ӨЗҮҢДҮ ТААНЫП-БИЛҮҮ ДА ЗОР ТҮЙШҮК



Адам кайсыдыр ишке кол ураарда өзүн, колунда барын, мүмкүнчүлүктөрүн эске алганы – аны иштин көзүн билген адамга айландырат. Тилекке каршы, баары эле иштин алдында өзүнө сарасеп сала бербейт. Натыйжада ал чарчап, же тажаган, шымаланып баштаган иши аргасыздан бүтпөгөн түйшүктөрдүн тизмесине кошулат.

Чечендик өнөргө да бел байлаган адам алгач, өзүнүн жөндөмүн тыкан изилдөөдөн өткөрүүсү зарыл. Тагыраагы аны эл кандай кабылдаарын билүү эң олуттуу маселе. Антпесе, өзүн «кыйратып» сүйлөгөндөй сезгени менен, анын сөзү укканды ишендире албай, жеңил бааланып, аракет эмес, элде катардагы пикирди да жарата албайт.

Болочок чечен алгач видео камерага өзү тууралуу же жөн гана эркин темада 30 секунддун тегерегинде кеп курат. Бөлмөдө жарык адаттагый, аккустика да угуу талаптарына жооп берет. Бирок, видео камера сүйлөөчүнүн сөзүн гана эмес, анын келбетин, дене тилинин, жаңсоолорунун, көз карашынын,… койчу, бир караганда баамдалбаган ар бир кыймылын талдаганга жардам берет.

Чындыгында адам, сөздөрү менен берген маалыматтын 20 гана пайызы угуучунун аң-сезими аркылуу, ал эми калган 80 пайызы анын аң-сезиминин түпкүрү (подсознаниеси) менен  кабылданат. Тагыраагы сөз менен берилген маалыматты сүйлөөчүнүн кол жаңсоолору, үнүнүн тону, дикциясы, интонациясы, турпаты, көз карашы, кийими, жада калса жыты менен да тастыктайт же төгүнгө чыгарат. Демек, денесин сүйлөтө албаган адам, эң күчтүү акыйкатты да – чын ыкластуу адамга жеткире албай айласы кетет. Ошондон улам, болочок оратордун ынанымдуулук жөндөмдөрү оболу үч негизги талдоодон өткөрүлөт.

Сөзгө чыккандардын кээ бирлери сүйлөөдөн качса, башкалары кекетип кирет. Ошол эле учурда аудиторияны заматта өзүнө тартып, ар биз сөзү угуучунун жүрөгүнөн орун тапкандары да бар. Булар эл менен кызматташканды билгендер. Сүйлөгөн адамдын аудитория менен байланыша билүү деңгээли коммуникативдик анализдин негизинде аныкталат.

Сөзгө чыккандар кебинин маанисине карабай, аудиторияда өзү тууралуу ар кандай ой жаратат. Тагыраагы, ал кең пейилби, акылдуубу, эрктүүбү же жөн эле «сылаң корозбу», анын  кабыл алынчу образын инсандык анализ тактайт.

Ошондой эле үчүнчү анализ сүйлөөчүнүн психологиялык курагын көрсөтөт. Анткени, адам физикалык (паспорттогу) курагы орто болгонуна карабай өспүрүмдөй «калжактап» сүйлөөсү мүмкүн. Же ошол эле өспүрүм курагындагы сүйлөөчүдөн аксакалдын  оор басырыктуулугу байкалышы ыктымал. Муну аныктоо да өтө олуттуу түйшүк.

Ошентип, өзүнүн коом алдында сүйлөө даражасын аныктаган соң, келечектеги оратор жогорудагы анализдердин негизинде аудитория кынтыксыз кабыл ала турган бейнеге жеткирүүчү көнүгүүлөрдү аткарууга киришет.

 

 

 

1,766 просмотров всего, 2 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *