17-суроо: ХАЛАЛДАГЫ ХАРАМ



Суроо: Кайсыдыр өндүрүшчү мусулмандарды жек көрүп, адал деп ага атайы арамды кошуп сатуусу мүмкүнбү?

Жооп: Өндүрүшчү канткенде да кирешеге багытталган жана көпчүлүк өндүрүшчүлөр киреше үчүн да адал тастыктамадан өтүшөт. Анүчүн  алар өндүрүшүн адал тастыктоо кызматы талап кылган шарттарга шайкеш тазалайт, ага кайра арам аралашып кетпөөсү үчүн кам көрүшөт. Бул иш өндүрүшчүдөн ар кандай өлчөмдөгү чыгымдарды, материалдык каржаттарды жана психологиялык дагы демилгелерди талап кылат. Бир катар чыгымдар, кажеттер жана түйшүк-машакаттар менен адал тастымасын алып, мусулман коомуна таанымал болуу үчүн дагы бир канча чыгымдар менен рекламалык иш алып барып жаткан өндүрүшчү өзүнүн жеке эмоциясы үчүн жеткен деңгээлин, орной баштаган имиджин курмандыкка чала бербейт. Тетирисинче, адалдыгы тастыкталган өндүрүштүн ээси карманган динине карабай, жоопкерчиликтүү болот. Анткени, ансыз да анын  мусулман эместиги бүдөмүк күмөн саноолору пайда кылуусу ыктымал жана анын алдын алуу, кардарын таап, аны кармап калуу үчүн ал адал талаптарын бекем кармоого умтулат.

Эгер өндүрүшүндө кандайдыр кооптуу же шектүү кырдаал пайда болсо, күн же түн экенине карабай биздин борборго байланышка чыгып, пайда болгон кырдаалдан чыгууну талкулашат. Анткени, бул ишке катышкандын баары кызыкдар. Кудайга ишенгени Аллах алдындагы  жоопкерлигин сезсе, ишенбегендери кирешеге кызыкдар. Канткенде да алар өздөрүнө каршы иштешпейт да.

 

Мындан башка дагы олуттуу суроолоруңуздар болсо http://ajyke.kg cайтына, https://www.facebook.com/marstanbek баракчасына жөнөтсөңүздөр болот. 

 

 

128 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *