1-суроо: СЕРТИФИКАТ САТЫЛАБЫ?



Суроо: Сиздерди кээ бирөөлөр сертификаттарды сатат дегендерин уктук. Чынында эле силер сертификаттарды сатасыңарбы?

Жооп: Сертификат негизи сатылбайт. «Сатылат» дегендер келсин, биз аларга толтура сертификат бланктарын берели, сатып көрүшсүн, канча кардар чыгаар экен. Бул негизсиз сөз.

Өзүн сыйлаган бир да өндүрүшчү кандай сертификат болбосун анын сатып албайт. Анткени, сертификат анын азыгынын чыныгы көрсөткүчү жана керектөөчү канткенде баары бир анын чыныгы сапатын аңдайт. Калпы чыкса, көп өтпөй кардарларынан кол жууйт.

Азыктын адалдыгын белгилеген сертификат өндүрүмдүн Шариат талаптарына жооп берээрин тастыктаган күбөлүк. Аны да сатып алганы менен, өндүрүшү адалга төп келбесе, эртедир кечтир билинет. Бул да жөн калбайт. Ушул убакытка чейин, азыр деле керектөөчүлөрдү ар кандай кагаздар, айла-амалдар менен азгырып, киреше таап жаткан ишканалар бар. Бирок керектөөчү акыры чындыгын аңдайт экен жана эл алардан ирээнжигенин көрүп келе жатабыз. Анын үстүнө адалдыгын тастыктабай сертификат берген уюм да мыйзам гана эмес, Аллахтын да алдында чоң жоопко тартылаары анык.

КРда керектөөчүлөрдүн укугун коргогон бир катар мыйзамдар бар. Мисалы, КРнын 1997-жылдын 10-декабрында кабыл алынган №90, «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тууралуу» мыйзамда азыктын сыртындагы көрсөткүчү анын заттык сапатына дал келүүсү тууралуу бир катар беренелер бар. Т.а. эгер өндүрүшчү же сатуучу азыгынын сыртына шайкештиги далилденбеген, тагыраак айтканда атайын даярдалган адистер тарабынан изилденип, анан тастыкталган сертификатысыз маалыматы үчүн кылмыш чарага чейин жазалануусу каралган.

Ошондуктан өндүрүшчү эң оболу, кирешеден мурда  өзүнүн жоопкерчилигин ойлойт. Элде өндүрүшчүлөрдү жалганчы жана шылуундай карап калышты. Бул туура эмес. Тетирисинче биздин өндүрүшчүлөр өтө жоопкер ишкерлер. Алар да кудайдан корккон, мыйзамды сыйлаган, биздин элдин өнүгүүсүн каалаган уулдар. Ал эми жалганчы шылуундар менен биз деле иштебегени аракеттенебиз.

А негизгиси кардар күмөн санаган азыгын алып жегени туура эмес.

 

Мындан башка дагы олуттуу суроолоруңуздар болсо http://ajyke.kg cайтына, https://www.facebook.com/marstanbek баракчасына жөнөтсөңүздөр болот.

 

 

110 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *