23-суроо: ТЕКШЕРБЕГЕН ТАСТЫКТОО



Суроо: Сиздер адалдыгын текшербей эле сертификат берип коюшуңар мүмкүнбү?

Жооп: Теорияда, бул маселе унаа айдаганды такыр билбеген адамга айдоочу күбөлүгүн берип койгондой эле кеп. Айдаганды билбеген айдоочу кандай кооптуу болсо, жалган тастыктоо алган өндүрүшчү андан бетер коркунучтуу. Анткени, анын калп адалын жеген мусулмандардын ибадаттары кабыл болбой калуу коркунучу бар. Бул албетте ыйманды талап кылган жагдай. Бирок, адалдыгы эми жолго коюлуп келаткан өндүрүш тууралуу кеп башка. Анын келечекте адал талаптарын өздөштүрүп кетүүсү толук ыктымал. Ошентсе да анын адалдыгы толук калыптанмайынча ага тастыктама берилбейт. Айдаганды билбеген айдоочуну МАИ кармайт жана жазаласа да анын мөөнөтү жана өлчөмү бар. Ал эми арамды адал деген Аллах алдында жооп берет жана Анын алдында жооп берүү оңой эмес. Алдаганы ага татыбайт.

Бул бир тарабы, экинчиси сертификат болгону бир барак кагаз гана. Анын артында чындап адал азык турбаса, бул кыянаттык коомго жана керектөөчүгө бат эле билинет жана акыры тастыктаган уюм өзү уят болуп калат. Буга мыйзамдын да жазасы каралган. Ошондуктан эң жакшысы Шариат нормаларын талап кылып, аны аткарса гана шайкештигин тастыктаган оң. Антпесе, арамга адал деген кагазды берип коюнун мааниси эмнеде? Менимче, олуттуу адистер мындага барышпайт. Анын үстүнө биздин аракетибизди көзөмөлдөгөндөр көп. Муфтият да текшере алат. Андан тышкары бизди мамлекеттик органдар да текшерсе чындыгы аныкталат. А бизге дайым текшерип туруучу Аллахтын Өзү жетишээрлик.

 

Мындан башка дагы олуттуу суроолоруңуздар болсо http://ajyke.kg cайтына, https://www.facebook.com/marstanbek баракчасына жөнөтсөңүздөр болот.

 

 

127 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *