27. ТУУГАНЧЫЛЫККА БЕКЕМ БОЛ



Аллах ар бир жаратканын өз чөйрөсүнө жайгаштырган. Тагыраак айтканда ар бир зат өз чөйрөсүндө жашай турган болуп жатарылган. Адамдын чөйрөсү – анын үй-бүлөөсү. Ал эми үй-бүлөө туугандардын мекени. Анткени, туугандар бир бүлөөдөн тарайт. Алар улам алыстаган сайын туугандардын жаңы бутагы пайда болот. Ошондон улам алыс жана жакын туугандар делет.

Ошондой эле, тууганчылык бир катар байланыштар менен кармалат жана ал байланыштар тууганчылыктын алыстыгы же жакындыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Тагыраак айтканда жакын туугандардын ортосундагы байланыш алыс туугандар менен болгон алакадан кадыресе айырмасы бар.

Ата-эне, алардан тараган уул жана кыз бир туугандар, уулдан тараган небере жана чеберелер жакын тууган кирет. Жээн башка бүлөнүн баласы болуп эсептелгендиктен көпчүлүк маселеде жээндей эле аралыкта турат. Булардын ортосундагы байланыштар үзүлсө тууганчылыктын үзүрү жоголот жана адам жалгыз баш болуп, тамырынан үзүлгөн сөксөөлдөй жашап өтөт. Ошондуктан, Аллах тууганчылыкка бекем болууну буюрат.

Тууганчылык негизинен төрт байланыш менен кармалып турат. Эң алгачкысы – туугандар бири-бирине мураскор. Мисалы, ата-эне, ага-ини көз жумса, анын мүлкү ушул жакын туугандарга Куран жана Сүннөттө каралган тартипке ылайык мураска бөлүнөт. Мураскорлук тууганчылыкты бекем кармаган байланыш.

Андан соң туугандар бири-бирин кароого, колунда бары же баары ортодо колу жукасын каржылоого милдеттүү. Үйү жогуна там салып беришет, жесирин көчүрүп келип карашат. Карысы кароосуз калтырбайт. Жетимин башкага жетелетпейт. Тукум тентип, сөөк ажырап кетпесин деп кыргыздар жесирди кайни же кайнагасына никелеп берген учурлар көп кездешкен.

Андан тышкары туугандар жазада жана жарыйма-айыпта да бир. Кимдир бирөө кылмыш кылып ага айып жүктөлсө же «канга кан» делсе уруу чогулуп, аксакалдары «алдыга» түшкөн. Кунду бүт туугандар чогуу төлөшкөн. Ошондуктан туугандар ар бир уулду же кызды чогуу тарбиялаганы укуктуу. Кыргыздагы «Кызга кырк үйдөн тыюу» ушундан калган. Анткени, кыз начар чыкса бут туугандардын аброюна доо кеткен жана алардын калың элде жүзү жер караган.

Тилекке каршы советтердин бийлиги бул байланыштарды түп тамыры менен үзүп, тууганчылыктын алыс-жакыны билинбей, жакшылык-жамандыкта гана чогулуп турууга айланган. Ал эми базар экономикасында тууганчылык катардагы чарбачылыкка айланды.

Ошондон улам тууган тууганынын уул-кыздарынан кабарсыз. А алар эч кимден тартынбай билгенин кылчу болду. Карыган ата-энесин көчөгө чыгарып коюу, ажырашуу, балдарын тирүүлөй жетим калтыруу сымал мурда болуп көрбөгөн кылмыштар көбөйдү. Сурап алчуусу болбогон соң, зомбулук, адам өлтүрүү катардагы көрүнүшкө айланды. Ал эми мураскорлук тууралуу айтууга сөз жок.

Демек, азыр тууганчылыкты кайра тургузуу зарылдыгы келип чыкты. Албетте, бул байланыштар опол тоодой жоопкерчиликти талап кылат. Бирок адам бул чөйрөгө, туугандарына муктаж. Жаштар тууганчылыкты кайрадан тургузуусу зарыл.