15-суроо: УЙ ДА АРАМ БОЛОБУ?



Суроо: Биз адатта чочкодон жасалган колбасаны арам деп, малдын этинен болсо адал деп эсептечүбүз. Ушу туурабы?

Жооп: Албетте, азыр көп эт саткандардан адалдыгын сураганда: «Ооба, бул койдун же уйдун эти» — деп жооп бергенин укса болот. Алар арам десе чочкону ойлошат жана уй, кой жана башка үй жандыктарын адал дешет. Бирок Шариат көрсөткөндөй союлбаса, уруксат берилген мал деле арам болуп калаарын билишпейт. А чынында жагдай башкача. Шариатта оболу жаныбарлар арам жана адал деп бөлүнөт. Тагыраагы этин жегени уруксат берилген жана тыюу салынган жаныбарлар бар. Эшек, чочко, ит жана мышыктан башка бүт үй жаныбарлары адал. Жапайылардан кашка тиштүү канкор жырткычтардын баары арам. Канаттуулардын да дан чокубаган, канкор жырткычтарына тыюу салынган. Андан тышкары да кургакта жана сууда жашаган жаныбарларга тиешелүү бир катар анык өкүмдөр бар.

Уруксат берилген жандык Шариат негизинде союлса гана адал болот. Шариатка терс союлса сөзсүз арам болуп эсептелет.Уруксат берилбеген жандык Шариат негизинде союлса адал болуп өзгөрүп калбайт. Муну сөзсүз билүү зарыл. Адатта, колбасанын курамы технология боюнча уйдун, койдун, тооктун, каздын, өрдөктүн эттери, сыр, бойоктор, соя, даам чыгаргыч, консервант, ароматизаторлор ж.б. толтура заттардан турат. Булардын ар бири адал же арам болушу мүмкүн. Эгер эт Аллахтын аты менен союлбаса же туура эмес союлса, өлтүрүлсө, ток менен урулса, балта менен чабылса, же өлгөн малдыкы болсо арам болот. Эгер бойоктор курт кумурскадан алынса — арам, соя арам жаныбардын гени менен модификацияланса — арам, же колбасанын ичиндегилерди кармап туруу үчүн колдонгон желатин (коллагендердин денатурциясынан алынган заттар) арам жаныбардан алынса — арам болуп эсептелет.

Андан ары ал колбасаны арамга кошуп ыштаса, ташыса же арам кескен бычак менен кессе да адал тастыктоосу берилбейт. Мына ушунун баары арам кошулбагандай уюштурулат, анан тастыкталат жана сакталуусу көзөмөлдөнөт. Биздин борбор ушуга жооп берет.

 

Мындан башка дагы олуттуу суроолоруңуздар болсо http://ajyke.kg cайтына, https://www.facebook.com/marstanbek баракчасына жөнөтсөңүздөр болот.

 

 

 

113 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *