28. УКУГУҢДУ БИЛ



Укук сөзү Аллахтын аль-Хакк – Акыйкат (Акыйкаттын Акыйкатын Өзүнүн Сөзү аркылуу Акыйкаттоочу) деген мааниден келип чыккан жана затында кайсыдыр жаратылгандын башкадагы акысын белгилейт.

Укук жаратылгандарга эң оболу Жаратуучу тарабынан белгиленет жана анын сакталуусу милдеттер аркылуу камсыздалат. Мисалы, Жаратуучунун жараткандарында Өзү белгилеген акысы бар жана ал акыны өндүрүү Анын укугу болуп эсептелет. Ал эми аны берүү, өтөө же аткарылуусун камсыздоо жаратылгандардын милдети.

Ошондой эле адамдын да Жаратуучусу белгилеген Өзүнүн, коомунун жана өзүнүн алдындагы акылары бар. Ал акыларды өндүрүү адамдын укугу жана алардын аткарылуусу башкаларга милдет. Айтмакчы, милдеттердин адилеттүү аткарылуусун мамлекет камсыз кылат.

Мисалы, эрдин аялында бир катар акысы бар жана аларды талап кылуу эрдин укугу. Ал эми аял эринин акысын берүүгө эринин алдында эмес а эрдин акысын белгилеген Жаратуучунун алдында милдеттүү. Мамлекет ал милдеттердин аткарылуусун камсыздайт жана көзөмөлдөйт. Ошого карабай эринин акысын бербеген аял Аллахтын мыйзамын бузган кылмышкер катары Анын алдында күнөөкөр болот жана аны мамлекет Аллахтын мыйзамынын негизинде жазалайт.

Ошондой эле ата-эненин да уулунда бир катар акылары белгиленген жана уул аларды аткарууга Аллахтын алдында милдеттүү. Аткарбаса уул Аллахтын алдында күнөөкөр болот жана ата-эненин акысын берүүнү уулдан мамлекет талап кылат, аткартат, аткарбаса Аллахтын мыйзамы менен жазалайт.

Бирок, светтик б.а. динден оолак, жашоо мыйзамдарын адамдар өздөрү иштеп чыккан  мамлекеттик түзүлүштөрдө адамдын укугу коомдук келишимдин, конституциянын ж.б. мыйзам актыларынын негизинде мамлекет тарабынан бекитилип, анын сакталуусун да мамлекет өзү кепилдейт. Аллах алдындагы милдеттер светтик коомдо мамлекет алдындагы жоопкерчиликке айланат. Кээ бир мамлекеттерде милдеттерге караганда жарандардын укуктары көп белгиленген учурлар да кездешет. Канткенде да укук менен милдеттин тең салмактуулугун адилеттүү сактай алган динсиз мамлекет али жоктой.

Светтик мамлекетте жашаган мусулман коомунун абалы өзгөчө түшүнүүнү талап кылат. Тагыраак айтканда, мусулман Ислам ишенимине ылайык Жаратуучусунун алдындагы милдеттерин негизги деп эсептейт жана диний өкүмдөргө каршы келбеген гана мамлекеттик мыйзам талаптарын аткара алат. Ал эми мамлекеттик укук институттары мамлекеттик мыйзам актыларынын бардык учурда тең аткарылуусун талап кылат. Бул тирешүүдөн диний гана эмес светтик да экстремизмдин көрүнүштөрү байкалат. Бул кубулуш акыбетинде коомдук жана саясий туруктуулуктун сакталуусуна терс таасирин тийгизбей койбойт.

Ошондон улам, азыртан жаштар өзүнүн дини жана өзү жашаган светтик мамлекет белгилеген укуктарды, өзүнүн милдеттерин таасын ажыратканды билиши керек жана келечекте ал укуктардын коомдук турмушта жаңжалсыз орун табуусун камсыздоону азыртан үйрөнүүсү зарыл.