1. МААЛЫМАТ КАНТИП КАБЫЛ КЫЛЫНАТ?



Дүкөнгө кирип, акчама ылайык жана менин талаптарыма жооп бере турган телефон карадым. Көзүм көп эле телефонго түштү. Кээ бирлерин тааныштарым көтөрүп жүрүшкөнүн да көргөнмүн. Бирок кайсынынсын сатып алууга чечкиндүүлүгүм жете бербеди жана дүкөнчүдөн кеңеш сурап кайрылдым. Ал: «Албетте, мунусун алыңыз» — деп бирөөсүн көрсөттү. «Эмнеге?» — деп сурадым. Дүкөнчү ал телефондун пайдасына үч аргументти келтирди. «Биринчиден бул телефон жаңы, көп функционалдуу жана стильге ылайык» — деди.

Билесизби, мен дүкөнчү сунуш кылган телефонду ары-бери айлантып карап, бирок сатып алган жокмун. Телефонго муктажмын, ага акчам да жетмек, анын үстүнө дүкөнчүгө кеңеш сурап өзүм кайрылдым, б.а. алууга чечкиндүү элем. Анда эмнеге ал телефонду сатып алган жокмун? Муну туура түшүнүү үчүн адамдын маалыматты кабыл алуу жөндөмүнө токтолуу зарыл. 

Ар бир маалымат мээде тыкан талдоодон өтөт жана анын реалдуулук менен шайкештиги аныкталат. Мээ дароо ал маалыматтын негизинде өз алдынча түшүнүк иштеп чыгарат. Тагыраак айтканда алынган маалыматтын негизинде анын «жакшылыгы», «пайдасы» же «жамандыгы», «зыяны» тууралуу өз алдынча түшүнүк калыптанат. Жогорудагы телефондун мисалында, сатуучу аны «жаңы» деди. Менде: «Жаңы болсо, демек, ал заманбап, алдыңкы жана ишенимдүү болот» деген ой менен «бул жакшы» деген түшүнүк пайда болду.

Ошол эле учурда: «Ал жаңы болсо, демек кымбат, али «ышкала» элек, тез бузулушу мүмкүн» — дедим, ичимден. Өзгөчө, мени бул телефондун көп функционалдуулугу кабатыр кылды. «Батарейкасы тез отуурусу да ыктымал» («бул жаман») деген ой келди.

Мээде түшүнүктүн калыпталуусуна катарлаш дагы башка процесстер да жүрүп турат. Мисалы,  алынган маалымат азырынча керексиз болсо, алысыраак «текчеге» сакталат. Ал эми ал такыр керексиз же жараксыз болуп чыкса мээ аны дароо эле чыгындыга ыргытат. Ошондуктан мен дүкөндөн чыккандан кийин, дүкөнчү келтирген үчүнчү аргумент алыс «текчеге» туруп калгандыктан аны араң эстедим. Анткени, стильдүүлүк мага анчейин маанисиз жана агамен анчейин маани берген жокмун. Балким мээ аны чыгындыга ыгытканы калган окшойт.

Ошентип,  пайда болгон түшүнүк чечим кабыл алуу борборуна жиберилет жана ал таразаланып, анан ага негизделген аракет тууралуу чечим кабыл алынат.

Мен эмнеге ал телефонду сатып албаганымды түшүнүү үчүн менин мүнөзүмө да токтолуу зарыл. Мен табиятымда эскичимин, тагыраагы колдонулган, практикамдан,  колумдан өткөн нерселерге, «эскилерге» көбүрөөк басым жасайм. Ошондуктан мен телефондун жаңылыгы жана көп функционалдуулугунан чочуладым. Ал эми анын стильдүүлүгү такыр маанисиз болгондуктан, эки «жаман» түшүнүк чечим кабыл борборунда мени ал телефонду сатып алуудан токтотту.

Демек, ар бир маалымат кабыл алуучуда «жакшы» деген гана бааны алып, эч качан «чыгындыга» ыргытылбашы керек. Анүчүн маалымат «жакшы» баа менен кабыл алынгандай гана берилүүсү зарыл. Бул албетте, сатуучудан өтө көп изденүүнү талап кылат.

Бул мисалдагы сатуучу — шарттуу гана. Ар бир адам (маалымат булагы) өзүндөгү маалыматты бирөөгө жеткирүүдө кандайдыр кызыкчылыкты аркалагандыктан аны  да «сатуучу» деп караса болот. Кулак салуучуну өзүнүн түшүнүгүнө ынандырып жана аны өзүнө керек болгон аракетке түртүү үчүн эң оболу «сатуучу» өзүнүн маалыматы тууралуу күчтүү аргументтер менен коштоп гана калбастан, аларды «кардардын» табитине жараша берүүнү да үйрөнүүсү зарыл. А бул адам, анын табияты тууралуу көп изилдөөлөрдү талап кылган мээнет.

 

 

 

425 просмотров всего, 2 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *