. «Мен өлүп калсам, акчаңды кимден өндүрөсүң? Андан көрө бир аз койо турчу, өзүмө келип алайын, анан бир айласын табаармын» -дедим, араң башымды көтөрүп. «Ии эже, чын эле жүзүңүз башкача болуп атат. Кой антпеңиз. Акча жерге кирсин, тапканыңызда бересиз эже. Иштен айдаса айдасын» — деп, айтканына бушайман боло түшкөн сатуучу кыз кайра кетти. Анан сиздин балдарымды жолугушууга чакырып жатканыңызды угуп, аябай кубандым. Жок, акча сурайм деген жокмун. Болгону сизге арманымды айткым келди. Канчалаган аялдар эрлеринин баркын билишпейт. Ал тирүү болгондо биз мындай кор болбойт элек» — деп сөзүн аяктады. Мен бир да жолу сөзүн бөлбөй угуп отурдум.

«Кайрат кылыңыз» — дедим. «Азыр сиз булардан атасынан кем болбогон уулдарды чыгарышыңыз керек. Анткени, эрди эне жасайт. Атаңар тирүү болсо деле бул түйшүк сизде болмок. Уулдарыңыз бойго жетсе бул күндөр жомоктогудай артка калат» — деп бүтүрдүм, мен да сөзүмдү. Нурайым заматта өзгөрүп, жүзүндө үмүткө оролгон жылмаюу пайда болду. «Ооба, айтканңыз келсин!» — деп, уулдарын эрчитип чыгып кетишти.

Бул үй-бүлөөнүн абалын унута албадым. Кабар алайын деп таппай койдум. Көрсө телефонун уурдатып, номуру жооп бербей калган экен. Кечээ таптым. Сурасам, абалы ошондой эле.

Анан ишкерлерге, бардарларга, колу ачыктарга: «Ким ушул бүлөөнүн кажетин өз мойнуна ала алат?» — деп кайрылгым келди. Анткени, бул биздин бүлөө жана алар үчүн биз жоопкербиз. Ушул эки баласын багуу менен жан талашкан энени кара турмуш азабынан куткарганга «Аллах Өзү ыраазы болсун жана Өзү гана белгилеген сыйлыктары менен кайтарсын!» деп дуба кылам. Аллах карыз болбойт. Ал Кайтаруучу!

Айтмакчы, эсептесем, бул бүлөөнүн айына он эле миң сом кажети, анан жыйырма миң сомдой карызы бар экен.

 

 

2,694 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




НУРАЙЫМ: 2 комментария

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *