ШИЛЕКЕЙДИН КАСИЕТТЕРИ



Илгертен элде бала ээрчиткендер колунда бар же ырыскысы кенендерге жолукса: «Кел, менин мыногу жаманымдын оозуна түкүрүп койчу, сендей ырыс-кешиктүү болуп жүрсүн!» — дегендерин кулак чалып чоңойдук. Албетте, ырыскы бирөөнүн түкүрүгү менен болбойт, бирок бул сөз куру жерден чыкпаса керек. Кандай  мааниде айтылганына карабай, шилекейдин акыйкатын изилдесе, андагы байкалбаган зор касиеттер табылат.

Хайбар согушунда пайгамбарыбыз салаллаху алейхи ва саллам сахабаларын жыйып: «Эртең Аллах бул желегин Аллахты жана Анын пайгамбарын сүйгөн жана Аллах жана Анын пайгамбары да  аны сүйгөн пендесине берет», — дейт колундагы тууну көрсөтүп. Аллах жолундагы согушта пайгамбардын желегин көтөрүү ар бир сахабага баа жеткис даража болгон жана алар: «Бул бактылуу пенде ким болду экен?» — деп таң атырышат.

Таңкы намаздан бүткөн соң  пайгамбарыбыз салаллаху алейхи ва саллам: «Али ибн Абу Толиб кайда?» — деп сурайт. «Ал көзү чылпактап, чатырында жатат» — деп жооп берет билген бирөө. Пайгамбарыбыз аны чакырып келүүлөрүн өтүнөт. Көп өтпөй жетип келген Алиден пайгамбарыбыз ал абалын сурап, соң бармагын шилекейлеп, анын чылпактаган көзүнө сүртүп койот. Анан ага убада кылган туусун берет. Алинин көзү дароо айыгат.

Пайгамбарыбыздын мубарек шилекейи  тууралуу бир катар хадистерде дагы айтылган жана анын кереметтүү касиеттеринде шек жок. Бирок, ошол эле учурда пайгамбарыбыз Аллахтын адамдардан тандап алган Элчиси болгонуна карабай, анын денеси, кан, булчуң, дем алуу, тамактануу жана аны сиңирүүсү башка адамдардан айырмаланган эмес. Т.а. ал периште же башка табияттагы макулук болгон эмес, демек, анын шилекейи да кадимки адамдын шилекейи. Анда эмнеге биздин шилекейибиздин пайгамбарыбыздын шилекейиндей касиети жок? Жооп бирөө гана – биздин тамактануубуз туура эмес жана тамак сиңирүүбүз  бузулган.

Шилекей (лат. saliva) – ээк астындагы, кулак артындагы жана тил түбүндөгү үч негизги жана ооз ичиндеги көптөгөн майда шилекей бездери бөлүп чыгарган суюк, түссүз, биологиялык чөйрө. Ооз ичинде ар кайсы шилекей бездеринен бөлүнүп чыккан шилекейлер ооздун өзүнө таандык микроорганизмдер менен аралашып,  ооз суюктугун пайда кылат жана ал сүйлөө, даам татуу, чайналган тамакты сиңирүү үчүн оозду нымдап турууга иштейт.

Андан тышкары шилекей суюктугу бактерициддер менен ооз ичин таза кармап, тиштердин бекемдигин жана тиштердин бекемдигине, кариеске туруштуулугуна кислоталар жана щелочтордун таасирин токтотуу менен да камсыздайт. Бул касиет углеводдорду көпкө жегенде басаңдап, ал эми белокторду кабылдоо менен  жогорулайт. Андан тышкары шилекейлердеги ферменттер тамактын сиңүүсүн ооздон эле баштайт.

Шилекейдин 98,5% суудан жана ар түрдүү кислоталардын туздарынан, микро элементтерден, кээ бир щелочь металлдарынын катиондорунан, тамакты жууруган муцинден, лизоцин бактерицид агентинен, углеводдорду олиго-моносахаридке чейин майдалаган амилаза жана мальтазадан, ж.б. ферменттерден жана витаминдерден турат. Анын курамы ошондой эле тамактын түрүнө жараша өзгөрүлмө мүнөзгө ээ.

 

ЗАТТАР   ӨЛЧӨМҮ
Суу  994 г/л
Белоктор  1,4—6,4 г/л
Муцин  0,9—6,0 г/л
Холестерин  0,02—0,50 г/л
Сийдик  140—750 ммоль/л
Гидрокарбонаддар  2—13 ммоль/л
Глюкоза    0,1—0,3 г/л
Кальций туздары  1,2—2,7 ммоль/л
Магний туздары  0,1—0,5 ммоль/л
Хлориддер  5—31 ммоль/л
Калий туздары  14—41 ммоль/л
Натрий туздары  6—23 ммоль/л
Сийдик кислотасы  0,005—0,030 г/л
Аммоний  0,01—0,12 г/л

Адамдын шилекей бездери вегетативдик нерв системасынын көзөмөлүндө суткасына 1-2,5 литрге чейин шилекей бөлүп чыгарат жана шилекей бөлүп чыгарууну көзөмөлдөө борбору сүйрү мээге жайгашкан. Шилекей стрессте, чочуганда, корккондо, дене суусуз калганда азаят жана уйку же наркоз абалында анын бөлүнүүсү такыр токтойт. Тетирисинче жыт, даам аркылуу жана тамак чайноодо  анын бөлүнүүсү күчөйт.

Тарыхтан илгерки Кытайдын сот жана жазалоо системасында шилекей калп детектору катары  иштетилгени маалым. Т.а. кылмышкердин оозуна күрүч салып, анан суракка алышкан жана сурак бүткөндө ооздогу күрүчтүн шилекейленгенине жараша анын чын же жалган сүйлөгөнү аныкталган. Демек, шилекейди адамдын денесинин, психо — эмоционалдык абалынын негизги көрсөткүчү десе болот.

Ошол эле учурда туура уюган шилекей дененин дарыгери да боло алат. Анүчүн адам өз денесине кыянаттык кылбай жашоосу зарыл. Т.а. адал тамак таап, туура тартип жана өлчөм менен жашоо зарыл болот. Бул дин менен гана ишке аша турган абал.

 

 

 

 

96 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *