16-суроо: ХАЛАЛ ЖАРДАМ



Суроо: Силер сертификат берүү менен кайсыдыр ишканага жардам берип жатасыздар. Ал эми сертификат албаган ишкананын малы өтпөй калса бул адилетсиздик эмеспи?

Жооп: Албетте, рынок экономикасынын өзүнө таандык мыйзам ченемдүүлүктөрү бар. Анын эң ири көрсөткүчү конкуренттүүлүк. Ишканалар өз өндүрүмүнүн өтүмдүүлүгү үчүн жан далбасташат жана кардарлардын көңүлүн буруу үчүн сапатын жогорулатууга кызыкдар. Бир да адам муну туура эмес дей албайт. Анын үстүнө азыркыга чейин  тамак-аш индустриясы адал-арамга басым жасаган эмес. Бирок акыркы учурдагы Ислам дининин массалык жайылуусу кардарларды кадыресе тарбиялап, базарда адал азыкка болгон талап күчөдү. Демек, эгер кардар адал азыгын талап кылса, ага адалдыгы тастыкталган азыкты сунуш кылуу катардагы көрүнүш. Албетте, азыгынын  адалдыгы тастыкталбаса деле адал деп жазып алган кээ бир  ишканалар бар. Бул убактылуу көрүнүш болсо керек.

Ал эми чындап Шариат талаптарына шайкеш өндүрүлгөн азык көп суралат жана ал адалдыгы тастыкталбаган конкурентинен алдыга озуп чыгуусу турган кеп. Муну адилетсиздик деген туура эмес. Анткени адалдыгын тастыктоо мүмкүнчүлүгү баарына тең берилген. Адалдыгын  тастыктаса анын да базары жүрүшмөк.

 

Мындан башка дагы олуттуу суроолоруңуздар болсо http://ajyke.kg cайтына, https://www.facebook.com/marstanbek баракчасына жөнөтсөңүздөр болот.

 

 

130 просмотров всего, 2 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *