БАРДЫК БАЛЭЭ ТАМАКТАН, ЭГЕР…



Мени көптөн бери туура тамактануу маселелери оңой эмес түйшүккө салып келет. Анткени, азыркы азыктардын адалдыгын кой, сапатынын начардыгы аз келгенсип, көпчүлүк туура тамактанганды да билбейт окшойт. Антпесе, Бейиштин төрүндөй болгон жерде жүрөк-кан тамырлар ооруулары биринчиликке чыгып, жаңы төрөлгөн наристенин мээсинде басымы болобу? Бизде аллергиянын түрү бар. Грыжасы жоктун өзү жок. Басып жүргөндүн баарынын кан басымы жогору. Иммунитет түшүп бүттү, жөн эле тумоону да айлап көтөрүп калдык. Эркектин бел кубатынын начардыгы, аялдын төрөй албаганы тууралуу айткандын оозу жаман. Иши кылып оорубаган адам жок.

Мунун баары эмнеден? Эң оболу – арам тамактан, бул талашсыз. Бирок адал менен азыктангандын деле көбү оорукчан. Себеби, адалды деле туура эмес өлчөмдө, туура эмес убакытта жеген адам да дарттан качып кутула албайт тура. Ошондон улам, тамактын адалдыгын аңдап, аны таап, анан өлчөмүн жана убактын туура уюштуруп азыктануу өтө олуттуу маселеге айланды.

Мен акыркы убакытта адамдын денесинин физиологиясын, анатомиясын изилдеп отуруп, өзүмдү кайрадан ачтым. Өзүмө болгон мамилем такыр өзгөрдү. Кадырымды биле баштадым. Кыргызда айтылгандай: «Мени куурай эмес Кудай жаратканына», жөн гана эмес, өтө сонун жаратканына кайыл калам, Анын чебердигине мээм тан берет. Ал ар бир адамды гана энесинин жатынында жаратып калбастан, анын ырыскысын да персоналдык түрдө Жаратуучу. Бул адам баласынын ааламдагы урматы жана татыктуулугу. Демек, ал ага ылайык жашоосу зарыл.

Бишкектеги туура тамактануу клубунун өтүнүчү боюнча, азыр мен бир катар семинарларды даярдоо менен алекмин. Алгачкы семинарда адамдын керемет жаратылган денеси, ага керектүү азыктар, алардын булактары, туура тамактануу негиздери тууралуу кеп болуп, аны уюштуруу боюнча керектүү кеңештер берилет жана кээ бир маселелерде чакан машыгуулар да өткөрүлөт.

Ошентип, 2018-жылдын 14-январында өзүңүз гана эмес, тааныштарыңызды да ээрчите келип, керектүү маалыматтарды алып кетиңиздер. Дареги кошумча кабарланат.

 

 

 

 

2,174 просмотров всего, 2 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *