21-суроо: ШАРИАТ КЕҢЕШИ



Суроо: Сиздердин халал борборунун Шариат кеңеши барбы?

Жооп: Халал стандарттарынын практикасында эки түрдө иш алып барган Шариат кеңештери каралган. Тагыраагы Шариат кеңеши эки багытта иш алып барат. Биринчиси, жалаң илимпоздордон туруп, кайсыдыр азык, же тейлөө түрү үчүн Шариаттын талабын аныктап, аны өндүрүшкө салуу үчүн техникалык чечимин иштеп чыккан илимий топ. Адатта, бул топ Шариат өкүмдөрүнүн негизиндеги стандарттарды иштеп чыгуу менен алектенет. Экинчиси, халал стандарттарынын негизинде тастыктоо иштерин жүргүзгөн  мекемелердин ишин текшерип турган коомдук көзөмөл мандатындагы илимий топ.

Кыргызстан халал индустриясын өнүктүрүү борбору башынан эле, белгилүү Ислам окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан эл аралык стандарттар менен иштегендиктен илимий биринчи типтеги Шариат кеңешин уюштуруу муктаждыгы болгон жок. Анын үстүнө халал стандарттарынын техникалык регламент деңгээлинде иштеп чыга ала турган аалымдар али Кыргызстанда пайда боло элек. Бирок келечекте алардын чыгаарына ишенсе болот. Ал эми улам пайда болуп турган маселелерде Кыргызстан мусулмандар мусулмандарынын диний башкармалыгынын фатва бөлүмү азырынча жетиштүү чечимдерди чыгарганы кудурети жетүүдө. Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын уламар кеңеши Кыргызстан халал индустриясын өнүктүрүү борборунун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө толук компетенциясы жетет жана аны ишке ашырса максатка ылайык болмок. Андан тышкары борбор бир канча убакыттан бери коомдук негиздеги Байкоочу Кеңешин түзүү менен алек. Бирок тилекке каршы көпчүлүк аалымдар коомдук негизде иштөөгө али макулдугун бере элек.

 

Мындан башка дагы олуттуу суроолоруңуздар болсо http://ajyke.kg cайтына, https://www.facebook.com/marstanbek баракчасына жөнөтсөңүздөр болот.

 

 

197 просмотров всего, 2 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *