3.АРГУМЕНТТЕР СЫЗЫГЫ



Мен кайсыдыр бир сабагымда дебат өткөрдүм жана катышуучуларды үч тарапка бөлдүм.  Эки тарап: «Айылда жашоо оңой же кыйын» деген теманы талашат, ал эми үчүнчү тарап калыстык кылат. Тараптардын даярдануусуна 7, көз карашын далилдөө үчүн 3 эле мүнөт берилди. Ошентип, даярдануу убактысы бүтүп, алгач «Айылдагы жашоонун оңойлугун» далилдеген тараптын өкүлү өз аргументтерин айтып бүттү. Соң ага каршы тараптын өкүлү чыгып сүйлөдү.

Эки тарап тең сөздөрүн бүткөн соң мен калыстар тобунан кайсы тарап канча аргумент келтиргенин сурадым. Калыстардын ар бири ар кайсы сандарды айтып жатышты. Бирөөсү «оңой» деген тарап 5 аргумент айтты десе, башкасы 7 аргумент дешип, бир чечимге келише алган жок. Каршы тарап менен да ошондой эле болду. Бир сөз менен, тараптардын аргументтерин атайы дайындалган калыстар эстеп кала албаса, кокустан угуп калган угуучу ага маани бере бербейт.

А мунун себеби тараптардын аргументтеринин анык структурасы — аргументтик сызыгы иштелип чыкпагандыктан, канчалык күчтүү болбосун, ал аргументтерди эч ким эстемек түгүл, анчейин түшүнгөн да жок. Демек, аргументтер ынандыра албайт. Ошондон сөздүн ынанымдуулугу үчүн оболу аргументтер сызыгын аныктап, анын тартибин так жана таасын түзүп алуу зарыл.

Аргементтер сызыгы – тезистин (гипотезанын же далилдене турган абалдын) ынанымдуулугун күчөтүүчү аргументтердин тартиби жана бул сызыктагы ар бир аргумент чечмеленип, мисалдар менен бекемделип, сөзсүз деталдар менен толукталуусу зарыл. Ар бир аргумент, анын чечмеси, мисалы жана деталы менен тизилген турум — аргументтик блок деп эсептелет. Аргументтик блоктор угуучуларды тажатпагандай санда түзүлгқнү оң. Адатта, 60 мүнөттүк сөз — 3-5 аргументтик блоктон турат.

Ар бир аргументтик блоктун ортосу атайын паузалар менен бөлүнөт т.а. демаркацияланат жана шарттуу аталыштар менен белгиленет. Адатта, көпчүлүк ораторлор аларды катардагы номурлар менен эле белгилешет.

Ар бир блок ошол эле учурда эмоционалдык, рационалдык же эмоцио-рационалдык таасирге багытталуусу зарыл. Дассыкан ораторлор адатта аларды кезеги менен тартиптешет. Б.а. биринчи блокту рационалдык, экинчисин эмоцио-рационалдык жана үчүнчүсүн эмоционалдык таасирге багытталган аргументтик блоктордон тизишет.

Ар бир блоктун аягында кыскача корутунду берилет жана бул корутундуга тезисти же аргументтин өзүн да кайталап иштетсе болот.

Ошол эле учурда аргументтик сызыкка өтөөрдөн мурда, оболу коюлган маселенин актуалдуулугун түшүндүрүү зарыл. Муну «Кириш сөз» деп да атаса болот. Андан соң айтыла турган же далилдене турган тезис тууралуу маалымат берилет. Кээде аргументтик сызыкты алдын ала анонстогондор да болот. Соң гана аргументтик блокторго кезек берилет. Анан аягында сөзсүз эстеп калуу зарыл болгон моменттерди камтыган жалпы «Корутунду» менен жыйынтыктаган туура болот.

Ар бир аргументтик блок сөзсүз кайсыдыр баалуулукка таасир берүүгө багытталуусу зарыл. Демек, оболу угуучулар үчүн маанилүү болгон баалуулуктар аныкталат, анан гана ал баалуулуктарга жараша тезистер, аргументтик блоктор түзүлөт. Ар бир аргументтик блок кайсыдыр баалуулукка таасир бериши керек. Ошондуктан блоктордогу аргументтер бир эле баалуулукка кайталанып таасир бере бергени да туура эмес. Албетте ар бир блок жогоруда айтылгандай эмоцио-рационалдык таасирди да унутпоосу зарыл. Муну ынандыруу философиясы десе болот.

 

 

 

66 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *