29. ЭЛДИ СҮЙ



Баңги (наркоман) белгилүү бир убакта наркозатты денесине киризбесе, ооруйт жана анын ооруганын карап туруунун өзү да оор дешет. Эми баңгиге жакшылык эмне? Ал  кыйналып жатканда наркозатты берип коюбу же аны ооруганына карабай мажбурлап болсо да дарылообу?

Эки жашар бала токко зымды сайгысы келсе, ыйлаганына карабай ата-эне ага зымды карматып койбойт. Болбой эле ыйлай берсе, опузалайт, коркутат, анан көтөнүнө урумуш да болуп койот. Эмнеге? Себеби ата-эне баласын сүйөт жана анын келечегине күйөт. Элди сүйүү – анын каалоосун аткара берүү эмес. Ага жакпаса да пайдалууга жетелөө жана кесепеттен токтотуу.

Бүгүн жерлер сатылууда, байлык четке ташылып, мөңгүлөр эрип, суулар агууда, кыздар солкулдап, бала төрөй турган куракта, көк жал эрлер эл жүгүн көтөрчү мезгилде акча үчүн четте жүрөт. Мунун баары «экономиканы көтөрүү» идеологиясына, акчага барып такалат. Эл акчанын гана артынан түшүп, бүт маселенин жообун акчадан гана издеп калды. Эми мамлекет, коом алдынкылары элдин акча табуусуна гана шарт түзүп калганы – элди сүйгөнүбү? Ага кам көргөнүбү?

Менимче, элди сүйүү анын келечегине кам көрүү. Келечек бактылуу болууга тийиш. Бул улуу мүдөө жана ага жетүү улуу максат. Бактылуулук акча менен гана табылбайт. Ага жетүүнүн жолдору такыр башка.

Эң оболу ар бир адамдын акыл калчоосун көтөрүү, анын түшүнүктөрүн оңдоо менен коомдук парасат көтөрүлөт. Адал менен арам ажырабаса, коом арамды кечип адалга өтпөсө акыл, баам мокойт жана жакшы менен жамандын, пайда менен зыяндын, дос менен душмандын паркын билбей, эл акыйкатты аңдоодо адашат. Аз келгенсип, ден соолук начарлап, мурда көрбөгөн ооруулар каптайт.Тилекке каршы мунун баарын бүгүнкү турмушутан тапса болот.

Андан соң эл өзүнүн татыктуулугун балоосу жана аброюна доо кетирген көрүнүштөрдөн тыйылуу зарыл. Бул тарыхты тантый берүү менен эмес, алгылыктуу аракеттер менен ишке ашат. Анүчүн мамлекет тилемчиликти, орунсуз карызга батууну токтотуу керек. Ар жерде жатынына суук өткөрүп, көрүнгөн элди тейлеген кыздарыбызды кайра ата-төрүнө кайтаруу зарыл. Муну менен келечек насил пайда болот. Элдин саны көбөйсө мамлекет кубаттанат. Байлыкты, элдин мүлкүн урдоого катуу сокку берүү керек.

Мунун баары дин менен гана ишке ашат. Анткени, Ислам дини гана элдин ден-соолугуна кам көрөт, акылын, мал-мүлкүн, абройун, келечек насилин, байлыгын коргойт. Андан башка муну коргой турган, биздин элге ылайктуу бир да кубат жок.

Демек, элди сүйүү – ага кепилденген, ишке ашуусу анык бактылуу келечекти ыраа көрүү. Бул албетте, зор курмандыктарды, көз жаштарды жана эрдиктерди талап кылат.

Ошондуктан бүгүнкү жаштар динин толугу менен үйрөнүп, келечекте элинин акыл парасатын, аброюн, малы-мүлкүн, насилин коргой турган мыйзам ченемдүүлүктөрүн туура колдонууну өздөштүрүүсү жана бул жолдо боло турган тоскоолдуктарга туруштук берүүгө өзүн даярдоосу зарыл.