АЙЗАДА



«Итар» кайрымдуулук фондунун жигиттери менен бир канча убакыттан бери чогуу иштеп келебиз. Ар жума сайын жигиттер бизге кыйналган үй-бүлөөлөрдүн тизмесин, алардын абалдары тууралуу маалымат беришет, анан биз алардын акыбалынан кабар алып, чыныгы абалы тууралуу жеринен билүү үчүн жолго өзүбүз аттанабыз.

Бу сапар да Султан агай, мен, «Итардын» Улук жана Мансур аттуу кызматкер жигиттери менен бир үй-бүлөөдөн кабар алганы жолго аттандык. Биз барчу жер деле шаарга киргени менен, шарттары али айылга да жете элек жаңы конуштардын биринде экен. Ага айланып отуруп жеткенче Кара-Балтага барып калса болчудай.

Иши кылып жеттик, үй ээси өзү тосуп алды. Суйкайган, сымбаттуу, чыныгы кыргыз жүзү албууттанган ак чырай келин экен. Салам айтып, алик алып дегендей, анан атын дагы бир ирет сурадым.

— Айзада – деди.

— Айзада, жашың канчада, чиркин?

— Отуз экиде, агай

— Ай, сендей солкулдаган кырчын жашта кантип күйөө балдардан жашынып жүрөсүң, карындашым? – дедим тамашалап.

— Агай, аларды издегени убакыт жок. Алар өздөрү деле мага убактысы жок окшойт –деп жооп берет, ал да тамашалап.

— Үйгө кириңиздер.

— Жок, ушерден эле кайталы, дагы бара турган жерлер көп –дедим.

— Агай кирип нан ооз тийип кетиңиздер, кошуналарга да мактанайын Мыктыбек агай өзү меникинде чай ичти деп. Күндө эле сиздей киши келе бербейт го — деп болбой баарыбызды үйүнө алып кирди.

Үйүн жолдошунун көзү тирүүсүндө салган экен. Кадимки эле жаңы конуштагы кыргыздын «времянкасы». Эки бөлмөдөн турат. Бирок, өтө таза жана тыкан. Адатта, кыйналган аялдардын турмушу жүдөгөнү дароо байкалат. Айзаданын тыңдыгы ушу тирилигинен байкалды. Үйүнүн ичи да сарамжал.

Кирсек, сегиз жаштагы уулу Темирлан телевизор көрүп отуруптур. Ыргып туруп саламдашты. Аны менен да сүйлөштүк.

— Апаңа чоңойгондо эмне алып бересиң уулум? – дедим.

— Апама баарын, айтканын алып берем – дейт. Жөн эле эмес, өтө ишенимдүү айтты.

Сөзү жаттагандай да эмес. Энесинин эмгегин, кыйналганын баамдаган уул экени билинип турат. Темирландын чоң агасы азыр мектепте экен. Ал да дилгир окшойт, апасы айтып отурду.

Үйдүн ичи суук экен. Меши жок. Туруп кадамдап өлчөдүм. Баш аягы жыйырма беш чарчы метр келет. Тааныштарга чалып отуруп, бир адамдан дароо бир сонун меш табылды. Ал мешин бекер бермей болду. Анан Аскар деген колунан көөрү төгүлгөн темир уста иним бар эле, ага – Аскар үкөм, ушундай бир бүлөө бар экен, үшүп жатышыптыр – деп иштин жайын айтсам – Болду аке, эч камсанабаңыз, материалдарын камдаңыз, мен бир эле күндө бүтүрүп берем – деди.

Айзаданын сүйүнгөнүн айтпа. Чайга уруксат бербедик, бирок нанынан ооз тийдик.

— Бу нан сонун го – деп жиберди жанымдагылардан бирөө.

— Ооба менин балдарым магазин наны жешпейт, өзүм жабам – дейт кадимки таластын казанга бышкан томпойгон наны.

Кайра сыртка чыктык. Көмүрү да жок экен. Отуну да. Аны айтканды унутуп да калды окшойт, өзүбүз сурадык. А чынында бул келин бир нерсе сураган деле жок, анын абалын өзүбүз эле элден угуп барганбыз.

— Дагы эмне кемчилигиң бар, айта бер

— Баары эле бар агай, кудайга шүгүр – дейт. Башка болсо баарын айтмак.

Ошентип, Айзада буюрса, ушу жумада мештүү болуп, уулдары менен жылуу тамда отуруп калат – деп жылуу кыял менен кайттык.

Айтмакчы, унута жаздаптырмын. Мешке керектүү материалдарга жыйырма миң сом, көмүр отунуна дагы он беш миң сом керек.

Бейиштен үмүтү бар байларга  жарыя! Колуңарды капчыгыңарга салып көргүлөчү. Жараткан силерге берген байлыктан ушул жетимдердин үлүшүн таап бере аласыңарбы? Ишенип коюңуздар, байлыгыңар азыркыдан артса артат, бирок кемибейт. Муну Аллах Өзү убада кылган.

Эгер, акчасы анчейин болбосо да, акыреттен үмүтү барлар. Коомдогу жетим жесирлердин акысынан корккондор болсо да – алар да колдорун сунушса бул бүлөөнүн жылмаюсу – Кыяматта далил болмок.

Иши кылып Бейиштин эшиктери дайым ачык, киргиле туугандар!

 

 

907 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *