СУУ



Суу — жер жүзүндөгү бүт тирүү жандыктардын жашосун камсыздоого катышкан зат. Ошондой эле адамдын денесиндеги негизги химиялык реакциялар да сөзсүз суунун катышуусу менен жүрөт.

Организмге керек болгон бүт заттарды жеткирүүчү каражат болгон кандын курамынын 92% , мээнин – 85%, теринин – 80%  суудан турат.

Суу маалым болгондой кычкылтектин 1, суутектин 2 атомунан турат. Табиятта таза сууну жолуктуруу такыр мүмкүн эмес. Ал адатта организмдин толук кандуу иштөөсүнө өбөлгө түзгөн ар түрдүү химиялык элементтер менен кошо жүрөт.  

Суу адамдын курагына жараша, анын салмагынын 50- 75% чейин түзөт. Ошондуктан адамдын ден соолугу анын денесиндеги суунун сапаты жана көлөмүнөн түз көз каранды. Анткени, адамдын денесинде суудан көз каранды болбогон бир да органы жок. Суу денеге кирген азыктардын жана минералдык заттардын дээрлик баарын эритүүчү негизги зат болуп эсептелет.

Суу ысыкта жана суукта дененин терморегуляциясын, суставдардын, ткандардын жана органдардын майлануусун жана дененин булчуңдарынн нормалдуу иштешин камсыз кылат.

Суу ошндой эле денедеги майлардын эришинде жана келбетти кармап турууда зор иш аткарат.

Суу денеге ичимдик жана тамак аркылуу кирет. Бир караганда кургак көрүнгөн азыктар да бери дегенде 50-60% суудан турат. Мисалы нан – 50%, балык – 70%, ал эми мөмө- жемиштердин 90% суудан турат.

Ошого карабай, адам суткасына жок дегенде 1,5-2 литр суу ичиши керек. Андан тышкары ар бир адамдын денесине керек болгон суунун так өлчөмүнө учурдагы аба-ырайы, жеген тамагынын мүнөзү, физикалык кыймылынын сапаты жана анын курагы чоң таасир берет.

Арыктоо — суунун көлөмүн кескин көбөйтүүнү талап кылат. Анткени, дене өзүндөгү токсиндерди чыгаруу үчүн өтө чоң өлчөмдөгү сууну сарптайт. Токсиндерден суунун жардамында арылууда денедеги зат алмашуу оңолот. Тырыштарды жоготот жана курактын жаштыгын узартат. Ал эми арыктоодогу суунун жетишпегени тетирисинче организмге терс таасирин тийгизүүсү ыктымал. Тез чарчоо — дененин сууга зарыгып, кургап баратканынын белгилеринин бири болуп эсептелет.

Адатта адамдар кээде чаңкоо менен ачкалыкты алмаштырып да алышат жана ашыкча тамактанууга кирип кетишет. Мунун алдын алуу үчүн курсак ачканда ысык суу ичуу сунуш кылынат. Ичилген суу иштекти бууйт жана денеге керек болгон сууну жеткирет.

Денедеги суунун деңгээлин туура сактоо үчүн адамдын суу ичүү режимин тартиптөө зарыл. Бул тартип ар бир адам үчүн, анын иш жана күнүмдүк жашоо тартибине ылайык өз алдынча түзүлөт.

Ошого карабай, жалпысынан күнүнө ар бир адамга каралган 1.5-2 литр суунун көлөмүн көзөмөлдөө үчүн таң эртелеп ише идишке белгиленген көлөмдөгү сууну куюуп, аны күн бою ууртап ичип жүрүгө үйрөнүү керек. Физикалык жумуштарда, машыгууларда бул көлөмдү көбөйтүү зарыл. Ошондой эле суу дененин термоабалына да чоң таасир бергендиктен аны суукта жана ысыкта көбөйтүү керек.

Тамакка витаминдер, белоктор же минералдар кошулса да суунун көлөмүн көбөйтүү керек. Анткени, ал заттарды организмде эритүү үчүн көп суу талап кылынат.

Суу тамактан 30 мүнөт мурда же тамактан 1 сааттан соң ичилгени туура. Мында  суу тамактын сиңимине тоскоолдук кылбайт.

Бир ичкенде сууну шыр ичип салуу да туура эмес. Анткени, организм күтүлгөн сууну сиңиргени үлгүрбөй калат.

Андан сыркары, суу керектүү заттарды камтыган жана зыяндуу элементтерден өтө жогорку сапатта тазалануусу зарыл.

Адаттагы, кабат үйлөрдүн чөргөктөрдөн чыккан сууну таза деш кыйын. Анткени, алардын курамынан көбүнесе түтүктөрдүн микроэлементтерин же башка зыяндуу заттардын да кошулуп жүргөнүн тапса болот.

 

 

 

 

 

5,553 просмотров всего, 2 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *