14-суроо: ЧОЧКОНУ КИМ ТААНЫЙТ?



Суроо: Бизде чочконун эти кошулган колбасаны деле  халал деп сата берсе, ким билип коюптур? Эл ишене берет да.

Жооп: Колбаса чыгарган ишканалар да башка өндүрүштөр сымал керектөөчүгө өз өндүрүмү, анын курамы тууралуу так маалымат берүүгө милдеттүү. Андан тышкары өндүрүшчү өзү өндүргөн колбасанын курамы мамлекеттик стандартташтыруу департаменттеринен, тамак-аш коопсуздугу тууралуу жана башка сөзсүз талап кылынган сертификаттарды алганда да маалымат берет. Анүчүн ал адатта ар түрдүү лабараториялардын чечимдерин тиркешет. Керектөөчү оболу ошол маалыматтардан анын курамындагы чочко же андан башка да арам кошулмалар тууралуу билсе болот. Албетте, кээ бир коррупциялык байланыштардан пайдаланып, лабораториялык жалган чечимдерди сатып алган учурлар да болушу ыктымал. Бирок бул өтө кооптуу. Эртеби, кечпи бул иш ачыкка чыгат. Ал эми эң коркунучтуусу мындай  жоопкерсиздиктен керектөөчү жабыркап же набыт болсо өндүрүшчү жок эле дегенде керектөөчүнү алдаганы үчүн мыйзам алдында жоопко тартылат.

Ошондой эле, биздин борбор менен келишимдик негизде иштеп жаткан жана адалдыгы тастыкталган колбаса өндүрүшчүсүнө шек туулса, албетте алгач ал өндүрүмдүн мамлекеттик лабараториядан кайра өтүүсү талап кылынат жана бул сапар ал өндүрүмдүн нускасын лабараторияга өзү жеткирип, жыйынтыгын өзү алат. Андан сырткары борбор өз кол астындагы мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, РФнын «Хема медикал» компаниясы тарабынан чыгарылган атайын иммунохроматологиялык негиздеги тесттрлери менен шектүү азыктын курамын гендик деңгээлге чейин аныктаганы кудурети жетет. Анүчүн колбаса заводуна баруунун кажети жок. Дүкөндөн сатып алынган азыктын бир бөлүгүн атайын шартта текшерсе болот. Албетте, дүкөндө арам колбасаны кескен бычак иштетилсе да тестте арам азыктын гени көрсөтүлүшү мүмкүн. Бул жагдай кошумча изилденет. Бирок чынында шектелген өндүрүштө арам иштетилгени аныкталса ал мекемеден адал тастыктама чакыртылат жана бул тууралуу коомго тез кабар таратылат.

Айтмакчы, аталган тесттрлердин ошондой эле кондитер азыктарындагы (торттор, конфеттер, печенье ж.б.), ширелердеги, суусундуктардагы спирт же башка алкоголь заттарын аныктоочу түрлөрү да бар.

 

Мындан башка дагы олуттуу суроолоруңуздар болсо http://ajyke.kg cайтына, https://www.facebook.com/marstanbek баракчасына жөнөтсөңүздөр болот.

 

 

46 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *