30. ЖАКШЫЛЫКА УМТУЛ, ЖАМАНДЫКТАН КАЧ.



Ар бир кубулуштун, көрүнүштүн, мамиленин эки – жакшы жана жаман тарабы болот. Адам жакшы деп – пайдалууну, ал эми зыянды – жаман деп эсептейт. Балким ошондон улам, жакшы жана пайдалуу иш кылган – жакшы, ал эми жамандык кылып, зыян келтирген – жаман адам эсептелип калганы да ошондон болсо керек. Канткенде жакшы менен жаман пайда жана зыянына карап бөлүнөөрү анык.

Бирок адамдын пайда дегени, чынында зыян, а жаман дегени жакшы болуп чыгаар. Адам келечекти билбегендиктен булардын да натыйжасын аңдай албай, жакшы менен жамандын жана пайда менен зыяндын акыйкатын кайдан табат?

Адам пайда жана зыян тууралуу чыныгы маалыматты динден гана табат. Анткени, дин адамды, аны ырыскы менен камсыз кылган ааламды жараткан Аллахтын маалыматы жана адамга пайдалуу менен зыяндын аакыйкаты тууралуу чыныгы билим Анда гана.

«Пайда менен зыян тууралуу жашоо тажрыйбасына таянып деле аңдаса болот» дегендер да бар. Албетте, адамдын жашоо тажрыйбасын артка сүрүп изилдеп отурса, анын да түбү динге барып такалат. Бирок тажрыйбаны диний маалыматтан бөлүп кароодо бир катар жагдайларды эске алуу зарыл болот.

Биринчиден, тажрыйбанын натыйжалары анык болсо гана колдонууга жарактуу. Натыйжасы, күңүрт жана бүдөмүк тажрыйбалар күтүлбөгөн кесепеттерге дуушар кылуусу ыктымал. Экинчиден, натыйжасын эске албай жасалган тобокелди тажрыйбага таянуу менен алмаштырбоо керек. Анткени, бул адамга чоң кесепеттерди апкелиши мүмкүн.

Канткенде да, адам акыбети белгилүү аныктамаларга таянып жашаганы аны көп кесепеттерден сактайт. Ал ар бир иштин акыбети динде гана анык көрсөтүлгөнүн биз жогоруда айттык. Ошондуктан, дээрлик бүт Ислам окумуштуулары, мусулман коомунун алдыңкылары жана динди түшүнгөндөр жакшылык бул – Ислам, ал эми карңгылык бул – жамандык экенин айтышат.

Тилекке каршы, өзүн мусулман эсептегени менен али дининен маалымат алганды билбегендер, жакшылык менен жамандык, пайда менен зыян тууралуу түшүнүктөрдү башка диндерден, чет эл тажрыйбаларынан издешет. Бул өтө чоң көйгөй. Болгондо да колунда турган казынаны баалай албаган, өзүнүн татыктуулугун, дининин зоболосун тааныбаган караңгылык жана анын акыбетиндеги кемсинүү менен кордук.

Ошондон улам, бүгүн жаштар ар бир аракетин, иштерин жана демилелерин эң оболу өзүнүн дининен издегенди, анын жакшы дегенине умтулуп, жаман дегенинен качууну үйрөнүүлөрү зарыл. Андан соң алар өзүн курчаган чөйрөсүн да жамандан тосуп, жакшыга жетелеп жашоолору керек. Антпесе, караңгылыктын кесепети аны тоспогон, Аллахтын Нуруна умтулбаган ар бир адамга тиет. Натыйжада, кандай жакшы адам болбосун бул жашоосун жана акыретин да утулгандар менен чогуу кыйроого дуушар болуусу ыктымал.