СЕНТЯБРЬ, 2017



Бул жылдын сентябры мен үчүн өтө олуттуу окуяларга бай болду. Кантсе да бул ай да өттү жана эсимде калаар окуялар ушул баракка жазылды.

 

8-сентябрь

Кечээ АТАМды өзүм жуудум, өзүм кепиндедим, жаназасын өзүм окудум жана жай башына да өзүм түшүрдүм.

Иши кылып акыр сапарына узатып … отуруп калдым. Карыганда жетим болгон оор экен.

 

 

 

 

 

 

 

10-сентябрь

Айылдагы адамдардын мамилеси суктанаарлык. Кээ бирлеринин ыркы келишпей, же жөн эле айтышып калабы иши кылып араздашып жүргөндөр да жакшылыкта го билбейм, жамандыкта баарын унутуп жабыла калып, жабыркагандын оорун колдон алып киришет эмеспи. Ушул салт кыргыз фейсбугуна да кириптир.

Атамдын кайыр кеткени менен алдастап калган экенмин, досторго, жакын санаалаштарга кабар айтканга чолом жетпептир. Сөөктү узаткан соң гана эсиме келип, фейсбукка эки чымчым жаза койгон экенмин, көңүл айткандардын санын айтпа. Арасында мени Гитлердей көргөнү да бар, жини көтөрбөй колуна түшсөм атып салгысы келгендери да жүрү. Бирок, баары туугандай, каңырыгымдын түтөгөнүн түшүнүп, мээрим сөзү менен айткан көңүлү, кутумду алда канча көтөрдү. «Дагы ким мага көңүл айтыптыр» деп улам барактап койом. Ар бир көңүл айткандын жылуу кучагын сезип жаттым.


Аллах сиздерге ыраазы болсун!
Жакшылыкта да жамандыкта бир бололу, туугандар! Сиздерге таазим!

 

 

 

19-сентябрь

Жааа- мий- лааа! Ч. Айтматовдун айтылуу повести боюнча тартылган тасмада тестиер Сейиттин ролун аткарган Насирет аке менен жолугушуп калдым.

Беш балалуу, бир канча неберелүү болуптур. Жашы быйыл алтымыш беште экен. Мен үчүн баягы эле чырт түкүргөн Сейит бойдон калган.

Аттиң убакыт. Кинодой эле өтүп бараткандай.

 

 

 

 

 

 

25-сентябрь

Бул Гүлсанам аяш энем, чоң энемдин күрөшүп чоңойгон ортагы ( курбусу, дос кызы). Быйыл жүз алтыга чыгыптыр. Көз тийбесин деп жашын дагы азайтып айтат дешет.

Атамдын өткөнүн кабарлаганча өзүнөн да кабар алганы бардым. Өзү төшөк салып, кабарды угуп: «Колума көтөрүп чоңойттум эле» деп ыйлады.

Периштедей болуп карып атыптыр. Чын эле көз тийбесин.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

514 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *