КАПАРДАН КАБАР



Кыргызстанда канча Капар бар? Алардын кимиси каерден? Алар эмне менен алек? Алардын ичинде кимисинин абалы кандай? Иши кылып Капарлар көп. Бирок мага телефон чалган Капар бирөө эле окшойт. «Ажыке, мен сиздин «Нурайым» деген макалаңызды окудум. Бир канча ирет окудум…» деп сөзүн баштады Капар. Бул ишкер жигит Ошто чоң үйлөрдү курат экен. Башка өзү тууралуу эч нерсе деле айткан жок.

Эсиңиздерде болсо өткөн жумада «Нурайым» деген каймана ат коюп, эки жетимин араң сүйрөп, кара курсак айынан, кыйналса да тумшугу менен жер сүзүп иштеп, өлбөстүн күнүн көрүп жаткан келин тууралуу жазып чыккан элем. Албетте, ар түрдүү ойлор айтылды, кептер болду, бирок баарынан мага Капардын сөзү оордук кылды.

«Ажыке, мага уруксат бериң, ушул бүлөөнүн карызын мен төлөйүн. Анан ай сайын он миң сомдон каржы пулун да жиберип турайын» — деди Капар. Негизи, макаланы жазып жатып, кыргыздан бирөө чыгып ушул бүлөөгө жардам берээрине иншенгемин, бирок ушинтип дароо «коммунизм» кылып жиберээрин ойлобоптурмун, оозума араң сөз кирди.

Иши кылып, көп өтпөй Капар акчасын айткандай эле салып жиберди. Аны көтөрүп алып, «Итар» кайрымдуулук фондунун жигиттери менен «Нурайымдын» үйүнө бет алдык. Балдары чоңойсо, бул күндөр артта калат. Бирок, бул макалага көздөрү түшсө жүрөктөрү дагы өксүбөсүн, же кайсыдыр «оозу бош» аларды кемсинтип жибербесин деп дагеле анын чыныгы атын атагым келбеди. Мен үчүн Нурайым эле бойдон калсын. Мындан кийин деле жардам сурагандардын атын ашкерелеп, кутун кордоо туура эмес го деп калдым.

Иши кылып Нурайым эки баласы менен жаңы конуштардын биринде үч миң сомдук батирлердин биринде турат экен. Короодо кошуна батирлештердин балдары да ойноп жүрөт. Эч кандай шарт жок. Жанагы чоңдордун май куйрук катындарына ушул шарттарды көрсөтсө балким жашоосуна шүгүр кылып, эрине адеп «апкел эле апкел» дегенин токтотоорбу деп койдум. Ким билет, албетте мээсин да май басып калбаган болсо.

Ошентип, «Итар» фондусунун өтүнүчү боюнча, карыздарын өзүбүз төлөп берели деп, Нурайымды дүкөнгө жетелеп бардык. Ишенбестик эмес. Бизге акчанын даректүү жетүүсү аманат, анын так аткарылуусуна жоопкербиз да.

Дүкөнгө кирдик, ээсин чакырттык. Салтанат деген келин экен. Нурайымдын азык алып отуруп он жети миң сомдук карызы топтолуп калганын тастыктады. Дептерин да көрсөттү. Анан биз ага акчаны эсептеп бердик. Эсептеп алды, анан дептерден аны өчүрдү. Мына ушул жерде көзүмө жаш тегеренип кетти.

Дүкөнчү келин Салтанат: «Кечээ жолдошум: Нурайым келсе карызынын жети миң сомун кечип сал деп буйурду. Ошондуктан эже, мына алыңыз бул жети миң сом сиздики» — деп  акчанын бир бөлүгүн кайрып берди. Нурайымдын акча алып жатканда көздөрүнөн жаш кылгыра түштү. 

«Кыргыздан айланса болот, бар турбайбы эли-журт, ээ карышдашым!» — дедим Салтанатка. «Албетте, барбыз агай» — деп жооп берди Салтанат.

Салтанат менен коштошуп кайттык. Нурайым эмнегедир ыйлайт. «Ыйлаба карындашым. Сен андан көрө уулдарыңды элге арнап өстүр. Алар да элине жардам бергендерден болсун» — дедим, анан коштоштук.

Дүкөнчү Салтанат жолдошу менен чоң утушта калышты. Алар азыгынын акчасын алышты, бирок көрө турган пайдасын гана кечишти. Мындан алар кедей деле болуп кетишпейт, буйруса. Тетирисинче береке келет аларга. Кана дагы барбы, пайдасын берекеге алмаштырчулар?

Биз эч кимден тиленбей эле элибизди өзүбүз карап алчу дөөлөтүбүз бар. Ал да болсо биздин эл. Чынында биздин дөөлөт – элибиз.

Айтмакчы, «Итар» фондунда төрт жүздөн ашуун жетим катталган. Каалагандарга дагы даректерди бере алабыз.

 

 

 

10,029 просмотров всего, 2 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *