22-суроо: ХАЛАЛ КАТТОО



Суроо: Силер иштеп жаткан халал стандарттары мамлекеттен  каттоодон өткөнбү?

Жооп: Негизи, стандарттар каттоодон өтпөйт, болгону мамлекеттик олутуу норма болгон техникалык регламентке шайкештиги каралат жана ылайыкташтырылат. Кыргызстан халал индустриясын өнүктүрүү борбору мамлекеттик каттоодон өткөн жана ылайыкташтырылган стандарттардын негизинде иш алып барат. Анан да анын иштеп жаткан стандарттары стандартташтыруу жана метрология департаментинин экспертизасынан кошумча өткөн жана ал стандарттардын техникалык регламентке шайкештиги такталган.

Анын үстүнө борбор иштеп жаткан стандарттар ыктыярдуу колдонулууга берилгендиктен мамлекеттик органдардын кийлигишүүсү чектелген. Ал эми бул стандарттардын Шариатка шайкештиги Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы тарабынан каралган. Ошондой эле халал стандарттарынын биздин шартка ылайыкташтырылгандары да бар. Бир сөз менен айтканда баары мыйзам чегинде.

 

Мындан башка дагы олуттуу суроолоруңуздар болсо http://ajyke.kg cайтына, https://www.facebook.com/marstanbek баракчасына жөнөтсөңүздөр болот.

 

 

85 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *