2. ЫНАНДЫРУУНУН ДАГЫ БИР КУБАТЫ



Мен дайым ораторлукка жөндөмдүү студенттерди издейм жана сабактарымда андайлар байкалса ыңгайын таап, катылган мүмкүнчүлүктөрдү өздөрү байкоосуна, ал жөндөмдөрүнө ишенимүүсүнө өбөлгө түзгөн, башкалардан өзгөчөлөгөн, өз алдынча суроолорду берип турам. Анткени, алардын баары эле өздөрүндө катылып жаткан ораторлук жөндөмдөрүн байкай беришпейт. 

Бир жолу мен ортаторлукка жөндөмдүү бир канча студентке: «Марста жашоо барбы же жокпу?» — деген суроонун тегерегинде дискуция уюштуруп, даярданууга да бир канча күн убакыт бердим. Албетте, Марстагы жашоонун барлыгын же жоктугун жерден туруп, өзгөчө Кыргызстандагы жөнөкөй окуу жайдын студенттик аудиториясында далилдөө оңой маселе эмес. Ошого карабай студенттер бир канча күн катуу даярданышты жана белгиленген күнү, айтылган убакытта чогулушту. Бул мелдештин калыстыгына мен ошондой эле чогуу иштеген мугалимдерди чакырдым жана алардан студенттердин ынандыруу далилдерин баалоолорун сурандым. Ошентип, талаш башталды.

Мен бул талашка олуттуу даярданган бир студенттин ынандыруусуна токтолгум келет. Ал ар түрдүү адисттер менен, жада калса Илимдер Академиясынын бир катар окумуштуулары менен жолугушкан. Ошентип, талаш күнү өз кезеги келгенде ал трибунага чыкты. Марс тууралуу ар кандай кызык маалыматтарды айтты. Бирок, калыстар ага эң төмөн бааны беришти.

Эмнеге? Биринчиден калыстар: «Марста жашоо барлыгына» ишенсе гана жогорку баа беришмек. Тилекке каршы ал студент Марс тууралуу эң кызык малыматтарды айтканы менен, андагы жашоонун барлыгына калыстарды ынандыра албады. Ал сөзүн «Марста жашоо бар. Анткени, ал — кызыл» — деп бүтүрдү. Бул ынандыруубу? Анан трибунадан түшүп кетти.

Мен дароо аны кууп жеттим жана четке чакырып акыркы сөзүнүн маанисин сурадым. Ал: «Агай, топурак эмнеге кызыл болот билесизби?» — деп эч нерсе болбогондой кайра менден сурайт. «Топурак кычкылданса гана кызыл түскө келет. Кычкылдануу үчүн топуракка кычкылтек керек. А кычкылтек атмосфера бар жерде гана болот. Демек, Марстын топурагынын кызылдыгы – андагы атмосферанын, тагыраагы абанын болгондугуна жана аба болгон соң ал планетада жашоо болгондугуна далаалат кылат» — деп жооп берди. Мен оозумдун ачылып калганын да байкабаптырмын. «Эмнеге сен ушул аргументтерди трибунадан айткан жоксуң?» — деп сурадым, оозумду араң жыйып. «Эми агай, калыстар билимдүү го. Өздөрү деле билишет да» — деп камырабай жооп берди студентим.

Бул көпчүлүк ораторлор кетирген каталардын бири. Ар бир аргумент кенен чечмеленип түшүндүрүүлүүсү зарыл. Анткени, сен билгенди баары биле бербейт жана баары эле сен түшүнгөндөй түшүнө бербейт.

Ар бир аргументке колдоо зарыл. Колдоо – бул аны чечмелөө. Колдоонун көлөмү жана кенендиги аудиториянын коюлган маселеден алыстыгынан же маалымдуулугунан көз каранды. Бул илимде «теориялык аргументация» делет жана чоң чебердик менен ар бир аудиторияга ылайыкталып моделденет.

Андан ары, ар бир аргумент мисалдар менен да коштолуусу зарыл. Мисалдар – бул конкреттүү факттар. Мисалдарды эмпирикалык далилдер десе да болот.

Эми жогорудагы студенттин трибунадан түшкөндөн кийинки, мага айтып берген аргументин ораторлук чебердик тартибине  салып, анын «Марстагы жашоонун барлыгын» далилдеген аргументтин колдоо базасын, чечмелегенин талдап көрөлү:

Тезис — «Марста жашоо бар»

Аргумент — «Анткени анын топурагы кызыл»

Колдоо же чечмелөө — «Топурак кычкылдануудан гана кызарат. Кычкылдануу кычкылтектин таасиринде гана жүрөт. Кычкылтек болгон жерде атмосфера болот жана ал суу менен кошулган учурда сөзсүз жашоого шарт түзүлөт».

Мисал — «Буга Жер шары мисал. Тагыраак айтканда, Жер шарындагы жашоо мына ушундай шартта гана – аба менен суунун кошулмасынан пайда болгону анык».

Бирок, ушуну менен эле айтылган тезис акыйкат катары кабыл алынып калбайт. Анткени, буга эмоционалдык образ да зарыл, бул мисалда эмоцияналдык образ жетишсиз болуп калды.

Адамдын мээси эки жарым шардан тураары жана анын сол жагы рационалдык маалыматты, ал эми оң жагы ал маалыматтын эмоционалдык табиятын кабыл алууга каралганы маалым. Жогорудагы тартип менен келе жаткан маалыматтын баары рационалдык жана ал мээнин сол жагы менен кабыл алынып, толук кандуу чечим алуу үчүн эмоцияга муктаж.

Демек, сунуш кылынган тезис ынанымдуу болуусу үчүн кабылдоочуга аргументтин образын же сүрөтүн тартып берүү да өтө зарыл. Анүчүн албетте аргументтин өзүндөбү, колдоодобу же мисалдадабы деталдарга көп маани берүү керек. Бул тууралуу Дейл Карнеги: «Оң кабагында ак тагы бар дөбөттү — ит деп тим болбогула» — деген.

Айтмакчы, адамдагы эмоцияны позитивге караганда негатив тезирээк пайда кылат жана коюлган маселеге да узагыраак кадай алат.

 

 

 

286 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *